Зеленский Ватиканда Вэнс, Рубио жана Рим папасы менен жолугушту

Зеленский менен Рим папасы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

18-майда Ватиканда католик чиркөөсүнүн жаңы башчысы Лео XIV такка отургузуу жөрөлгөсү өттү. Бул иш-чарага катышкан украин президенти Володимир Зеленский АКШ вице-президенти Жей Ди Вэнс, мамлекеттик катчы Марко Рубио менен жолугушту. Салтанатта Зеленский Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйендин жанында отурду.

Зеленский менен Вэнс акыркы жолу февраль айында Ак үйдө жолугушкан, анда Зеленский, Вэнс жана Трамп журналисттердин алдында кайым айтышып кеткен эле. Апрель айында Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен Ватиканда Рим папасы Францискти акыркы сапарга узатуу аземинде жолуккан.

Католик чиркөөсүнүн жаңы башчысы Украинадагы согушка байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Тынчтык орноп, сүйлөшүүлөрдүн башталышын күтүп жатабыз, деди ал. Лео XIV тактыга отургузуу иш-чарасында украин президенти жана биринчи айымы менен жолугушту.

"Бүгүнкү салтанаттуу жыйында Украина маселесин козгоп, тынчтык сүйлөшүүлөрү зарыл экендигин айтканыңыз үчүн, өзгөчө сөздөр үчүн сизге ыраазыбыз", - деди Зеленский.

Кийинчерээк Украина президентинин кеңсеси Зеленский АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс жана мамлекеттик катчы Марко Рубио менен да жолугушканын кабарлады.

"Президент Стамбулдагы сүйлөшүүлөр жана ок атышууну токтотуу үчүн Орусия тарабынан коюлган реалдуу эмес шарттар тууралуу маалымат берди. Сүйлөшүүгө катышкан орус делегациянын деңгээли эч кандай чечим чыгарууга ыйгарым укугу жок экенин көрсөттү",- деп айтылат президенттик аппараттын билдирүүсүндө.

Вэнс менен Зеленский

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Зеленский ошондой эле Орусия өзү сунуш кылган ок атышпоо келишимин бузганын айтты:

"Мунун баары Москванын согушту токтотуу ниети жок экенин көрсөтүп турат. Орусияны ок атышпоо келишимине мажбурлоо үчүн аларга басым жасоо керек".

Украина президентинин кеңсеси жолугушууда тараптардын позициясы жана кырдаалды өзгөртө турган келечектеги кадамдар, анын ичинде Орусияга каршы санкциялар кеңири талкууланганын билдирди.

Жума күнү Стамбулда украин-орус сүйлөшүүлөрү жүрүп жаткан маалда Рим папасы эки тарап Ватиканда жолугушуу өткөрсө болорун айтты. Рим папасы алгачкы сөзүндө Украина маселесин козгоп, тараптарды тынчтыкка чакырды.

Украин президенти Володимир Зеленский жана жубайы Елена Зеленская Рим папасы менен жолугушуу өткөрдү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украин президенти Володимир Зеленский жана жубайы Елена Зеленская Рим папасы менен жолугушуу өткөрдү

Австралия премьер-министри менен жолугушуу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Римде Зеленский Австралиянын премьер-министри Энтони Албаниз менен да жолугушуу өткөрүп, анда Украинага колдоо көрсөтүү, кызматташуу жана Орусияга кысымды күчөтүү маселелери талкууланды.

Зеленский Албанизди шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, Австралиянын Украинага көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле Албанизге Стамбулдагы сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берип, Украина Дональд Трамп менен бирге өз аракеттерин координациялап, Американын сунуштарын колдоп жатканын, Орусия өз кезегинде согушту токтотууга аракет кылбай жатканын белгиледи.

Украин президентинин интернет сайтында жазылгандай, лидерлер ок атышууну токтотуу үчүн Москваны кандай санкциялар мажбурлай ала турганын талкуулашты.

"Ар кайсы континенттен союздаштарыбыз болгону кубандырат. Орусияга биргелешип кысым көрсөтүү менен азыркы кырдаалды тынчтыкка жакындата алабыз. Биз санкциялар үчүн абдан ыраазыбыз", - деди украин президенти.

Австралиянын премьер-министри Abrams танктары Украинага бара жатканын, жардамдын жалпы суммасы 1,5 миллиард долларды түзгөнүн айтты.

"Орусиянын агрессиясы токтошу керек. Биз Украина тараптабыз. Албетте биз дагы тараптарды тынчтыкка чакырабыз жана Украина өз келечегин өзү тандашы керектигин колдойбуз", - деп айтты Энтони Албаниз.