Газага гумжардамды деңиз аркылуу жөнөтүүнүн мааниси эмнеде?

Глобалдык Сумуд флотилласынын өкүлү кемелердеги жүздөгөн активист Газага гуманитардык жардамды жеткирүү ниетинде экенин айтышты

Сүрөттүн булагы, Abdel Rahman Ghazal

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Глобалдык Сумуд флотилласынын өкүлү кемелердеги жүздөгөн активист Газага гуманитардык жардамды жеткирүү ниетинде экенин айтышты
    • Author, Этар Шалаби
    • Role, Би-Би-Си Араб кызматы

Израилдин деңиз аскердик күчтөрү Газага гуманитардык жардам алып бараткан Глобалдык Сумуд флотилласынын (Global Sumud Flotilla же кыскача GSF) бир нече кемесин токтотуп, борттогу активисттерди кармады. Кармалгандардын арасында климаттын өзгөрүүсү боюнча маселени көтөрүп чыккан швециялык активист Грета Тунберг да бар.

Израил бийлигинен билдиришкендей, активисттер Израилдин портуна жеткирилип, андан ары аларды депортациялоо процесси башталат.

Гуманитардык өнөктүккө катышкан активисттер кармалган учурда эл аралык суу аймагында болушканын айтууда.

Бейшемби күнү таңга маал GSF уюштуруучулары кемелер дале кармалып турганын кабарлашты. Мурдараак алар Израил тосуп турган аймакка кирип баруу үчүн 30 кеме "ишенимдүү сүзүп баратканын" айтышкан эле.

Flotilla map

Өткөн аптада активисттер кемелерге ыктымал кол салуу болгонун билдиришкен.

"Бизге химиялык кол салуу болду. Бактыга жараша, ал бизге тийбей калды себеби дронду угар замат мен кайчылаш маневр кылып жаттым", — дейт Газага гумжардам жеткирип бараткан кемелердин бириндеги активист Юсуф Самур.

"Ал кеменин жанына келип түштү. Бетиме суу чачырап, 30 секундадай кычыштырды. Бирок бетимди таза суу менен жууп салдым эле кайра жакшы болуп калды".

Юсуф саякаттап бараткан кеменин аты "Юлара". Ал Газага гумжардам алып бараткан GSF өнөктүгүндөгү 50дөй кеменин бири. Жалпысынан мында 300дөн ашуун активист катышууда.

GSF өкүлдөрүнүн айтымында, бир нече кеме Грециянын түштүгүндөгү Крит аралы жактагы деңизде баратканда түшкөн белгисиз заттардан улам жарылууга дуушар болгонун кабарлаган.

Израил "кырдаалды курчутуп жатат" деп айыптаган юмдун өкүлдөрү үстү жактан дрондун үнү угулганын жана байланыш үзгүлтүккө учураганын кабарлашкан.

Гуманитардык кемедеги бир активист Би-Би-Сиге ырасталбаган видео берген. Анда деңиздеги бир кемеде жарылуу болгонун көрүүгө болот

Сүрөттүн булагы, Yasemin Acar

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гуманитардык кемедеги бир активист Би-Би-Сиге ырасталбаган видео берген. Анда деңиздеги бир кемеде жарылуу болгонун көрүүгө болот

Израил күчтөрү кемелерге жасалган чабуул боюнча суроолорго жооп берген жок, бирок өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эден Бар Тал "катуу согуш жүрүп жаткан аймакка Израил бир да кемени өткөрбөсүн" билдирди.

"Бул флотилланын чыныгы максаты чагым салып, ХАМАСка кызмат кылуу, эч кандай гуманитардык жардам эмес", — деди Бар Тал.

Газага гуманитардык жардам алып бараткан эл аралык топко көмөк көрсөтүү максатында Италия менен Испания деңиз аскердик кемелерин жөнөттү. Бул Европа өлкөлөрү тарабынан ташталган болуп көрбөгөндөй кадам катары каралууда.

Бирок Италия менен Испания экөө тең кеме күчтөрү Израил/Газага 278 км аралыктан ары өтпөсүн билдиришти.

