Кыргызстан 2026-жылы электромобилдерди ташып кирүүгө жеңилдик алды

электроууна

Сүрөттүн булагы, mashina.kg

Бул тууралуу ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Евразиялык өкмөт аралык жыйынында макулдашылды. Мындай жеңилдик ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөргө да каралып жатат.

Келишим бажы төлөмдөрүнөн бошотууну карайт. Беларус өз аймагына 20 миң даана "таза электричка" үлгүсүндөгү, ал эми Армения менен Кыргызстан 15 миң даанага чейин "гибрид" үлгүсүндөгү электромобилдерди алып кире алат.

Евразиялык экономикалык комиссиянын Соода боюнча министри Андрей Слепнев буга чейинки бажы тарифтериндеги жөнгө салуу жакшы эффектисин бергенин айтты:

"Мындай чара электромобиль рыногун түптөөгө жана кубаттоочу инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөкчү болот деп күтүп жатабыз. Ошондой эле, Евразиялык экономикалык союз аймагындагы экологиялык жактан таза транспортту көбөйтүүгө үмүттөнөбүз".

Көңүл бөлчү жагдай, электромобилдерди өз өлкөсүнө ташып кирүү Армения, Беларус жана Кыргызстанда жашаган жарандарга гана жеткиликтүү болот. Бирок алар электромобилдерге ээлик кылуу укугун Казакстан же Орусия жарандарына бере албайт.

Ошондой эле Беларус жарандарына "гибрид" тибиндеги электроууналарды сатып алууга укук чектелүү.