БУУнун Коопсуздук Кеңеши Трамптын Газа боюнча планын жактырды. Орусия менен Кытай добуш берген жок

План

Сүрөттүн булагы, Reuters

БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган тынчтык планын колдогон резолюцияны кабыл алды. Планга ылайык, Газа тилкесине эл аралык аскердик контингент жайгаштырылышы керек. Резолюция АКШ президентинин 20 пункттан турган планынын экинчи этабына өтүүгө уруксат берет.

Анын ичинде Газа аймагын демилитаризациялоо үчүн Эл аралык турукташтыруу күчтөрдү түзүү жана убактылуу башкаруу органдарын калыптандыруу сыяктуу чаралар бар.

Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсүнүн ичинен Улуу Британияны жана Францияны кошкондо 13ү резолюцияны колдоп добуш беришти. Орусия менен Кытай добуш берүүдөн баш тартышты, бирок вето укугун колдонушкан жок.

Резолюцияда Палестина мамлекетин түзүү мүмкүндүгү да белгиленген. Израил каршы чыгып келген бул пункт араб өлкөлөрүнүн талабынан улам киргизилген.

АКШнын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Эл аралык турукташтыруу күчтөрү бир нече мамлекеттин контингентинен түзүлөт, бирок кайсы өлкөлөр болору азырынча так айтылган жок.

Документ кабыл алынгандан көп өтпөй ХАМАС резолюцияны четке кагып, анда палестин элинин укуктары жана талаптары эске алынбаганын билдирди.

"План Газа секторуна эл аралык көзөмөл механизмин таңуулап жатат, муну биздин эл жана анын саясий кыймылдары кабыл албайт",- деп айтылат топтун Telegram каналы аркылуу жарыяланган билдирүүдө.

"Газанын ички милдеттерин, анын ичинде каршылык көрсөтүп жаткан кыймылдарды куралсыздандыруу сыяктуу ролдорду эл аралык күчтөргө жүктөө – булаларды нейтралдуу болуудан ажыратат. Конфликтте бир тарапты, оккупацияны колдогон күчкө айлантат",- деп айтылат ХАМАС билдирүүсүндө.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Резолюциянын соңку версиясына ылайык, Эл аралык турукташтыруу күчтөрүнүн функцияларынын бири "мамлекеттик эмес куралдуу топторду мөөнөтсүз куралсыздандыруу". Бул топторго ХАМАС да кирет. Ошондой эле жарандарды жана гуманитардык жардам жолдорун коргоо болуп саналат.

Эл аралык турукташтыруу күчтөрү Израил жана Египет менен кызматташат деп күтүлүүдө. Бул эки мамлекет - Газа сектору менен чектеш өлкөлөр. Резолюцияда муну менен катар Газада жаңы палестин полициясын түзүү да каралган.

Ушул убакка чейин Газадагы полиция ХАМАСка баш ийип келген.

Көптөгөн мамлекеттерде (бирок Орусияда эмес) террористтик уюм деп таанылган ХАМАС үчүн бул куралын тапшырууга барабар. Бул талап Трамптын планында башынан эле бар болчу.

Пландын биринчи этабы 10-октябрда башталган. Израил менен ХАМАС ортосунда ок атышууну токтотуу келишими күчүнө кирип, аман калган израилдик туткундар абактагы палестиналыктарга алмаштырылган. АКШнын БУУдагы элчиси Майкл Уолтц бул этапты "өтө этияттыкты талап кылган биринчи кадам" деп мүнөздөгөн.

Эл аралык аскердик күчтөрдөн тышкары, Газада эл аралык тынчтык кеңеши түзүлүшү керек, аны Дональд Трамп жеке өзү жетектейт деп күтүлүүдө.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясында Газаны калыбына келтирүүнү каржылоо механизми да жактырылган. Бул ишти Дүйнөлүк банк кепилдик берген атайын трасттык фонд жүргүзөт.

Израил менен ХАМАС ортосундагы согуш 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин түштүк аймактарына жасалган чабуулдан кийин башталган. Ошол кезде 1200 адам каза болуп, дагы 251 киши барымтага алынган.

Кийин Израилдин Газадагы аскердик аракеттеринен улам 69 483 палестиндык курман болду,- деп билдирип келет ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги.