Гонконгдун соту медиамагнат жана диссидент Жимми Лайды 20 жылга эркинен ажыратты

Сүрөттүн булагы, Anthony Kwan/Getty Images
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-би-си Орус кызматы
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Гонконгдун соту дүйшөмбү күнү 78 жаштагы оппозициячыл медиамагнат Жимми Лайды 20 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды. Ал Гонконгдо 2020-жылы кабыл алынган улуттук коопсуздук тууралуу резонанстуу мыйзамды бузганы үчүн күнөөлүү деп табылды. Анын иши бул тармактагы эң чуулгандуу сот процесси болуп калды жана Бээжин илгерилетип жаткан өзгөрүүлөрдүн символуна айланды.
Жимми Лай эмнеге соттолду?
Дүйшөмбү күнү угузулган сот өкүмү беш жылга созулган сот ишине чекит койду. 2025-жылдын декабрында 78 жаштагы Лай үч берене боюнча күнөөлүү деп табылды. Анын экөө Гонконгдун улуттук коопсуздук жөнүндөгү мыйзамынын (NSL) негизиндеги "чет элдик күчтөр менен" кутумчулукка барган деген айыптар. Дагы бири - козголоңго үндөгөн материалдарды басма сөздө жарыялагандыгы үчүн коюлган айып болду. Гонконгдо аталган мыйзамдын алгачкы эки беренеси боюнча өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралат.
Сот Лай мурда өтө популярдуу болуп, азыр жабылып калган Apple Daily аттуу таблоид гезитин Гонконг менен Кытайга каршы санкцияларды киргизүүгө түрткү берүү максатында чет элдик өкмөттөрдүн кызыкчылыктарын лоббилөө үчүн колдонгон деп тапты.
Лайдын иши боюнча чечим чыгарган Жогорку сот ал Кытай Коммунисттик партиясына карата "жапайы жек көрүү сезиминде" болгонун жана "партиянын баалуулуктарын Батыш дүйнөсүнүн баалуулуктарына алмаштырууга берилип кеткенин" билдирди. Лай бул айыптоолорду четке какты.
Материктик Кытайда туулуп, бирок бала кезинде эле Гонконгго качып келген Жимми Лай улуттук коопсуздук жөнүндөгү мыйзам күчүнө киргенден көп өтпөй, 2020-жылдын август айында биринчи жолу камакка алынган. Ал камакка алынарын билсе да, британдык паспорту болгонуна карабай, Гонконгдон кетүүдөн баш тарткан. Ал Кытайда миллиарддаган долларлык бизнес курган, бирок 1989-жылы Пекиндин Тяньаньмэнь аянтындагы нааразылык акциялары күч менен басылгандан кийин коммунисттик режимдин ачык каршылашына айланып жана өзү да Гонконгдогу нааразылык акцияларына катышкан. Ал Гонконгдогу демократчыл кыймылдын эң активдүү ачык тарапкерлеринин бири катары белгилүү эле.
Reuters агенттигинин белгилешинче, бул процесс Гонконгдун улуттук коопсуздук мыйзамын бузуу боюнча эң чуулгандуу иш болду.
Би-Би-Си кабарчысынын жеринен берген маалыматына караганда, өкүмдү жарыялап жатып, судья Эстер То "Жимми Лай Кытай Эл Республикасына карата жек көрүү сезиминде болгонуна эч кандай шек жок" деп айтты. Судья бул үчүн Лайдын "Гонконг элине жардам берүүнү шылтоолоп, АКШны КЭРдин өкмөтүн кулатууга чакырган туруктуу билдирүүлөрүн" жүйө кылган. Reuters агенттигинин жазышынча, бул соттун чечимине таасир этти.
Гонконгдун аткаруу бийлигинин башчысы Жон Ли өкүмдү кубаттап, Лайдын аракеттери "өлкөнүн кызыкчылыктарына жана Гонконг элинин жыргалчылыгына зыян келтиргенин" белгиледи.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Лайдын адвокаттары Би-Би-Сиге берген маегинде бул сотту "башкаларга сабак катары" болду дешип, анын жыйынтыгы алдын ала эле белгилүү болгонун айтышты. Жактоочулар тобун жетектеген Каоилфионн Галлахер алар тарабынан "дракончул өкүм" күтүлгөнүн билдирди.
Өкүм жарыялангандан кийин Галлахер муну "Гонконгдогу мыйзам үстөмдүгүнө жасалган акыркы сокку" деп атады.
"78 жаштагы Жимми Лайды жыйырма жылга эркинен ажыратуу - бул адилеттүүлүктү мазактоо жана беш жылдан ашуун убакытка созулган ниети жаман соттук куугунтуктун кульминациясы. Бул жасалма процесс акыры аяктагандан кийин, ал Лондондогу үй-бүлөсүнө кайта алуусу үчүн, дүйнө лидерлеринен Кытайдан Жимми Лайды бошотууну бир добуштан талап кылууну чакырабыз", - деди Галлахер.
Би-Би-Си кабарчысы Дэнни Винсенттин айтымында, Лайдын көптөгөн тарапкерлери жума күнү кечинде эле сот имаратынын алдында кезекке турушкан. Айрымдары муну Жимми Лайды акыркы жолу көрүү мүмкүнчүлүгү деп эсептешкен.
Сот имаратын көп сандагы полиция кызматкерлери да курчап турду.
"Ал Батыштагы бардык өлкөлөргө Кытай Коммунисттик партиясынын чыныгы жүзүн түшүнүүгө жардам берди. Ал жалгыз өзү алпка каршы турду. Утулса да, менин көзүмдө ал баатыр бойдон калат", - деп журналист Винсет Лайдын тарапкерлеринин бирин цитата кылды.
Улуттук коопсуздук тууралуу мыйзамынын маңызы эмнеде?
Кытай 2020-жылы, Гонконгдо андан бир жыл мурун тутанган демократиялык нааразылык акцияларына жооп катары, улуттук коопсуздук тууралуу мыйзамды кабыл алууну демилгелеген.
Бул мыйзам бийликтин саясатына каршы чыккандардын көпчүлүк аракеттерин кылмышка теңеп, аларга эми сепаратизм, бүлдүрүүчү ишмердик, терроризм жана чет элдик күчтөр менен кутумга баруу айыптарын колдонууга жол ачат. Ошондой эле бул мыйзам менен мындай иштерди Гонконгдо эмес, материктик Кытайда кароого да мүмкүндүк берилген.
Мыйзамды сынга алгандар ал Гонконгдун автономиясын чектеп, чочулоо маанайын жаратып жатат дешкен. Бирок Бээжин менен Гонконг бийлиги мыйзам туруктуулукту камсыз кылуу үчүн зарыл экенин айтышкан.
2024-жылы Гонконгдо улуттук коопсуздук мыйзамын кеңейткен "23-берене" күчүнө кирген. Ал мамлекеттик чыккынчылык, козголоңго үндөө сыяктуу беренелерди камтып, мындай сот иштерин жабык өткөрүүгө уруксат берет. Көптөгөн сынчылар муну жарандык эркиндиктерди мурункудан да чектөө катары баалашкан.
Үй-бүлөсү түрмөдө камерада жалгыз кармалып турган Лайдын ден-соолугу начарлап жатканына бир нече жолу тынчсыздануусун билдирген. Анын кызы Клэр Би-Би-Биге билдиргендей, 78 жаштагы Лай кант диабети менен ооруйт, былтыр декабрда ал "катуу арыктап", алсыраганынан кээде төшөктөн тура албай калып жаткан.
Анын айтымында, атасынын "тырмактарын боз-көгүш түс басып, алар кээде түшүп калып жатат, тиштери болсо чирип жатат.
Лайдын уулу Себастьян Би-Би-Сиге беш жылдык түрмө жазасынын өзү эле атасы үчүн "өлүм жазасына тете" экенин айткан.
Гонконг жана Кытай бийлиги Лай түрмөдө ырайымсыз мамилеге туш болуп жатат деген дооматтарды четке кагып, анын "абалы жакшы" экенин жана анын укуктары "толук корголуп жатканын" билдирет.





























