"Бир түтүн чыкпайт".“Асман” шаарын куруу дымагы жана планы

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Президент Садыр Жапаров баштаган кыргыз бийлиги наркы 20 миллиард долларлык эң амбициялууу долбоор – заманбап “Асман” шаарынын курулушуна старт бергени жатат.

Долбоор бюджеттен каржыланбастан, инвесторлордун жардамы менен ишке ашырылат.

Долбоордун презентациясынан скриншот

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Долбоордун презентациясынан скриншот

Ысык-Көл жээгинде экологиялык жактан таза заманбап шаарды курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууда. Азырынча инвестор боло турган компаниянын аты атала элек.

“Эч ким ишенген эмес”

“30-июнда Ысык-Көл облусунда экологиялык “Асман” шаарынын курулушуна старт берилет. Бул долбоор жарыяланганда сөзүмдүн башында айткандай, эч ким ишенген эмес. Ал тургай шакаба, күлкү кылып дагы айтып, жазып жатышты. Ири долбоордун курулушуна Президентибиз капсула салат, андан ары жумуш башталат”, - деп жазды бүгүн президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков.

Буга чейин 31-майда Чолпон-Ата калаасындагы паркты ачуу салтанатында сүйлөп жатып Садыр Жапаров "Асман" шаарынын долбоору даяр болуп калганын айткан. Президент инвесторлордон акча өндүрүү ою болбошу керектигин айтып, жергиликтүү элге жана бийликке кайрылган:

“Менин айтайын дегеним, аксакал-көксакалдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү отурасыздар. Жанагындай жаштар барып алып дагы миллиондогон доллар сурабасын. “Биз шаар салдырбайбыз, бизге анан спортзал салып бер, жол салып бер. Чөнтөгүмө миллион доллар салып берсең ошондо макул болобуз” деген ошондой инцидиенттер болбосун. Ошону тарбиялап айткыла, мээсине куйгула. Кайра, тескерисинче, сырттан келген инвесторлорго шарт түзүп беришибиз керек”.

Кыргыз бийлиги Ысык-Көлдүн жээгине кеминде 500 миң жашоочуга ылайыкташкан, экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар курула турганын былтыр жар салган. Анда бул шаар Балыкчыга 15 чакырым жакын жерде, Тору-Айгыр айылынын өйдө жагына курулары жана 7-10 жыл аралыгында толук салынып бүтөрү айтылган.

Баштапкы долбоордо шаар үстүнөн караганда комузга окшош болору көрсөтүлгөн. Бирок коомчулукта, ал тургай Жогорку Кеңеште дагы өлкөнүн борбору – Бишкектин өзүндө айрым чарбалык иштер бүтпөй жатканда “Асман” шаарын куруунун кажети туралуу талкуулар болду.

Жанар Акаев, ЖК депутаты

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жанар Акаев, ЖК депутаты

Ушул айда эле Жогорку Кеңеште депутат Жанар Акаев жаңы шаарды кое туруп борбор каладагы туташ проблемаларды чечүүнү сунуштаган:

“Жайында суу жок, кышында смог. Коомдук транспорт эскирди, жаңы конуштардагы абал абдан начар, мектеп менен бала-бакча жетишпейт. Таштандыны иштетүүчү ишкана канчалаган инвесторлор келсе да курулган жок. Эгер ушундай жол менен кетсек Бишкегибиз чоң эле бир айыл болуп калат. Мына ошого баратабыз. “Асман” шаарына кетчү акчага ушул Бишкегибизди, борбор шаарыбызды оңдоп албайлыбы. Ошончо миллиард долларды ошол шаарга салгыча, Бишкекти тыпыйтып оңдоп албайлыбы”.

Инвестор ким?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Өкмөт Асман шаарын куруу мамлекеттик дирекциясын 2021-жылы сентябрда түзгөн. Андан бери долбоорду ишке ашырууга Россия Германия, БАЭ жана башка өлкөлөрдөн инвесторлор чыгып жатканы тууралуу айтылып келди.

Быйыл жазында “Асман” шаарынын курулушу боюнча иш президенттин иш башкармалыгына өтүп, долбоорду баштоого биринчи инвестор табылды. Баштапкы этапта бул долбоорго биринчилерден болуп акча салууга кореялык ишкана белсенип жатат.

Анын өкүлү катары жергиликтүү ЖМКларга маалымат берип келе жаткан мурдагы айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев бул чоң холдинг экенин, анын курамына 12 компания кирерин айтты.

“Ушул кореялык компания бир миллиарддын тегерегинде сумманы инвестиция кылып, Кореядагыдай экологиялык таза шаар куруп берели деп атат. Ал курула турган шаардын ичинен бир килограмм да мусор чыкпайт. Акыр-чикир кайра иштетилип, катуусунан электр энергиясына алынат. Суюгуна кайра иштетсе болчудай суу чыгарышат. Бул шаардан ал түгүл түтүн да чыкпайт. Ыш чыгарбаган нано-технологиялар бар экен. Жашыл шаар деп атышат, шаардын жанында 700 гектар жерге теплица куруп беребиз деп атышат".

"Асман" шаарынын эскизи

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Долбоордун презентациясынан скриншот

Заманбап шаарды куруу боюнча мамлекеттик дирекция буга чейин дүйнөдөгү ири он архитектуралык компанияга кат жөнөткөн. Алардын алтоосунан жооп келип, япониялык Nikken Sekkei компаниясынын сунуштары кыргыз өкмөтүнө көбүрөөк жагып атканы белгилүү болду.

“Мурунку долбоорду жокко чыгарып, дүйнөдөгү эң чоң деген он компанияга кат жөнөткөнбүз. Алтоонон жооп келди, ичинен япониялык компания Кыргызстанды толук изилдеп чыгып, сунушун бериптир. Биз бул компанияга көбүрөөк тартылып атканыбыздын себеби, ал жакта жер титирөө көп болот, андыктан алардын технологиялары жакшы, күчтүү. Мындан тышкары Гонконгдон, Нидерланды жана БАЭнына сунуштар түшүп жатат. Бул шаар жогорку стандарттарга жооп берген жакшы шаар болот. Бул жаңы шаарды экологиялык таза шаар деп атабыз. Бул шаарда бензин, дизель менен жүргөн автомобилдерге тыюу салынат. Жалаң гана электромобиль жүрөт”, -деди “Асман” шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчисинин орун басары Чыңгыз Шерматов.

Ал коомдук сайттарда жаңы шаар үчүн бөлүнгөн жерлер инвесторлорго берилип кетет деген сөздөр чындыкка дал келбесин айтты.

Шерматов ошондой эле кореялык инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдүн четин ачыктап, курулган жаңы шаардагы турак-жайлардын 5% Кыргызстандын менчигине өтөрүн айтты. Мындан тышкары, шаардагы сатылган ар бир батирдин суммасынан 5% кем эмес акча Кыргызстандын эсебине түшүп турмакчы.