Коркуу, нес болуу жана башаламандык: ирандыктар кандай күн кечирип жатат?

Сүрөттүн булагы, ABEDIN TAHERKENAREH/EPA-EFE/Shutterstock
Израил акыркы жылдардагы эң ири аба чабуулдарын Иранга багыттап, анын өзөктүк программасын бутага алды. Бул чабуулдарга Иран да жооп кайтарды. Ошондон бери эки мамлекет бирин-бири улам-улам аткылап жатат.
Израилде кеминде 10 адам каза болду. Тегеранда болсо соккулар ар түрдүү объекттерге, анын ичинде турак-жайларга да тийди. Ирандын маалымат каражаттарынын билдиришинче, Израилдин аба чабуулдарынын кесепетинен 128 адам өмүрү менен кош айтышты.
Тегерандын тургундары кырдаалдан чыгуунун жолун таба албай, дендароо болуп турушат.
Би-Би-Си Перс кызматынын кабарчысы менен сүйлөшкөн адамдардын көбү Ирандагы азыркы жашоону "туңгуюкка кептелгендик" деп мүнөздөшүүдө.
Бир аял Би-Би-Сиге эки түндөн бери уктай албай жатканын айтты.
"Мен өтө оор учурду башымдан өткөрдүм", – деди ал.
Анын айтымында, азыркы кырдаал ага 1980-жылдардагы иран-ирак согушун, бала кезде бомбадан калкалоочу жайларда өткөргөн күндөрүн эскертип жатат:
"Анда жок дегенде чабуул башталганда аба айгайы жаңырып же алдын ала эскертүү берилчү. Азыр болсо бомба түшүп жатабы, учактан сокку урулдубу — эч кандай сирена да, эскертүү да жок. Кыязы, чиновниктерди биздин өмүрүбүз кызыктырбайт деле окшойт".
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Үйдөн алыска чыгып, күйүүчү май издөөгө туура келди, анткени бардык май куюучу жайларда узун-узун кезек жаралды", – деди Тегерандын дагы бир тургуну.
Кээ бир жашоочулар болсо "бийлик өкүлдөрү жашаган райондордон алыс жерлерге" кетип жатышат.
Би-Би-Си кабарчысы Гонче Хабибиазад интернет улам үзгүлтүккө учурап, өлкөнүн ичиндеги адамдар менен байланышта болуп туруу да кыйын болуп жатканын билдирди.
Чет өлкөдө жашагандар Ирандагы жакындарына кабар жөнөтүп, жооп келеби деп үмүт кылышууда.
Тегерандын бир тургуну соккудан кооптонуп, шаардан чыгып кетүүнү ойлоп жатканын айтат.
"Биз кичинекей шаарларга же айылдарга кеткибиз келет, бирок ар бирибизде Тегерандан кете албаган жакын адамдарыбыз бар жана алар жөнүндө ойлонобуз. Биз баштан кечирип жаткан бул окуялар Ирандын бардык эли үчүн адилетсиздик", – деди ал.
Ал ирандыктар азыр "кыймылдай албай, шал болуп калышкандай" абалда экенин кошумчалады.
"Өлкө жетекчилери эч кимди ойлобой, өмүрүбүздү баалабай жатканына капабыз. Баарыбыз ушул оор күндөрдө эптеп жан сактап, коркуп, чарчап, катуу стрессте жашап жатабыз. Бул абдан оор жана азап", — дейт ал.
"Мен Тегерандан жөн эле кетип кала албайм. Алыска бара албаган карыган ата-энемди таштап, өзүм шаардан кете албайм. Анын үстүнө жумушка чыгышым керек. Эми эмне кылсам болот?" – дейт Тегерандын дагы бир тургуну.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Айрым адамдар Израил армиясынан аскерий объектилердин жанындагы аймактардан оолак болууну суранган эскертүүлөрдү алышты. Тегерандын жашоочуларын дал ушул нерсе өтө кабатырлантып жаткансыйт.
"Ооба, тилекке каршы, мен бул билдирүүнү өз көзүм менен көрдүм. Бирок кайсы жерде аскерий объект бар, кайсы жерде жок экенин биз кайдан билебиз?"
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху чабуулдардын экинчи күнү иран элине өзүнчө кайрылуу жасап, режимге каршы көтөрүлүп, аны кулатууга чакырды.
Бирок Би-Би-Синин перс кызматынын кабарчысы Дариуш Кариминин айтымында, азырынча ирандыктар биринчи кезекте өз коопсуздугун ойлоп жатышат. Нетаньяхунун чакырыгына кулак төшөгөндөр жок сыяктуу.