Flotilla nears Gaza map

Глобалдык Сумуд флотилласы эмне?

Флотилладагы элүүдөй кеменин бири "Алманын" үстүндөгү GSF мүчөлөрү

Сүрөттүн булагы, Yasemin Acar

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Флотилладагы элүүдөй кеменин бири "Алманын" үстүндөгү GSF мүчөлөрү
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Сумуд сөзү арабчадан которгондо өжөрлүк же чыдамдуулук дегенди туюнтат. Глобалдык Сумуд флотилласы же англисче Global Sumud Flotilla (GSF) ондогон өлкөдөн гуманитардык жардам жана активисттерди алып бараткан кемелердин бирикмеси.

GSF өз максаты "Газанын деңиз жолун мыйзамсыз камалоодон чыгаруу, гуманитардык коридор ачып, палестин элин тукум-курут кылууну токтотуу" экенин айтууда.

БУУнун Азык-түлүк коопсуздугун комплекстүү классификациялоо бөлүмүнүн (ICP) серепчилери Газада массалык ачарчылык өкүм сүрүп жатканын ырастагандан кийин Испаниянын, Италиянын, Грециянын жана Тунистин портторунан кемелер жолго чыгышкан. Серепчилер бир нече аптанын ичинде ачарчылык Газанын түштүк жана борбордук бөлүгүнө жетерин да эскертишкен.

GSF — деңиздеги блокададан өтүп Газага жетүүгө бел байлаган 38-флот. Анын аракети Газадагы азыркы согушкан чейин эле 2008-жылы башталган. Бул уюмдун андан берки эң чоң аракети.

Бул өнөктүк "Эркиндик флотилла" коалициясы, "Эркин Газа" кыймылы, Магриб Сумуд флотилласы (Түндүк Африка өлкөлөрүнүн элдик кыймылы) жана Сумуд Нусантара (Малайзия жана башка тогуз өлкөнүн демилгеси) уюмдарынын биргелешкен аракети менен негизделген.

Газага жетүүгө болгон мурдагы аракеттер

Ар кандай кемелер 31-августта Барселонадан шаан-шөкөт менен деңизге чыгышкан

Сүрөттүн булагы, Nur Photo via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ар кандай кемелер 31-августта Барселонадан шаан-шөкөт менен деңизге чыгышкан

2008-жылы бери эле дегенде бир кеме Газага жете алган. Бирок андан бери мындай флотиллалар ийгиликтүү болбой келет.

2010-жылы Израилдин атайын даярдыктагы аскерлери Израилдин жээгинен болжолдуу 130 км аралыкта турган Түркиянын "Мави Мармара" кемесине барышкан. Бул ошол аймакка барган алты кеменин бири болгон. Израил аскерлери согуштук куралдар менен атышып, 10 түрк активистти өлтүрүшкөн. Аскерлердин айтымында, башында активисттер союл, бычак жана тапанча менен кол салышкан.

GSF миссиясын түзүү идеясы ошол эле жылы май айынан июлга чейинки аралыкта үч кеме Газага жетүүгө аракет кылгандан кийин жаралган. Аталган кемелер, "Абийир", "Мадлен" жана "Хандаланын" "Эркиндик флотилла" коалициясы менен байланышы болгон.

Алардын биринчиси "Абийир" дрон соккусунан улам Малтанын жээгинде жок кылынганы айтылат.

Малта өкмөтү кемедеги өрт "бир түндө көзөмөлгө алынганын" ырастаган.

12 кишини ташып бараткан "Мадлен" болсо июнда жолго чыккан. Алардын арасында Грета Тунбергдин да болгону эр аралык коомчулуктун көңүлүн бурган.

Ошол учурда Израилдин тышкы иштер министрлиги "бир жүк унаасынан да аз гумжардам" алып баратат деп, кемени "селфи яхтасы" деп атаган.

Газадан 180 км аралыктагы яхтаны Израил күчтөрү таңга маал кармап, Израилдеги Ашдод портуна алып барышкан.

Тунберг жана башкалар депортацияланган.

