“Массалык түрдө чабуул коёбуз”. Хакердик топтун талабы жана эскертүүсү

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Team Insane Pakistan хакердик тобу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Team Insane Pakistan хакердик тобу 22-майда Фейсбукта кыргыз жарандарынын аты-жөнүн, дарегин, идентификациялык номерин ачыктаган

Жарым миллиондон ашуун кыргыз жаранынын жеке маалыматы Интернетке жайылып кеткенден бери өлкөдө киберкоопсуздук темасы күн тартибине чыкты. Хакерлер Фейсбукта кыргыз жарандарынын аты-жөнүн, дарегин, идентификациялык номерин ачыкка чыгарып, Бишкекте ур-токмокко кабылган пакистандык студенттер үчүн өч алып жатканын эскертти.

Тизмеде жөнөкөй жарандан тартып, аттуу-баштуу расмий адамдардын жана көзү өтүп кеткендердин, компаниялардын да жеке маалыматтары болгон.

“Азаттыктын” журналисттери тизмедеги сегиз жүзгө чукул жарандын аты-жөнүн, паспорт номерлерин Борбордук шайлоо комиссиясынын, Салык кызматынын, Юстиция министрлигинин сайты аркылуу текшергенде толугу менен дал келген. Тизмеде аты бар айрым белгилүү адамдар менен дагы байланышып, алардын ачыкка чыккан маалыматын такташкан.

Хакердик топ 18-майга караган түнү Бишкекте ур-токмокко кабылган пакистандык студенттер үчүн өч алуу максатында ушул кадамга барганын ачык жазды.

Хакер - купуя маалыматка кире алган же вирус жуктуруп кеткен компьютер жана телефон шылууну. Ал интернет шылуундук менен дагы алектенип, акча каражатты ууру жолдор менен онлайн чыгарып кетүүгө жөндөмдүү болот. Хакер ачыкка чыкпайт жана жүзүн ачыктабайт.

Тизмедегилер эмне дейт?

Team Insane Pakistan жарыялаган видеодон скриншот
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Team Insane Pakistan жарыялаган видеодон скриншот

Team Insane Pakistan хакердик топ чыгарган тизмеде Кыргызстанда санарип тармагынын жетекчилеринин аты-жөндөрү бар. Алардын бири Президенттик администрация алдындагы санарип өнүктүрүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Азамат Буржуев.

Буржуев бул маалыматты Би-Би-Сиге тастыктап, анын маалыматтары мурда эле мамлекеттик сайттарда ачык болгонун билдирди.

“Бул маалыматтар ансыз деле ачык жана жеткиликтүү болчу. Эгерде эртең кайсы бир хакерлер бардык мыйзамдын тизмесин жарыяласа, муну маалыматтын чыгып кетүүсү катары атабаш керек. Ал ансыз деле жеткиликтүү, аны көчүрүп анан жарыялап коюшу мүмкүн. Балким, алар хайп кылгылары келсе керек. Биз текшердик, компетенттүү органдар текшерди. Бул эч кандай маалыматтын чыгып кетүүсү эмес”, - деп билдирди Буржуев.

Азамат Буржуев - Президенттик Админстрация алдындагы санарип өнүктүрүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азамат Буржуев - Президенттик администрация алдындагы санарип өнүктүрүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы

Азамат Буржуевдин бул окуядан кийин кызматтан кеткенин ырастап, бирок бул иш менен эч кандай байланыштуу эместигин айтты.

Тизмеде Улуттук коопсуздук кызматы алдындагы Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун жетекчиси Кубанычбек Молдосариевдин дагы маалыматтары бар.

Молдосариев хакердик топтун иши боюнча азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Өлкөдө санарип жетекчилеринин башчыларынын маалыматы хакердик топтун колуна тийгени, алардын ишине болгон сын-пикирди ого бетер күчөттү. Эгерде санарип жетекчилердин өздөрүнүн жеке маалыматы интернет шылуундарга оңой жетсе, демек, жөнөкөй жарандардын киберкоопсуздугу кандай болот деген суроо азыр ачык бойдон турат.

Өлкөнүн санарип жетекчилеринин жеке маалыматы хакердик топтун тизмесинде жүрөт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өлкөнүн санарип жетекчилеринин жеке маалыматы хакердик топтун тизмесинде жүрөт
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Тизмеде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев, мурдагы депутат Адахан Мадумаров, азыркы депутат Балбак Түлөбаев жана башка белгилүү саясатчы адамдар бар.

“Кечээки пакистандык хакерлердин айынан менин дагы маалыматым чыгып кетти. Эми, албетте, менин жашыра турган эч нерсем жок. Өкмөттөгүлөр жүрөт, депутаттар жүрөт анын ичинде мен дагы жүрөм. Эми, Алмазбек Акунжанович (президент жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү) кандай кылабыз буларды? Ушуну өкмөт, Улуттук коопсуздук кызматы иштеш керек да эми. Биздин Санарип министрлигибиз бар (ред.министрлиги) алар эмне кылып жатышат? Эми өлкөнүн коопсуздугунда ушундай маалыматтар чыга береби эми? Коргонуу үчүн кандайдыр бир чараларды көрүш керек да. Ал жакта өлкөнүн жетекчилеринин фамилиялары жүрөт”, - деди депутат Балбак Түлөбаев 6-июндагы парламенттин жыйынында.

