"Гладиатор 2" тасмасына сынчылардын баасы

Сүрөттүн булагы, Paramount Pictures
Ардагер режиссер Ридли Скотт 24 жылдык тыныгуудан кийин даңазалуу "Гладиатор" тасмасын кайрадан чоң экранга алып чыкты. Бул ирет мурдагы тасманын уландысын, жаңы фильмди тартуулоодо.
Буга чейин беш "Оскар" сыйлыгын жеңип, Рассел Кроуга "Эң мыкты актёр" номинациясын алып берген "Гладиатор" тасмасынын экинчи бөлүгү 15-ноябрда көрүүчүлөргө тартууланат.
Башкы каармандын ролун ирландиялык актёр Пол Мескал ойногон жаңы тасма кино сынчыларынын көбүнүн купулуна толду. Ошол эле маалда сындагандар дагы жок эмес.
Би-Би-Синин атынан тасмага баа берген Кэрин Жеймс "Голливуддагы жылдын эң мыкты тасмасы экени айдан ачык" деп мактады.
Америкалык кино сынчы Пол Мескалдын аткаруу чеберчилигине жогору баа берип, "Гладиатор 2" тасмасында драма менен экшн жакшы айкалышып, тең салмактуулуктун арты менен ийгиликтүү болгонун айтты.

Сүрөттүн булагы, Paramount Pictures
Британиялык Guardian гезитинин белгилүү кино сынчысы Питер Брэдшоу дагы тасманы жактыргандардын катарында. Ал уландысы “биз күткөндөн дагы укмуш болгон” деп сыпаттады. Бирок Брэдшоу тасманы 5 баллдык көрсөткүч менен таразалаганда "төрт" деген бааны берген.
Муну менен катар ал убагында "Оскарга" көмүлгөн "Гладиатордун" биринчи бөлүгү азыр деле жогору деңгээлдеги эмгек катары баалана турганын баса белгиледи.
Ал эми Financial Times гезитинин сынчысы Дэнни Лей тасмага 3 коюп, Жаңы жылга жетпей тасма көрүүчүлөрдүн эсинен чыгат деп кесе айтты.
"Оригиналдын жанында бул көлөкөдө калды. Попкорн менен отуруп, бир көрүп койгонго жарайт, – деген баасын берди ал.
Сынчы биринчи жана экинчи тасманын баш каармандарын салыштырып, Пол Мескалдын актердук чеберчилигине “жаш муун Рассел Кроуну туурап жатат” деген оюн айтты.
Independent басылмасынын сынчысы Кларисс Лоугри 86 жаштагы режиссер Скотту мактап, улгайганына карабастан "элестетип, күткөндөн дагы мыкты тасмаларды жаратып жатканын" жазды.

Сүрөттүн булагы, Paramount Pictures
Тасманын үчүнчү бөлүгүн дагы күтөбүзбү?
Кино сынчылар Дензел Вашингтондун актёрдук чеберчилигине да жогору баа беришүүдө. Ал тасмада кул соодагери Макринустун ролун аткарган.
"Дензел Вашингтон кул соодагердин мүнөзү менен экранга чыкканда гана тасма жандангандай болду", – деп белгилеген The Times гезитинин кабарчысы Кевин Махер.

Сүрөттүн булагы, Paramount Pictures
Guardian басылмасынын сынчысы Вашингтон жападан жалгыз эле тасманын көркүн ачканын жазса, The Hollywood Reporter басылмасынын өкүлү ролду “оозду ачыра аткарды" деп мактады.
Тасмада көрүнүктүү аскер башчы Маркус Акациустун образын теги Чилиден болгон, америкалык актер Педро Паскаль жараткан.

Сүрөттүн булагы, Paramount Pictures
"Гладиатордун" биринчи бөлүгүндө да экинчисине да роль жараткандар болду. Алардын бири Конни Нилсен. Ал биринчи тасмада Люсилиянын ролун аткарса, бул ирет Мескалдын (Люций) энесин ойногон.
Тасманын үчүнчү бөлүгү да чыгып калышы мүмкүн.
Тасманын жаратуучулары The Hollywood Reporter басылмасына курган маегинде "Гладиатордун" үчүнчү бөлүгү тууралуу бир нече идеялар бар экендигин жашырышкан эмес. (SA)