Июлда дагы бир кеме "Хандала" 21 кишини алып жолго чыккан, бирок Израил күчтөрү аны Газадан 75 км аралыктан токтотуп, кеменин башкаруусун колго алышкан.

Ошол маалда кемедегилер эл аралык суу аймагында экенин айтып арызданган. Ал эми Израилдин тышкы иштер министрлиги кеме "Газанын жээгиндеги деңиз аймагына мыйзамсыз кирип баратканда" жана блокаданы бузганда токтотулганын билдирген.

GSF берген маалыматка ылайык, алардын кемелери Тунистеги кеме токтотуучу жайда дагы чабуулга туш болгон жана бул шаршембидеги кол салуу флотиллага каршы алгачкы сокку эмес.

Бул жолку чабуулдан кийин кемелер кошумча коопсуздук чараларын көрүүгө өтүштү.

"Спектр" кемесинде бараткан кувейттик активист Абдел Рахман Газал шаршембиде дрондон келип түшкөн түзмөк жарылганда, жарым метрдей эле аралыкта турганын Би-Би-Сиге айтып берди.

"Бизге үч бомба түштү. Үчүнчүсү кеменин үстүнкү кырына тийип, кийин деңизге түшүп кетти. Бомба кеменин кырына тийип, сууга түшүп кеткенде мен ошол коридордо болчумун. Аябай сасык газ жыттанды. Демим кысылып, бир канча мүнөт дем ала албай кыйналдым".

Ал ыкчам реакция кылып, дрондон түшкөн затка тез арада деңиз суусун чачканын айтат.

Газал жана башка ыктыярчылар кемеде коопсуздук чараларын күчөткөн. Эми алар ачык жайларда укташпай, эс аларда куткаруучу кемселдерди жанында алып жүрө башташты.

Гумжардам алып бараткан топ бейшембиде басма сөз жыйынын өткөрүп, Изриал кийинки 48 саат ичинде алардын кемелерин токтотууга аракет кылып жатканы боюнча "ишенимдүү булактардан маалымат" алганын билдирди.

"Бул маалыматтын булагын териштирип жатабыз. Израил бир нече аптадан бери бул миссияны токтотуу үчүн бүт күчүн жумшарын айтып келет", — деди уюмдун өкүлү. Ал кошумчалагандай, гумжардам өнөктүгүнүн катышуучуларын антитерроризм мыйзамы менен соттоп, узак мөөнөттүү абак жазасына кесилесиңер деген коркутуулар болгон.

Флотиллада кимдер бар?

Климаттын өзгөрүүсү боюнча маселени көтөрүп чыккан швециялык активист кыз Грета Тунбергди "Юлара" кемесинде Юсуф Самур менен турганын көрүүгө болот. Ал Газага жетүү үчүн экинчи жолу аракет кылды

Сүрөттүн булагы, Youssef Samour

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Климаттын өзгөрүүсү боюнча маселени көтөрүп чыккан швециялык активист кыз Грета Тунбергди "Юлара" кемесинде Юсуф Самур менен турганын көрүүгө болот. Ал Газага жетүү үчүн экинчи жолу аракет кылды

Глобалдык Сумуд флотилласына ондогон өлкөдөн ыктыярчылар кирген. Алардын арасында саясатчылардан тарта белгилүү инсандарга чейин бар.

Нелсон Манделанын небереси Мандла Мандела, америкалык актриса Сюзан Сарандон, франциялык актриса Адел Энел жана ошондой эле саясий ишмерлерден Европарламенттин депутаты (La France Insoumise) Эмма Фурро жана Барселонанын мурдагы мэри Ада Колау да катышып жатат.

GSF билдиргендей, ар бир кеме "геноцидге көз жумууга каршы турган коомчулуктун" символун туюнтат.

Бул жолу да Тунберг флотиллага кирди. Палестин аймагы боюнча БУУнун атайын баяндамачысы Франческо Албанезе менен болгон түз эфирде Тунберг кол салууну "коркутуу тактикасы" деп атады.

"Мындай кол салуу коркунучу болорун билгенбиз. Бул бизди токтото албайт", — деди ал.

"Биз бекем чечкиндүүлүк менен миссиябызды уланта беребиз".