Трамптын шайлоо өнөктүгүнүн жаңы символу жана образы
Энтони Цурчер, @awzurcher, Түндүк Америкадагы кабарчы

Сүрөттүн булагы, AP
2024-жылдагы шайлоо өнөктүгү Дональд Трамп киши өлтүргүчтүн огунан аман калгандан көп өтпөй, бетине кан сызылып акканына карабастан, артындагы желбиреп турган Америка желегинин астында муштумун түйүп турган жаңы символикалуу образга ээ болду.
«Күрөшөбүз! Күрөшөбүз! Күрөшөбүз!» деди мурунку президент. Муну укканда өз өмүрү үчүн коркуп калган айрым тарапташтары кубаттап кол чаап жиберишти.
Пенсильваниядагы кан төгүү Американын тарыхында түбөлүктүү из калтырып, бийлик тепкичинин эң жогорку деңгээлиндеги коопсуздукту камсыз кылуудагы – магниттик текшерүүнүн, ок өтпөгөн лимузиндердин жана жашыруун кызматтын катуу куралданган агенттеринин ишин, аракетин жокко чыгарды. Жада калса мурдагы президенттер да Американын күнүмдүк турмушунда болуп турган зордук-зомбулуктан корголгон эместиги бир заматта дайын болду.
Кол салуу Американын саясий тарыхындагы драмалык учур болуп калды; ал азыркы президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жана алдыдагы өнөктүктөрдөгү видеоклиптерде, фотосүрөттөрдө жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө кайталана бермекчи.
Жекшемби күнү кечинде өзүнүн Овал кеңсесиндеги сейрек кайрылуусунда президент Жо Байден америкалыктарды болуп өткөн окуялардын баарын саясатташтырып жибербөөгө чакырды:
"[Бул] эч качан согуш талаасы же аны кудай өзү сактасын, адам өлтүрүүчү кан майдан болбошу керек», - деп эскертти ал. "Биздин ишенимибиз канчалык күчтүү болбосун, биз эч качан зордук-зомбулукка барбашыбыз абзел".
Көптөгөн республикачылар президент Байденди жана демократтарды зордук-зомбулукка ыңгайлашкан риторикалык чөйрөнү жаратканы үчүн айыптагандыктан, чабуул Американын партиялык диалогу аркылуу башталды.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Алар "демократияга коркунуч туудурган экс-президент диктатор болуп калышы мүмкүн" жана "ачуу чындыкты бетке айткан билдирүүлөрү киши өлтүргүчтү кол салууга шыктандырышы ыктымал" деген орунсуз билдирүүлөр айтылып жатканын көрсөтүштү.
Тактап айтканда, алар президенттин өткөн аптада эле донорлорго экс-президенттин репутациясына асылуулар көбөйүп жатканы туурасындагы жана аны “бутага алуу” боюнча ачыкка чыккан комментарийлерин баса белгилешти.
"Алар андан кутулууга куп эле аракет кылышты, каржылык жактан кысышты, түрмөгө салабыз дешти", - деди кенже Дональд Трамп жекшемби күнү телекөрсөтүүдөгү маегинде. "Алар ушунун баарын каалашты окшойт".
Бирок, жок эле дегенде, азырынча, киши өлтүргүч деп шектелген Пенсильвания штатынын 20 жаштагы тургуну Томас Мэтью Крукстун мотивдери жана саясий байланыштары күмөн жаратууда. Алар акырында мунун баарын колдоочулардын жеңил баянына айлантышы мүмкүн.
Бул зордук-зомбулук эпизоду ошол кездеги президент 2020-жылдагы шайлоонун жыйынтыгына шек келтирген митинг өткөргөндөн бир нече сааттан кийин болгон. Анын ошол күнү жасаган иш-аракеттери Өкүлдөр палатасы тарабынан импичмент жарыяланышына жана бир жылдан ашык убакыттан кийин АКШнын башкы прокурору тарабынан дайындалган атайын прокурордун айыптоосуна алып келди.
