Непалда социалдык тармактарга тыюу салууга каршы акцияда адамдардын өмүрү кыйылды

Непалда социалдык тармактарга тыюу салууга жана бийликтеги коррупцияга каршы чыккан демонстранттар менен өкмөттүн коопсуздук күчтөрүнүн кагылышынан кеминде 19 адам набыт болуп, ондогондор жаракат алды.
Дүйшөмбү күнү миңдеген адамдар Катмандудагы парламент имаратынын алдына чогулуп, Facebook, X жана YouTube сыяктуу платформаларды өлкөдө жабуу чечимине жана өкмөттүн ишине болгон жалпы нааразычылыгын билдиришти.
Непалдын байланыш министри Притхви Субба Би-Би-Сиге маалымдагандай, полиция таяктарды, резина окторду жана суу чачкычтарды колдонууга аргасыз болгон.
Өкмөт социалдык тармактар боюнча чечимин интернет мейкиндигин фейктерден, жек көрүүнү козутуудан жана онлайн алдамчылыктан коргоо зарылчылыгы менен байланыштырды.
Өткөн жумада бийлик каттоодон өтүү мөөнөтүн сактабаганы үчүн Непалдын Байланыш жана маалымат технологиялары министрлигинин чечими менен 26 социалдык платформаны жабууну буйруган.
Жума күндөн бери колдонуучулар социалдык платформаларга кирүүдө кыйынчылыктарга туш болууда. Бирок айрымдар VPN колдонуп жатат. Азырынча эки платформа министрликте каттоодон өткөндөн кийин кайра ачылды.
Интернетке жана социалдык медиага эркин кирүү Непалдын туризм индустриясы үчүн абдан маанилүү, бул өлкөнүн негизги киреше булагы.
Өткөн жылы эле альпинисттердин ар кандай чокуларга чыгуу үчүн төлөгөн каражаттары Непалга 5,9 миллион доллар киреше алып келген.
Непал өкмөтү социалдык тармактарга тыюу салбай турганын, бирок аны өлкөнүн мыйзамдарына ылайык келтирүүгө аракет кылып жатканын билдирди.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Непалда миллиондогон адамдар социалдык тармактарды колдонушат, алардын ичинен эң популярдуусу — Instagram. Колдонуучулардын айтымында, соцтармактар аларга жөн гана көңүл ачуу же жаңылык алуу үчүн эмес, бизнес жүргүзүү үчүн да керек.
Демонстранттар "Жетишет!", "Коррупцияны токтот!" деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.
Акциянын катышуучуларынын көбү бийликтин авторитардык ыкмаларына каршы экенин айтышты. Алардын сөзүнө караганда, өкмөт коррупцияга малынып, өлкөдөгү экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө берген убадасын аткарбай келет.
Демонстрацияга чыккандардын бири Сабана Будатоки Би-Би-Сиге социалдык тармактарга тыюу салуу коомдо ири нааразылык акциясынын тутанышына түрткү болгонун, бирок бул жалгыз себеп эмес экенин айтты.
"Менимче, башкы маселе - социалдык тармактарга тыюу эмес, коррупцияда. Биз өлкөбүздү кайра өзүбүзгө кайтарып алгыбыз келет. Бул жерге коррупцияны токтотуу үчүн келдик",- деди ал.
Нааразылык акциясынын дагы бир катышуучусу социалдык тармактарга тыюу салуу "алардын үнүн басуу" үчүн жасалган аракет экенин, андыктан алар бул жерге мыйзамсыздыкты жок кылууга каршы чогулганын, өзгөрүү болгонго чейин күрөшүн уланта берерин айтты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Маалыматка караганда, демонстрация алгач тынч өтүп, адамдар талаптарын кыйкырып гана турушкан. Бирок кийинчерээк ызы-чуу башталып кеткен.
Айрымдары парламент имаратынын тосмосуна чыгып, ичине кирүүгө аракет кылышса, кээ бирлери колдоруна түтүн чыгаруучу каражаттарды көтөрүп алган.
AFP агенттигине комментарий берген Катманду полициясынын өкүлү Шекхар Ханалдын айтымында, акцияга чыккандар тыюу салынган аймакка кирип кеткенден кийин гана полиция активдүү аракетке өткөн.
Анын сөзүнө караганда, демонстранттарга көздөн жаш агызуучу газ жана суу чачкычтар колдонулган. Ал ошондой эле борбордо 17 адамдын каза болгонун маалымдады. Мындан тышкары, өлкөнүн чыгышындагы Итахари шаарында коменданттык саат киргизилгенден кийин дагы эки адам каза тапканын жергиликтүү полиция билдирди.
Көптөгөн жарадарлар кабыл алынган Катманду ооруканаларынын биринин кызматкери Ранжана Непалдын айтымында, көздөн жаш агызуучу газ оорукананын имаратына да кирип, дарыгерлердин иштешин абдан кыйындаткан.
"Мен өмүрүмдө ооруканада мындай кооптуу абалды көргөн эмесмин", — деди ал AFPге.
Катманду райондук башкармалыгынын өкүлү борбордун айрым райондорунда, айрыкча парламент имаратынын жанында коменданттык саат киргизилгенин кабарлады.
Непал армиясынын өкүлү Ражарам Баснет Би-Би-Сиге билдиргендей, коменданттык саат киргизилген соң көчөлөргө чакан аскер бөлүктөрү чыгарылган.