Сүрөттүн булагы, WANA/Reuters
Өкмөттүн версиясы
Би-Би-Синин перс кызматынын дагы бир кабарчысы Пуяан Каланинин айтымында, өзөктүк объекттер менен авиабазаларга жасалган чабуулдарга караганда, турак жайлардын кыйрашы – Ирандагы адамдардын үрөйүн көбүрөөк учурду. Муну жөнөкөй жарандар да, өкмөттүн өкүлдөрү да күтүшкөн эмес.
Урандылардын алдында каза болгон баланын сүрөтү, чаңга булганган жумшак оюнчук аюу, көчөгө түшүп калган сүрөт альбомдун барактары — мындай көрүнүштү көптөгөн ирандыктар иран-ирак согушунан бери көрө элек болчу.
Тегеранга жасалган чабуу "алдыңкы саптагы" көптөгөн адамдарды ойго салып койду. Деги эмне болуп жатат, мунун масштабы кандай жана биз өзүбүздү, үй-бүлөбүздү кантип коргой алабыз деген суроо жаралды.
Мындан тышкары Ирандын аткаминерлери Израиль кантип бир нече сааттын ичинде маанилүү объекттерге сокку урганын, эмне үчүн өлкөнүн абадан коргонуу системасы каршылык көрсөтө албаганын түшүндүрүп бере алышкан жок.
Көпчүлүк эл "толук масштабдагы согуш башталдыбы" деген суроону бере башташты.
Аткаминерлер мамлекеттик телеканалдар аркылуу "олуттуу эч нерсе болгон жок, бардыгы көзөмөлдө" деп, шаарлар "коопсуз жана тынч" экенин айтышты.
Бирок өткөн жума күнү түшкө маал Ирандын жогорку лидеринин каты жана видео кайрылуусу жарыялангандан кийин теле алып баруучулар жана эксперттер бир добуштан "катуу жооп кайтарылары" жөнүндө айтып жатышты.
Аятолла Али Хаменеи өз видео кайрылуусунда: "Куралдуу күчтөр чечкиндүү аракеттерди көрөт жана бул кара санатай сионисттик режимди тизе бүктүрөт", — деп билдирди.

Сүрөттүн булагы, ABEDIN TAHERKENAREH/EPA-EFE/Shutterstock
Кечке жуук Иран Тель-Авив тарапка баллистикалык ракеталарды учуруп, мамлекеттик телеканалдар бул учурду түз эфирде көрсөтө баштады. Анда ракеталар Израилдин ири шаарынын борборуна тийип жаткандай көрүнгөн.
Бул кадрлардын фонунда талдоочулар Ирандын ракеталары Израиль коргонгонуна карабай, буталарга таамай тийип, аларга "сабак боло турган кыйратуучу соккуларды" жасашканын айтып жатышты.
Ошентип, Тегеран жеңиштин картинасын жаратканга аракет жасады.
Бул Израил Ирандын аба базаларына жана Натанз, Фордо жана Исфахандагы өзөктүк объектилерге тынымсыз чабуулдарды жасап жаткан маалда болду. Ишемби күнү эрте Израилдин учкучсуз учактары дале Тегерандын үстүнөн учуп жүрдү.
Кээ бир адамдар шаардан качып кетүү үчүн күйүүчү май алууга шашылып, май куюучу жайларда узун кезек пайда бодду. Башкалары болсо тартыштык болуп калышы мүмкүн деген кооптонуу менен
нан сатып алып, күрүч жана өсүмдүк майын камдап жатышты.
Бир нече сааттан кийин Ирандын ички иштер министри мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу элге кайрылып: "Тынч болуңуздар, дүрбөлөңгө алдырбаңыздар, расмий булактарга гана ишениңиздер, керексиз сапарлардан баш тартыңыздар жана өзгөчө кырдаал кызматтарына көмөктөшүңүздөр" деген билдирүү жасады.
Бирок бул кайрылуу башаламандыкка жол бербегиле деген талап сыяктуу угулду.
"Ислам революциясынын сакчылар корпусунун" бир нече жогорку аскер жетекчилеринин жана ядролук тармактагы окумуштуулардын набыт болгону тууралуу кабардан башка бийликтен расмий маалымат дээрлик болгон жок. Айрым агенттиктерде гана аскердик жана ядролук объекттерге урулган соккулар тууралуу үстүртөн айтылды.
Бул күндөрү медианын бетин расмий адамдардын, диний уюмдардын жана ар кандай мекемелердин билдирүүлөрү каптап кетти. Баары бир ооздон "зомбулук көргөн, бирок чыдамкай эл" жөнүндө айтып, Ирандын аймактык өнөктөштөрүн бириктирген "Каршылык көрсөткөн ок" аттуу альянсы ишин улантып жатканын ырастап, жогорку лидерди "каттаал өч алууга" чакырышты.
Бирок бул билдирүүлөрдөн кийин: Израиль кантип ушунча кеңири масштабдагы чабуул жасай алды, канча жетекчи жана илимпоз өлдү, канча жөнөкөй жаран набыт болду, кайсы объекттер талкаланды, Тегеранда же башка ири шаарларда калуу коопсузбу же жокпу деген суроолор жоопсуз калды. (AA)












