Түркияда учак кырсыгынан Ливия армиясынын башкы штабынын башчысы каза болду

Мухаммед аль-Хаддад, архивдик сүрөт

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мухаммед аль-Хаддад, архивдик сүрөт

Түркияда шейшемби күнү кечинде Анкарадан учуп чыккандан көп өтпөй, бортунда Ливия армиясынын башкы штабынын башчысы Мухаммед Али Ахмед Аль-Хаддад бараткан учак кыйрады. Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтүнүн башчысы Абдел Хамид Дбейба анын каза болгонун ырастады.

Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая Х социалдык тармагында билдиргендей, Анкара аэропортунан саат 20:10до Триполиге учуп чыккан, бортундагы номери 9H-DFJ болгон Falcon 50 бизнес-жети менен байланыш саат 20:52де үзүлгөн.

Анын айтымында, учактын сыныктары Хаймана районундагы Кесиккавак айылынан эки чакырым түштүк тарапта табылган. Министр билдиргендей, учактан Хаймана районуна чукул конууга суроо-талап түшүп, андан кийин байланышуу мүмкүн болгон эмес.

Бортто беш жүргүнчү, анын ичинде Ливия армиясынын башкы штабынын башчысы Мухаммед аль-Хаддад бар.

Түрк ЖМКлары Falcon 50 кулаган жердеги сүрөттөрдү жарыялашты

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images

Улуттук биримдик өкмөтүнүн премьер-министри Абдел Хамид Дбейба Ливия армиясынын башкы штабынын башчысынын каза болгонун ырастады.

«Бул Түркиянын борбору Анкарага болгон расмий сапардан кайтып келе жаткандагы кайгылуу жана оор окуянын натыйжасында болду. Бул оор жоготуу — улут үчүн, аскердик мекеме жана бүткүл эл үчүн чоң жоготуу», — деп айтылат Дбейбанын билдирүүсүндө.

Ал ошондой эле бортто Ливиянын кургактагы аскерлеринин командачысы, аскердик өндүрүш башкармалыгынын директору, башкы штаб башчысынын кеңешчиси жана фотографы болгонун билдирди.

Учактын кыйроо себеби азырынча аныктала элек. Триполидеги Улуттук биримдик өкмөтү премьер-министр коргоо министрине иликтөөнүн жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн Анкарага расмий делегация жиберүүнү тапшырганын жарыялады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ливиянын саясий маселелер боюнча министри Валид Эллафи Libya Alahrar телеканалына билдиргендей, бул Мальтадан ижарага алынган учак болгон, бирок анын «ээси же техникалык баяны жөнүндө жетиштүү маалымат жок».

БУУ тарабынан таанылган Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтү бүткүл өлкө боюнча үч күндүк расмий аза күтүү жарыялады.

«Түркиянын Коргоо министрлиги буга чейин Хаддаддын сапары тууралуу жарыялап, анын Түркиянын коргоо министри Яшар Гюлер, башкы штабдын башчысы Сельчук Байрактароглу жана башка түрк аскер жетекчилери менен жолукканын билдирген», деп жазат Reuters.

Кырсык Түркиянын парламенти Ливияга түрк аскерлерин жайгаштыруу мандаты тууралуу президенттик жарлыктын долбоорун бир жылга жактыргандан бир күн өткөндөн кийин болду. Сунуш парламенттин кароосуна БУУ тарабынан таанылган Ливия өкмөтүнүн аскердик жардам тууралуу кайрылуусунун негизинде киргизилген.

Өлкөдө бийлик чыгыш жана батыш болуп бөлүнгөн. Түркия Триполиде жайгашкан Ливия өкмөтүнө аскердик жана саясий колдоо көрсөтөт. Ошол эле учурда, акыркы убакта түрк бийлиги Ливиянын чыгыш бөлүгү менен байланыштарын активдештирди, анда Ливия улуттук армиясынын командачысы Халифа Хафтар башкы ролду ойнойт.

2020-жылы Анкара өкмөттүк күчтөрдү окутуу жана колдоо үчүн өлкөгө аскерлерин жиберип, деңиз демаркациясы боюнча келишим түзгөн, ал Египет жана Греция тарабынан талашка түшүп келет. 2022-жылы Анкара менен Триполи энергетикалык ресурстарды чалгындоо боюнча алдын ала келишимге да кол коюшкан, буга да Египет менен Греция каршы чыгууда.

ТАСС билдиргендей, Хафтар Ливиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысынын авиа кырсыкта каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.