Бразилиянын мурдагы президенти аскердик төңкөрүш аракети үчүн 27 жылга эркинен ажыратылды

Жаир Болсонару

Сүрөттүн булагы, EPA

Бразилиянын мурдагы президенти Жаир Болсонару 27 жылга эркинен ажыратылды. Өлкөнүн Жогорку соттун Судьялар коллегиясы Болсонару 2022-жылдагы шайлоодо утулгандан кийин аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылгандыгы үчүн күнөөлүү деп тапты.

Болсонарунун адвокаттары өкүмдү "абсурд" деп атап, аны бардык инстанцияларда, эл аралык сотто да жокко чыгарууга аракет кыларын жарыялады.

Жогорку Соттун беш судьясынын төртөө 70 жаштагы Болсонаруну 2022-жылдагы шайлоодо солчул атаандашы, өлкөнүн азыркы президенти Луис Инасио Лула да Силвадан утулуп калгандан кийин, бийлигин сактап калуу үчүн кутум уюштурган деген чечим чыгарды.

Төңкөрүш жасоо аракети аскерлердин жетиштүү колдоосуна ээ болбосо да, Болсонарунун тарапташтары 2023-жылдын 8-январында мамлекеттик имараттарды басып киргени сот чечиминде айтылды.

Соттордун бири Болсонаруну актап, дагы бир судья олку-солку болуп чечимди көпкө чойду. Бирок көпчүлүк экс-президентти күнөөлүү деп тапты.

Чечүүчү добуш судья Кармен Люсияныкы болду. Ал мурдагы президент беш айып боюнча тең күнөөлүү экенин айтты: мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган, куралдуу кылмыштуу уюмду жетектеген, демократиялык тартипти күч менен кулатууга аракет кылган жана 2023-жылдын 8-январында Бразилиядагы имараттарды басып алуу учурунда мүлккө зыян келтирген деген дагы эки айыпты атады.

"Бул Бразилиянын өткөнүн эске салган, азыркы абалын чагылдырган жана келечегине таасир эте турган кылмыш иши болуп калды", - деди судья Кармен Люсия мурдагы президентти айыптоо үчүн добуш берүү алдында.

Ал Болсонару демократияны жана мамлекеттик институттарды алсыратуу максатын көздөгөндүгү тууралу жетиштүү далилдер бар экенин кошумчалады.

Судья

Сүрөттүн булагы, Reuters

Учурда үй камагында отурган мурдагы президент ар дайым өзүнө коюлган айыптоолорду четке кагып келген. Анын жактоочулары жакын арада апелляциялык арыз берери күтүлүүдө.

Болсонару сот отурумуна катышкан жок. Жактоочусу аны Болсонарунун ден соолугу менен байланыштырды.

Бирок ошол эле бейшемби күнү эртең менен AFP агенттигинин журналисти мурдагы президентти Бразилиядагы үйүнүн бакчасынан көргөн.

Ал чындап эле 2018-жылы ичине бычак сайган кол салуудан кийин саламаттыгы начарлаган.

Болсонарунун тарапташтары ал шайлоодо солчул саясатчы Луис Инасио Лула да Силвадан утулгандан кийин мамлекеттик имараттарды басып кирип, тоногон.

Өз учурунда Болсонару АКШнын президенти Дональд Трампты ачык колдоп келген, Трамп болсо мурдагы президентке карата соттук териштирүүнү "адилетсиздик" деп атаган.

Трамп таңыркап да, нааразы болуп да жатат

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бейшемби күнү Трамп соттун өкүмүнө абдан таң калганын айтты.

"Бул сот процессине көз салып турдум. Ал жакшы адам жана Бразилия үчүн жакшы президент боло алды деп эсептейм. Мындай окуянын болуп кетиши абдан таң калыштуу", - деп жооп берди Трамп журналисттин Бразилияга каршы жаңы санкциялар киргизилеби деген суроосуна.

"Мен абдан нааразымын. Президент Болсонаруну билем, өтө жакындан эмес, бирок өлкөнүн лидери катары тааныйм. Мен аны ар дайым түз сүйлөгөн, өзгөчөлөнгөн, абдан көрүнүктүү адам деп эсептеп келем. Бул абдан начар иш болду. Абдан коркунучтуу. Бул Бразилия үчүн абдан жаман деп ойлойм", — деп кошумчалады Трамп.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Трамптан кийин Болсонаруга каршы сот процессин "жезкемпирге аңчылык" деп атап, Вашингтон жооп кайтарарын, бирок кандай чара көрөрүн так айткан жок.

"Адам укуктарын бузуу боюнча айыпталып, санкцияларга кабылган Алешандри ди Морайс тарабынан саясий куугунтук уланууда. Ал жана Бразилиянын Жогорку сотунун башка мүчөлөрү мурдагы президент Жаир Болсонаруну эркинен ажыратуу боюнча адилетсиз чечим чыгарышты",- деп жазды Рубио X социалдык тармагына.

"Америка Кошмо Штаттары бул "аңчылыкка" татыктуу жооп кайтарат",- деп кошумчалады ал.

Бразилиянын Тышкы иштер министрлиги буга жооп кылып, Рубио Бразилиянын өкмөтүнө чабуул жасап, ал фактыларды жана айыптоо материалдарындагы "ишенимдүү далилдерди" көрмөксөнгө салып жатканын билдирди.

Мекеме Бразилиянын демократиясына АКШ тараптан айтылган коркутуулар таасир этпей турганын кошумчалады.

Бразилиянын учурдагы президенти, солчул саясатчы Луис Инасиу Лула да Силва соттун чечимине чейин эле маек берип, Вашингтондун жаңы санкцияларынан коркпой турганын айткан.

Болсонарунун уулу, бразилиялык конгрессмен Эдуардо Болсонару Reuters агенттигине атасын айыптаган өкүмдөн кийин АКШ Бразилиянын айрым расмий адамдарына жана судьяларына кошумча санкция киргизет деп үмүттөнүп жатканын билдирди.

Ошондой эле ал Жогорку соттун мурдагы президентти күнөөлүү деп тапкан судьялары "Магнитский актысына" ылайык АКШнын санкцияларына кабылышы мүмкүн экенин эскертти.

Бул мыйзам Трамптын администрациясы тарабынан мурда эле иштин баштапкы этаптарында ага жетекчилик кылган судья Алешандри ди Морайска колдонулган болчу.