Эгерде Пенсильваниядагы ок атуу демократтардын бул сын линиясын жокко чыгарса, анда ал президенттик өнөктүктү түп-тамырынан бери өзгөртүүнүн бир жолу болуп саналат.
Мурдагы президентке ийгиликсиз кол салуу - Трамптын шайлоо кампаниясы пландаштырып жаткан төрт жылда бир өтүүчү жолугушуудагы бир нече темаларды камтыйт жана ал Трамп бейшемби күнү кечинде өз партиясынын талапкерлигин кабыл алуу үчүн сахнага салтанаттуу чыгышы менен аяктайт.
Биринчиден, анын митингде сүйлөгөн сөздөрү жана социалдык тармактардагы билдирүүлөрү — нааразылык жана куугунтук саясатына түрткү бериши мүмкүн.
«Алар чындап эле мени аңдышпайт, алар сенин артыңдан жүрүшөт" — булар Трамптын футболкаларда, билборддордо жана унаа чаптамаларында кеңири таралган көнүмүш рефрени.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мурдагы президенттин өлүм менен бетме-бет келиши жана андан кийинки кандуу баш ийбестик актылары да Трамптын шайлоо штабынын расмийлери ушул жумадагы курултайда түзүүгө аракет кылып жаткан контрастка дал келет - бул конгрессте алардын талапкери жана партиясы чыныгы эркектик кайраттуулукту жана күчтү чагылдырат, ал эми атаандаштары — алсыз.
Президент Байдендин жаш курагы жана жөндөмдүүлүгү анын шайлоо өнөктүгүн бир нече ай бою коштоп келди, бирок эки жума мурунку президенттик дебаттагы укмуштуудай кейиштүү көрсөткүчтөн кийин, демократтарда анын кайра шайлануу аракеттерине карата ишеним кризисин жаратты.
Ишемби күнү кечинде болгон кол салуу жана ага Трамптын жообу республикачыларга алдыдагы күндөрдө бул контрастты кескин түрдө көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Демократтар акыркы эки жуманы өз президентинин саясий келечегине кайрадан баа берүү менен өткөрүштү. Эми аларда жаңы көйгөйлөр пайда болду.
Башкача айтканда, кол салуудан кийин жаш курагына байланыштуу аны күрөштөн четтетүүгө болгон ички аракеттердин көңүл сыртында калганын эске алганда, өлтүрүү аракети Байден мырзага саясий жактан пайда алып келиши мүмкүн.
Бирок президенттин Трампты улут үчүн коркунуч катары көрсөткөн кайра шайлануу стратегиясы кескин өзгөрбөсө, анда анын аракеттерине Америка коомчулугу өзүнүн жаңы, так сын пикирлери менен олуттуу тоскоол болушу мүмкүн.
Жогорку Соттун бир катар маанилүү чечимдери, Байден мырзанын дебатта ийгиликке жетпеши - булардын бири да Американын саясий жашоосуна кыпынчалык таасир этпейт, бирок ал мурдагыдай эле экиге кескин бөлүнгөн улут бойдон калууда.
Бул жолку президенттик өнөктүк киши өлтүрүү аракети менен кандайча күчөгөнү тууралуу бир топ сөз болуп жатканы менен, шайлоо күнүнө үч ай калганда жарыш өзүнүн мурунку дээрлик ордунан жылбай калган абалына кайра келерине кепилдик жок.
Азыр гана демократтарда шайлоо динамикасын өз пайдасына өзгөртүү үчүн азыраак убакыт, азыраак акча артыкчылыгы жана азыраак саясий кычкылтек бар.
Ишемби күнү кечинде болгон трагедия, күтүүлөр жана саясий баяндоолор секунданын ичинде баары өзгөрүшү мүмкүн экенин көрсөттү. (МА)












