Путин Азербайжан учагынын кыйрашына орус ракетасы себеп болгонун айтты
Былтыр Азербайжандын жүргүнчүлөрдү ташыган учагынын кыйрашына Орусиянын катыштыгы болгонун биринчи жолу президент Владимир Путин мойнуна алды.
Окуя болгон учурда Орусиянын абадан коргонуу түзүмдөрү дрондорду аткылап жатканын Путин Тажикстанда Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен болгон жолугушууда билдирди.

"Экинчи себеп - Орусиянын абадан коргонуу системасындагы техникалык мүчүлүштүктөр болгон. Атылган эки ракета учакка түз барып тийген эмес. Эгер андай болгондо, учак ошол жерде кулап түшмөк. Бир болсо, ракетанын өзүн-өзү жок кылуу механизми иштеп кеткен, ал бир нече метр алыстыкта, 10 метрдей аралыкта жарылган. Ошентип зыян келтирилген, бирок зыян дүрмөттөн эмес, негизинен, ракеталардын сыныктарынан болгон," - деп билдирди Владимир Путин.
Орусиянын президенти мындан сырткары окуяны толук иликтөөгө жана кенемте төлөп берүүгө убада берди.
Буга чейин Баку учакты капысынан атып алган деп Москваны айыптап келген.
2024-жылдын декабрь айында Azerbaijan Airlines компаниясына таандык учак Бакудан Грозныйга баратып, Казакстанда кырсыкка учураган. Окуядан 38 адам каза болуп, 29у аман калган.
Ошол кырсыктан кийин эки өлкөнүн ортосундагы алака кескин начарлап кеткен.
Учак кырсыгынан кийин эки лидер биринчи жолу Тажикстанда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
"Интерфакс" кабарлагандай, ушул жылдын сентябрь айында Путин менен Алиев Кытайда өткөн ШКУ саммитинин алкагында "кыска убакытка кездешкен", бирок анда тараптар кенен баарлашкан эмес.
Расмий маалыматтар боюнча, Путин менен Алиев көптөн бери телефон аркылуу да сүйлөшүшкөн эмес. 7-октябрда Алиев орус лидерине телефон чалып, аны туулган күнү менен куттуктаган, ага чейин алар соңку ирет март айында телефондон сүйлөшүшкөн.

Экинчи жолу уюштурулган "Борбор Азия - Орусия" саммитине катышуу үчүн Тажикстанга иш сапары менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да барды. Анын алкагында ал Душанбе шаарында Эмомали Рахмон менен жолугушуу өткөргөнү маалым болду.













