Кыргыз өкмөтү майып адамдарды колдоого каражатты эки эсе көбөйттү

Сүрөттүн булагы, Social media
Кыргызстанда 2007-жылга салыштырмалуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар саны 221 миңге өсүп, жалпы калктын 3% түздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Айтымында, соңку үч жылда өлкөдө социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү эки эсеге көбөйтүлдү.
"2025-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда бул максаттарга 8,6 млрд сом каралган, ошол эле учурда жөлөк пулдун орточо өлчөмүн 6 миң 411 сомго, жашоо минимумунун деңгээлине жеткирүү пландаштырылууда. Ушул жылы майыптык боюнча пенсияларга 7,6 миллиард сом багытталган, анын орточо өлчөмү 9 мин 600 сомго жетти", - деп белгиледи Касымалиев.
Ушу тапта Кыргызстанда 14 миң 730 адам майыптыгы бар, жардамга муктаж жарандарга зарыл жардам көрсөтөт.
Үстүбүздөгү жылы "Социалдык ипотека" программасы менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар 258 үй-бүлө турак жай менен камсыздалды.







