"Укпаса, ушундай кылып тарбиялайбыз". Тамактануу жайларында талкуу жараткан рейд

Сүрөттүн булагы, social media
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си кабарчысы
Бөрк ал десе, баш алуубу?
Бишкек, Ош шаарларында кафе-ресторандарды текшерүү жараяны коомчулуктун нааразылыгын жаратып, ага президент да реакция кылды. Садыр Жапаров тынч иштеп жаткан жайларды текшерүүнү, бизнес өкүлдөрүнө орой мамиле жасоону токтотууга буйрук берди. Кече кечинде жер-жерлерде түнкү эс алуу жайларында рейддер жүргөн. Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев ондон кийин жарыгын өчүрбөгөн айрым кафе-ресторандарды бир айга жабуу тапшырмасын берген. Анын алдында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бардык кафе-ресторандар, клубдар түнкү ондон кийин кардарлар үчүн эшигин жаап, жарыгын өчүрүшү керек экенин эскерткен.
Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө тапшырма бергенден кийин кафе-ресторандарда рейддер жүрө баштаган.
Кечээ, 13-ноябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тойкана, кафелерге түз эле кирип барып, түнкү 22.00дөн кийин ишин токтотпогон коомдук тамактануу жайларын бир айга жабууну буюрган.
"Баарын өчүргүлө, свет, суусун өчүргүлө. Азыр өчүрөсүңөр. Бир айга. Укпаса, ушундай кылып тарбиялайбыз. Кече эскертүү берип кеткем, бүгүн эртең менен эскертүү берип кеткем.
Азыр бул рейддин негизинде аныкталган кафе-ресторандардын баарын жаппасак болбойт. Эртең айтып кетти, кайта эле иштеп жатышат деген сөз болот. Бир айга жабалы. Тарбиялап коелу. Анан иштей беришет", – деди Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев.
Ушундай эле рейддер борбор калаада жана өлкөнүн башка аймактарында да жүрдү.
Нарын шаарынын мэриясы Би-Би-Сиге мындан ары кечки саат 22:00дөн кийин ишин уланткан коомдук жайлардын ээлерине айып пул салына баштай турганын, азырынча түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул рейддерден кийин эл арасында тынчсыздануулар пайда болуп, коомдук тамактануу, көңүл ачуу жайларынын ишин чектөө бул тармакта иштеген адамдарга, ишкерлерге зыянын тийгизе турганын билдиришүүдө.
"Бизнесмендер тобокелчиликке барып, банктардан ири өлчөмдө насыя алышат. Алардын ордуна акчаны ким төлөп берет? Мамлекетпи же өкмөтпү? Насыяларын, карызын кечеби? Анан мындай чектөө киргизүү үчүн өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланышы керек. Өзгөчө кырдаал болбосо, кимдир бирөөгө иштөөгө кантип чектөө киргизсе болот? Конституция, мыйзам иштеш керек да. Экинчиден, бүгүнкү күндө миңдеген адам бул тармакта иштейт, маяна алышат, үй-бүлөлөрүн багышат. Алар кайсы каражатка жашашат?" – деп нааразы болду Социал-демократтар партиясынын лидери Темирбек Султанбеков коомдук сайттардагы баракчасында.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов болсо карапайым элдин ишин чектеп, ошол эле маалда түнкүсүн элдин тынчын алып жатышкан курулуш компанияларына чара көрүлбөй жатканына нааразы болду:
"Баарыбызды электр энергиясын үнөмдөп, саат ондон кийин "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды сактоого чакырып жатышат. Ал эми ортомчу компанияларга үн катышкан жок. Курулуш компанияларынын бири түнчүндө иштеп, суу түтүгүн талкалап, кичи район суусуз калган. Бул жерде унчугушкан жок. Бул курулуш компанияларына чара көрүш керек".
"Ондон кийин "тихий час" киргизүү – бул өз элине каршы кылмыш. Чынында, мен ушул билдирүүнү жазып жатып, өзүм үчүн, балдарым үчүн, жакындарым үчүн коркуп жаттым. Себеби шаар кичинекей, баары бири-бирин билет. Эгер мени камашса, жазаласа, менин балдарым эле жабыркайт. Себеби алар энеге муктаж. Бирок унчукпай коюуга мүмкүн болбогон темалар бар. Унчукпай койгондун өзү кылмыш", – деп нааразы болгон Инстаграмда 100 миңден ашуун катталуучусу бар Алтынай аттуу бологер.
Ал бул билдирүүдөн кийин УКМКга чакырылганын жазды. Атайын кызмат мунун чын-бышыгын айта элек.

Сүрөттүн булагы, facebook
Элдин нааразылыгын жараткан мэрлердин рейдине бүгүн президент Садыр Жапаров реакция жасады.Өлкө башчы электр энергиясын үнөмдөө жана тынчтык мыйзамын камсыздоо максатында берилген тапшырма учурунда аша чапкан жетекчилерге, айрыкча, Оштун жана Бишкектин мэрлерине эскертүү берди. Жапаров жөн отурган элди кубалап, бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын, суусун өчүрүүгө буйрук берүү ашыкча экенин жазды. Ал тынч иштеп жаткан чакан коомдук жайлардын тынчын албоо керек экенин айтты:
"Электр энергиясын үнөмдөө жана тынчтык мыйзамын камсыздоо максатында тапшырма берсек, силер аны "бөрк ал десе — баш алгандай" ашкере аткарып жиберипсиңер. Биз элдин тынчтыгын бузуп, спирт ичимдиктерин ичип алып ызы-чуу салгандар чогулган түнкү клубдарды, ошондой эле түн бир оокумга чейин созулуп, 200дөн 800гө чейин киши чогулган тойканаларды иреттеп, мыйзамдын чегинде көзөмөлдөөнү тапшырганбыз. Ал эми силер болсо тамактануучу кафелерди, тез татым жайларын да жаап, тынч отурган элди кубалап чыгарууга чейин барыпсыңар. Рейд маалында бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын өчүрүп, суусун токтотууга тапшырма берипсиңер! Мындай кылбагыла, токтоткула андай аша чапканды!"
Президенттин билдирүүсү жарыяланардан мурун Ош шаарынын мэриясынын социалдык баракчаларында кече кечинде рейд учуру чагылдырылган видеолор жана сүрөттөр өчүрүлдү.
Кечээ, 13-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев тынчтыкты сактоо мыйзамы аткарылбай жатканын айтып, кечки саат 22.00дөн кийин кафе-ресторан, оюн-зоок жайлары ишин токтотушу керектигин эскерткен:
"Жазуу жүрүндө токтом кабыл алынса, аткарбайт экенсиңер, мен өзүмдүн сөзүм менен силерге тапшырма берип кетейин. Урматтуу жергиликтүү бийликтин жетекчилери, саат ондон кийин бардык тойлор, оюн-зооктор токтош керек. Түнкү клубдар, кафе-ресторандар ишин токтотуш керек. Эгер кимдир бирөө тартипке баш ийбесе анда жарыгын өчүрүп койгула".
УКМК төрагасынын эскертүүсүнөн кийин рейддер жанданган.
Быйыл 1-нобярдан бери өлкө боюнча электр кубатына чектөө киргизилген. Эртең мененки жана кечки убактарда калкка берилген 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн. Бийлик мунун Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы менен түшүндүрүп жатат.








