Үмүт жана бүдөмүк. Трамптын кайтып келишинин Жакынкы Чыгыштагы мааниси

Фрэнк Гарднер

Би-Би-Синин коопсуздук боюнча кабарчысы

Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө Сауд Аравиясы менен жакшы мамиледе болду.

Сүрөттүн булагы, Frank Gardner

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп биринчи президенттик мөөнөтүндө Сауд Аравиясы менен жакшы мамиледе болду.

Ондогон араб жана ислам өлкөлөрү Сауд Аравиясына саммитке чогулган кезде Трамптын экинчи жолу президенттикке келиши регионго эмне алып келет деген талкуу кызыды.

Дональд Трамптын күтүүсүз жүрүштөрүнөн Европа чочулап турган менен Перс булуңундагы өлкөлөр аны туруктуулуктун күчү катары үмүттүү карап жаткандай.

БАЭдеги белгилүү ишкер Халаф аль-Хабтур Arab News'тун колонкасына мындай деп жазды : «Коопсуздук эң маанилүү болгон Жакынкы Чыгышта Трамптын альянстарды бекемдеп, экстремисттик күчтөрдү ооздуктоого умтулуп жатканы алдыга жылыш болуп саналат».

Сауд Аравиясында Байденге салыштырмалуу Трампка көбүрөөк үмүт менен карашууда.

Трамп 2017-жылы Эр-Риядды өзүнүн чет өлкөлүк сапарында биринчи кылып тандап алган эле. Анда бул идеяны ага Руперт Мердок берген дешет.

Трамп өзүнүн күйөө баласы Жаред Кушнер аркылуу Сауд Аравиясынын реалдуу башкаруучусу, мураскор канзаада Мухаммед бин Салман менен жакшы мамилени кармап келатат. Мураскор канзаада Байдендин Сауд Аравиясын адам укуктарына кылган жаман мамилеси үчүн куу тумшук кылуу керек деген сөзүн унуткан да, кечирген да жок.

Трамптын мурдагы администрациясы Израил менен Араб өлкөлөрүнүн Лигасына киирген бир нече өлкөнүн ортосунда келишим түзүүгө ортомчу болгон эле.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамптын мурдагы администрациясы Израил менен Араб өлкөлөрүнүн Лигасына кирген бир нече өлкөнүн ортосунда Авраам келишимин түзүүгө ортомчу болгон эле.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жакынкы Чыгыш жөнүндө кеп болгондо, Трамптын биринчи президенттик ишмердигин бир беткей баалоо кыйын.

Бир жагынан ал Иерусалимди Израилдин борбору деп таанып, Израилди кубантып, ал эми араб дүйнөсүн кыжаалат кылды.

Бирок ал 2020-жылы Авраам келишимин демилгелеп, натыйжада БАЭ, Бахрейн жана Марокко өз ара дипломатиялык мамиле түзүштү. Судан дагы ушул жолго макул болду.

Трамп Иранга келгенде катуу эле позицияда турат. 2018-жылы ал АКШны өзөктүк макулдашуудан чыгарып кетти. Аны «тарыхтагы эң начар келишим» деп атады. Ирандын өзөктүк амбициясын тизгиндөө үчүн түзүлгөн келишим анын баллистикалык ракеталар программасын токтото албады деген күңкүл пикир бул региондо көп айтылды.

2020-жылы Трамп «Ислам революциясынын коргоочу корпусунун атайын бөлүгү «Кудстун» лидери Касем Сулайманини өлтүрүүнү буйруду. Бул Ирандын кыжырын кайнатты, бирок Перс булуңундагы башка өлкөлөр жеңилдеп калды.

Бирок азыр Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Трамп Ак үйдөн кеткен учурдагыдай эмес.

Израил ХАМАС жана Хезболла менен согушуп жаткан убагы жана Йемендеги хуситтер менен да, анын Ирандагы жактоочулары менен кармашууда.

Байдендин бийлиги учурунда АКШнын бул региондогу таасири азая түштү, анткени Ак үй Газа тилкеси менен Ливанда согушуп жаткан өзүнүн жакын союздашы Израилдин тизгинин тарта албады.

Регионалдык держава болгон Иран менен Сауд Аравия өткөн жылы дипломатиялык мамилесин калыбына келтиришкен.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Регионалдык держава болгон Иран менен Сауд Аравия өткөн жылы дипломатиялык мамилесин калыбына келтиришкен.

Трамптын Ак үйгө кайтып келишинен Израил эрдемсип, Ирандагы мунай жана өзөктүк объектилерге сокку урганга көбүрөөк эркиндик алат деген көз караш бар.

«Анын Израилди чечкиндүү колдоп жатканы жана Иранга каршы агрессивдүү позициясы бул региондогу маанилүү союздаш кылууда, демек, Ирандын таасирин чектөө боюнча аракеттер күчөйт деп күтүлөт»,-дейт Израил чалгын кызматынын мурдагы кызматкери Джошуа Штайнрих.

Бирок региондо башка дагы өзгөрүүлөр бар.

Кытайдын ортомчулугу астында Сауд Аравия менен Иран таарыныч-дооматтарын унутуп, жети жылга созулган касташууну токтотушту.

Жекшембиде Сауд Аравиянын армиясынын кол башчысы Тегеранга өзүнүн кесиптеши менен жолугушууга учуп кетти, алар коргонуу жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүү жагын сүйлөшүүдө.

Иранда 1979-жылы болгон Ислам революциясынан бери Сауд Аравия менен анын коңшулары Иранды өзүнүн коопсуздугуна эң башкы коркунуч катары эсептеп келишти. Бирок саудиялык мунай объектилерине 2019-жылы Иран колдогон Ирактагы согушкерлердин сокку урушу Перс булуңундагы араб өлкөлөрү Иран тараптан болуучу соккулардан жакшы коргоно албай турганын көрсөттү .

Ошондуктан азыркы учурдагы араб-ислам саммити Газа тилкеси менен Ливандагы конфликттерди токтотууга чакырды. Бул бир жагынан оптимисттик ой алып келсе, ошол эле учурда Трамптын экинчи президенттик бийлигинен эмне күтсө болот деген бүдөмүк ойго салууда. (КС)