Айдоочулук күбөлүк: 14 айлык окуу жол кырсыгын азайта алабы?

5-ноябрда президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев маалымат жыйынын өткөрүп, айдоочулук күбөлүккө байланыштуу эки күн мурдагы билдирүүлөрүн түшүндүрдү. Ал 3-ноябрдагы сөзүндө 2026-жылдан тарта айдоочулукка окуу азыркыдай 2 ай эмес, 14 айды түзөрүн, жеке автомектептер жабыларын айткан. Мындай демилгелер тууралуу коомчулукта пикирлер бир кылка эмес.
Каныбек Туманбаев шаршембидеги маалымат жыйынында айдоочулук күбөлүк үчүн окуунун мөөнөтүн узартуу жана жеке автомектептердин ишин тескөөгө байланыштуу демилгелер жалпы реформанын алкагында жүзөгө ашарын айтты.
Ал соңку мезгилде Кыргызстанда жол кырсыктары көп катталып жатканын, болочок айдоочулар күбөлүктөрүн акчага сатып алып жатканын, эки жылдан кийин бул тармакта кырдаал жөнгө салынып каларын белгиледи.
Ошондой эле Туманбаев соңку сунуштардан кийинки жеке менчик автомектептердеги ажиотаж тууралуу сөз кылып, мындан ары шалаакылыкка жол берилбейт деди.
"Жеке автомектептердин жетекчилерине кайрылып кетейин. Силер ажиотаж кылганды токтоткула! Мыйзамдын алдында баарыңыздар жооп бересиздер. Бүгүн силер туура эмес окутуп, коррупцияга малынып, акчага илимди-билимди сатканыңар үчүн канча деген жол кырсыктары катталып, жарандардын өмүрү кыйылып жатат", - деди Туманбаев.
3-ноябрда Туманбаев 2026-жылдын январь айынан тарта жеке менчик автомектептер болбой турганын, жарандар айдоочулук күбөлүктү алышы үчүн мурдагыдай кеминде 2 ай эмес, 14 ай окушу керек болорун билдирген. Анын айтымында, эми айдоочу болом дегендер жылдын ар бир мезгилинде практикалык сабактарга катышып, этап менен экзамендерден өтүшү керек болот. Мындай чаралар соңку жылдардагы адам өлүмү менен коштолгон автокырсыктардын көбөйүшүнө байланыштуу кабыл алынып жатканы белгиленген.

Сүрөттүн булагы, facebook
"Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен автокырсыктардын катталышы боюнча биринчи орунга чыкты"
Жол кырсыктарынын курмандыктарынын саны өсүп жатканын 5-ноябрдагы маалымат жыйынында президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов да ырастады. Анын айтымында, 2024-жылы 7423 жол кырсыгы катталып, 514 адам каза тапкан. Бул күнүнө бир же эки адам жол кырсыгынан каза болуп жатат дегенди билдирет.
"2025-жылдын тогуз айынын ичинде бул көрсөткүч кыйла өсүп, кырсыктардын саны 9078ге жетти, 636 өлүм катталды. Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен автокырсыктардын катталышы боюнча биринчи орунга чыкты", - деди Бообек Салимжанов.
Салимжанов ошондой эле айдоочуларды окутуудагы программага киргизиле турган өзгөрүүлөрдү айтты. Маалыматка ылайык, эми программада жол эрежелери гана эмес, алгачкы эки ай бир гана унаанын түзүлүшү, андан кийин жолдо жүрүүдөгү этика жана башка темалар боюнча кенен окутулат.
14 айлык окуунун айланасындагы талкуулар
14 айлык окуу эл арасында талкуу жаратып, айрымдары бул чаралар керектигин айтса, айрымдары бул мөөнөт өтө узак убакыт экенин айтууда. Би-Би-Си "Унаа" ишканасынын айланасындагы айдоочулар менен шаар тургундарынын пикирин сурап көрдү:

