Илон Масктын байлыгы жарым триллион долларга жетти

Сүрөттүн булагы, Win McNamee/Getty Images
Илон Маск шаршембиде адамзат тарыхында байлыгы 500 миллиард долларга жеткен биринчи адам болуп калды. Жыл башында Маск АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясында иш алып барып жаткан кезде анын компанияларынын, өзгөчө Tesla'нын наркы кескин түшүп кеткен эле. Бирок ал Ак үйдөн кетери менен компаниялары кайрадан көтөрүлө баштады.
Forbes эсептөөлөрү боюнча биржалык соодада Масктын активдери кыска мөөнөттө 500 миллиард доллардан ашып, бирок кайра 499 миллиардга төмөндөгөн.
Маск азыр планетадагы эң бай адам деген наам үчүн күрөштө өз атаандаштарынан ат чабым алдыда. Андан кийин эле мультимиллиардерлердин тизмесинде Oracle негиздөөчүсү Ларри Эллисон 350 милилард доллары менен жайгашкан.
Сентябрда эле Oracle акциялары эки: булут инфраструктура жана жасалма акыл багытындагы жакшы прогноздордон улам 40 пайызга кымбаттап, Эллисон Маскттан алдыга озуп чыккан эле.
Бирок андан кийин Масктын компаниялары кайра эле кымбаттап, ал кайрадан биринчи болуп калды.
Илон Маскка ал өзү негиздеген Tesla электромобиль өндүрүшүнүн акцияларынын 12% тийиштүү.
Январь-мартта Илон Маск коомдук башталышта Трамптын командасында иш алып барып, революциялык ыкмалар менен мамлекеттик чыгымдарды кыскартууга аракет кылган. Трампка каршы чыккандар анда Максттын электромобилдерин бойкоттоого чакырып, Tesla акциялары эки жолу такыр эле төмөн түшүп кеткен.
Бирок майда эле Маск кайрадан Tesla жетекчилигине кайтып, Трамп менен катуу урушуп кеткен соң, компания кайрадан кымбаттап, азыр анын көрсөткүчтөрү жыл башындагыдан кыйла жакшырды.
Компаниянын азыркы тапта рыноктогу капитализациясы 1,44 триллион доллар. Максттын башка фирмаларынын, анын ичинде xAI жасалма интеллект боюнча стартапы жана SpaceX космостук компаниясынын да баасы өсүп жатат.
Tesla компаниясынын башкаруу жетекчиси Робин Денхолм сентябрда Маск компанияга толугу менен кайтканын жар кылган.
Аталган кампаниянын башкаруусу сентябрда, эгер Маск 12 миллион электромобиль, жасалма акыл менен миллиондой робот сатып, Tesla наркын сегиз эсеге көтөрө алса, ага триллион доллар өлчөмүндө төлөмдөр убадалаган.
Маск өзү сентябрда Tesla келечегине ишенимин жар кылып, компаниянын акцияларын бир миллиард долларга сатып алган эле.
Биржалык инвесторлор кытайлык электромобиль өндүрүүчүлөр тараптан болгон катуу атаандаштыкка карабай Макстын бул ишенимин бөлүшөт, Tesla акцияларынын баасы өсүп жатат.











