Израилде он миңдеген адам митингге чыкты

Сүрөттүн булагы, Reuters
Дирбейл Джордан
Би-Би-Си жаңылыктары, Лондон
Элис Кадди
Би-Би-Си жаңылыктары, Тель-Авив
Газа тилкесинде ХАМАС барымтада кармап турган алты адамдын сөөгүн аскерлер таап чыккандан кийин бүт Израил боюнча он миңдеген адамдар митингге чыкты.
Каршылык акциясына чыккандардын арасында Израилдин желегин жамынып алгандар көп болду. Алар Тель-Авив жана Иерусалим шаарларын көздөй агылып, премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен анын өкмөтүн 7-октябрда ХАМАС барымтага алган адамдарды куткаруу үчүн жеткиликтүү аракет көргөн жок деп айыпташты.
Жекшембидеги каршылык акциясына чогулган эл полициялык тосмону бузуп өтүп, Тель-Авивге барчу чоң магистралды бөгөп алышты.
Андан мурда Израилдеги Гистадрут ири профосюзу барымтадагы адамдарды куткаруу боюнча келишимди талап кылып, дүйшөмбүгө бүт жалпы иш таштоого чакырды.
Тель-Авивде көчөлөрдө баррикадалар коюлуп, полиция менен тирешип, чыңалган кырдаал болду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Израилдин коргонуу армиясы ишембиде Газанын тилкесинде Рафах районунда жер астындагы туннелде алты адамдын сөөгү табылганын кабарлады.
Алар Кармель Гат, Эден Йерушалми, Херш Голдберг-Полин, Александр Лобанов, Альмог Саруси жана улук сержант Ори Данино экени таанылды.
ЦАХАЛ алар аскерлер ишембиде бул жерге жетердин алдында өлтүрүлгөн деп билдирди.
Ошондон кийин нааразылык дүрт этип, жекшембиде ири каршылык акциясына айланып, барымтада калган адамдарды куткаруу Нетаньяхунун колунан келбейт деп айыпташууда.
Кээ бир адамдар автобустарга жана таштанды челектерге чыгып, жөө жүрүшкө көз салып турушту. Ал эми башкалары Нетаньяхунун сүрөтү тартылган беткапты кийип алган адамды курчап: «Тирүү керек, бизге тирүү керек» деп кыйкырып жатышты.
Демонстранттардын бири кармап турган плакатта: «Сиз башчысыз, сиз күнөөлүүсүз!» деп жазылып турат.
Чогулгандар “полиция, полиция, силер кимди коргоп атасыңар” деп кыйкырышты.
Кээ бирөөлөр жолго өрт коюп, сары тасмаларды илип, барымтада калгандарга тилектештик билдиришти.
Лейбористтик партиянын депутаты Наама Лазими Би-Би-Сиге полиция ышкырган гранаталарды колдонгондо ал кулап түшүп, жеңил жаракат алганын билдирди.
Чогулган элдин арасында баласы Идан Газада барымтада жаткан Эли Штиви да болду.
«Биз чечим кабыл алгандар акыры ойгонот деп умүт кылабыз», — деди ал Би-Би-Сиге. «Бизде башка убакыт жок».
«Мен баламды аябай сагындым. Бардык үй-бүлөлөр дагы өзүнчө туткунбуз».
Иерусалимде көп адам премьер-министрдин кеңсесинин жанына топтолду.
50 жаштагы бир адам Би-Би-Сиге бул жолу демонстрация мурдагыдан кыйла масштабдуу болгонун айтты.
«Мурда болгондой эмес, башка масштаб».

Тель-Авивде каршылык акциясына чыккандар арасында 7-октябрда ХАМАСтын чабуулунда 21 жаштагы инисинен ажыраган Йотам Пир да болду. Ал Би-Би-Сиге: «Биз алты туткун тууралуу уккандан кийин унчукпай тура албадык. Бул абдан маанилүү. Биздин башка тандообуз жок».
Жергиликтүү ЖМКлар оппозициянын лидери Яир Лапид да митингге келгенин кабарлашты. Мурдагы премьер-министр «Йеш Атид» партиясынын туткундарды куткарган келишим түзүүгө Нетаньяхуну мажбурлоо жөнүндө чакырыктарын колдоп жатат. (КС)