"Жакшы эле болот болуш керек. Он төрт айда жакшыраак окуп чыгышабы дейм да"
"Эң туура деп эсептейм. Билип-билбеген айдоочулар азайса жакшы эле болмок. Кырсыктар да азаят беле"
"Үч айда эптеп-септеп эле, чала-бучук үйрөнүп чыгып жатышат да. Менимче бул туура эле"
"Негизи 14 ай көп, бирок азыркыларга окуп алганы эле жакшы болгону турат окшойт"
"14 ай өтө эле узун болуп кетет го. Балким беш ай кылса жакшы"
"14 ай менен үч ай окугандын айырмасы жок. Бул айдоочулардын өзүнөн көз каранды. Эрежени сактап айдаса, авария болбойт"
"Бир жыл эки ай өтө эле узак болуп кетет. Жок дегенде 5-6 ай кылса болмок. Кандай окуса дагы айдоочулар өз күчү менен алыш керек, сатып албай, ошондо автокырсыктар азаят деп ойлойм"
Жеке мектептер мамлекеттин карамагына өтөт
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Туманбаев ошондой эле жаңы жылдан тарта жеке менчик автомектептер жабылып, айдоочуларды даярдоо толугу менен мамлекеттин көзөмөлүнө өтөрүн да айткан. Бул тууралуу аткаминер жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспортторттордун бет ачар жыйынында билдирген болчу.
"Канча деген жарандарыбыз акча-каражат менен эле сатып алып, жеке автомектептерде практикалык же башка культура боюнча сабак өтпөй эле, күбөлүктү сатып алып жүрөт. Ал баарына эле белгилүү. Бүгүнкү күндө бардыгын цифровизацияга өткөрүп, 2026-жылдын 1-январынан тарта бардыгы мамлекеттин карамагына өтөт, бир дагы жеке мектеп болбойт",- деген Туманбаев
Ал 5-ноябрда бул сөзүнө түшүндүрмө берип жатып, автомектептер мурдагы ишин уланта берерин, болгону эми алар мамлекеттин карамагына өтөрүн айтты.
Айрымдары жеке автомектептерди жабуу менен коррупциялык схемалар өнүгөт деп кабатырланууда. Саясий серепчи Руслан Акматбек маселе башка жакта экенин "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.
"Мобу жеке автомектептерди эмнеге жок кылып жатышат? Түшүнбөйм. Алар жакшы эле окутат. Окутпаса, кардар барып акча төлөйбү? Айдоочу күбөлүктү мамлекеттик орган берет. Иттин өлүгү ошол жерде жатат. Жакшы окубаганды, билбегенди өткөрбөй коюуга толук укуктуу. Андан көрө МАИнин ошол жагын реформа кылышса болмок. Грузия сонун өрнөк. Тескерисинче лицензия менен жеке секторго тапшырып койсо дагы натыйжалуу болмок", - деди Акматбек.
Сынак тапшыргандардын 14% гана өткөн
Статистика боюнча жыл башынан бери айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшыргандардын 14 пайызы гана сынактан өткөн. Мындан улам айдоочулардын билимин жана жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган реформа керек экенин айткандар да аз эмес.

"2025-жылдын 9 айынын ичинде 568789 жаран теориялык сынакка катталып, алардын 83533 гана сынакта ийгиликтүү тапшыра алган. 319127 жаран сынакты тапшыра алган эмес, калганы белгисиз себептер менен катталып, бирок экзаменге келген эмес. Жалпылап айтканда, сынакка киргендердин 14% гана аны тапшыра алды. Бул теориялык гана сынак, андан кийин практикалык сынак бар. Ал жактан да өтпөй калышат", - деди Айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Нургазы Ормонбек уулу.
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборунун маалыматына ылайык, айдоочуларды даярдоонун 14 айлык программасы тууралуу долбоор иштелип чыгып, учурда тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу стадиясында турат.
"Бул реформанын негизги максаты — мөөнөттү узартуу эмес, айдоочулардын чыныгы билимине, көндүмүнө жана жоопкерчилигине негизделген адилеттүү жана заманбап системаны түзүү", - деди аталган борбордун басма сөз кызматы.
11-класстын окуучуларына жол эрежелери окутулат
Аталган демилгеде келаткан жылы 11-класстын окуучуларынын программасына негизги жол эрежелери боюнча сабактар кирери айтылат. Бул боюнча Билим берүү министрлиги менен келишим түзүлүп жатканын Туманбаев айткан. Мындай кадам жаштардын жол эрежелеринен тышкары айдоо маданияты, жоопкерчилик жана тартип боюнча билимин бекемдөөгө шарт түзөт деп белгиленет.
Бир нече күн мурун эле Алай районунда катары менен болгон жол кырсыгынан улам 10 адам курман болду. Ал эми жалпы Кыргызстан боюнча сонку жылы тогуз миңден ашык авто кырсык катталып, 636 адамдын өлүмүнө алып келген.