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик билдиргендей, хакердик топ кыргызстандыктардын маалыматын Salyk.kg сайтынан алган.

Team Insane Pakistan жарыялаган маалымат

Сүрөттүн булагы, TEAM INSANE PAKISTAN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Team Insane Pakistan жарыялаган маалымат

Салык кызматынын сайтына ар бир колдонуучу логин, паролу аркылуу гана жеке кабинетине кире алат. Андан башка паспорттун идентификациялык номери аркылуу дагы маалымат алса болот. Тагырагы, хакердик топ жарыялаган 630 миңден ашуун жарандын жеке маалыматы Салык кызматынын сайтында ачык жарыяланган эмес.

“Хакерлер маалыматты эки-үч жол менен алышат. Биринчиден, алар серверге мүмкүндүк алышат, экинчиден серверге кире алган бирөөнүн логин, паролун алып алып киришет, үчүнчүдөн бир жерден маалымат чыгып кетет. Бирөө ал маалыматтарды алып, флешкага көчүрүп, флешканы бирөөгө берип салышты же сатып салышты. Булар тармак аркылуу уурдашкан жок. Балким, бирөөнүн логин паролу аркылуу же флешка аркылуу серверге кирүүгө мүмкүндүк алышты”, - деп билдирди IT адиси Динара Руслан.

Тажрыйбалуу IT адиси Динара Руслан
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тажрыйбалуу IT адиси Динара Руслан

IT адистер жарандардын жеке маалыматы толук ачыкталып кетсе, анда жасалма документтер көбөйүп кетүүсү мүмкүн деген кооптонууларын билдирип жатышат. Ошондой эле интернет шылуундар үчүн каражат тоноого бирден-бир мүмкүнчүлүк экенин дагы айтышууда.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги кооптонууга негиз жок деп ишеничтүү билдирип жатканы менен жарандардын жеке маалыматын чогулткан мамлекеттик сайттар мындан ары кандай коопсуздук чараларын колдонот, азырынча белгисиз.

Хакерлер эмне дейт?

Team Insane Pakistan Би-Би-Си суроолоруна жооп берди

Сүрөттүн булагы, TEAM INSANE PAKISTAN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Team Insane Pakistan Би-Би-Си суроолоруна жооп берди

Би-Би-Си кабарчысы Фейсбукта өздөрүн Team Insane Pakistan деп атаган баракча менен байланышып, бир катар суроолорду берди. Алар бул кадамын бишкектик жаштардын чет элдик студенттер менен болгон окуя үчүн өч алуу үчүн жасаганын дагы бир ирет тастыктады. Эгерде кыргыз бийлиги 18-майга караган түндө болгон окуяга катыштыгы бар жарандарга каршы олуттуу кадам жасабаса, алардын мындан аркы хакердик чабуулу улана берерин айтышып, кийинкиси мындан дагы күчтүү болорун эскертишти.

“Ооба, биз Кыргызстанга каршы иш-аракеттерди токтотпойбуз. Эгерде башаламандыкка байланыштуу эч кандай чара көрбөсө, биз Кыргызстанга массалык түрдө чабуул менен келебиз. Биз ошол үчүн азырынча ишибизди токтотуп жатабыз”, - деп жооп жазды Team Insane Pakistan баракчасы.

Алар бул кылганы үчүн моралдык жоопкерчиликти кыргыз эли жана бийлиги сезиш керек экенин дагы кошумчалады.

"Эгерде биз кыргыз студенттерине чабуул коюп, аларды катуу ур-токмокко алсак, сиз кандай акыбалда болмок элеңиз? Бизге Кыргызстандын акылсыз жетекчилеринин расмий сайттарды жөнөкөй ыкмалар менен коргодук дегени кызыктырбайт”, - деп жооп жазды Team Insane Pakistan баракчасы.

Хакерлер чоң каражатка жалданып иштерин, бул кадамын хайп үчүн жасашы мүмкүн дегендер дагы бар.

Кыргыз бийлиги азырынча хакердик топтун мындай билдирүүлөрүнө жооп бере элек. Ачыкка чыгып кеткен 630 миңден ашуун жарандын мындан аркы киберкоопсуздугуна карата ачык чаралар көрүлө элек.

Кыргызстанда IT тармагы жаңыдан өнүгүп келе жаткандыктан, мамлекеттик органдардын маалымат коопсуздугу азырынча жогорку деңгээлде сактала электигин айтып сындагандар дагы болууда. Мындан улам, мамлекеттик программист, айти адистердин айлык акысын жогорулатып, заманбап жабдыктар менен камсыздоо керек деген пикирлер айтылып жатат.