Чарльз III ооруп калды. Канзаадалар Уильям менен Гарринин жашоосу кандай өзгөрөт?

Яна Литвинова, Би-би-си, Лондон

Канзаадалар Уильям менен Гарри 2021-жылы апасы принцесса Диананын айкелинин ачылышында

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Канзаадалар Уильям менен Гарри 2021-жылы апасы принцесса Диананын айкелинин ачылышында

Чарльз III шишик оорусуна чалдыкты деген кабар баарын таң калтырды. Коом мындай удаа-удаа келген көйгөйгө даяр эмес болчу (Уэльс канбийкесинин операциясы жана монархтын өзүнүн ооруп калышы ). Король биз ойлогондон да олуттуу ооруга чалдыкканы белгилүү болду.

Букингем сарайы бул анчалык деле олуттуу иш эмес жана король конституцияга ылайык премьер-министрди кабыл алуу, кагаздарга кол коюуну өзү аткара берерин, ал эми эл менен жолугушууга королдук үй-бүлөнүн башка өкүлдөрү барып турарын билдирди.

Бирок кеп “фирмада” ишке жарактуулардын саны азайып жатканында болууда.

Эң биринчи кезекте көтөрүлгөн суроо: анын балдары канзаадалар Уильям менен Гарринин жашоосунда кандай өзгөрүүлөр болушу күтүлөт?

Коомдук ишке эртелеп киришүү

Канзаада Уильям жубайы жана балдары менен 2023-жылдын 25-декабрында Сандрингемдеги Рождествону майрамдоого катышкан. Көп өтпөй Уэльс канбийкесине операция жасалды.

Сүрөттүн булагы, STEPHEN POND

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Канзаада Уильям жубайы жана балдары менен 2023-жылдын 25-декабрында Сандрингемдеги Рождествону майрамдоого катышкан. Көп өтпөй Уэльс канбийкесине операция жасалды.

Ооруп калган королдун милдеттерин аткаруу анын тун уулу жана тактын мураскору Уэльс канзаадасы Уильямдын мойнуна жүктөлөт.

Жарым ай мурун 41 жаштагы канзаада олуттуу операция болгон жубайынын жанында болуу үчүн пландалган иш-чараларды жана жолугушууларды токтоткон эле. Эмне үчүн олуттуу? Анткени анча-мынча оору болсо, эки жума бейтапканада жатпайт эле.

Бир жарым жыл мурун Кейт, Уильям жана алардын балдары ( 10 жаштагы канзаада Жорж, сегиз жаштагы канбийке Шарлотта жана беш жашар канзаада Луис) королдук милдеттердин түйшүгүнөн жана кызыгып тиктеген туристтик көздөрдөн качып Виндзорго келишкен болчу.

Алар сарайдын өзүндө эмес, Виндзор паркынын ортосундагы Аделаиданын коттеджине (Вильям IV аялы үчүн курулган) жайгашты.

Канзаада менен канбийкенин бардык кызматкерлери Лондондун борборундагы Кенсингтон сарайына барып орун алды, королдун үй-бүлөсүнө керек учурда Виндзорго барып кызмат кылып турушмакчы.

Уильям атасынын милдеттерин аткарышы керек болгондуктан, аялын жана балдарын таштап, баш калаага келиши мүмкүн.

Король, королева-консорт, Уэльск канзаадасы жана канбийкеси өткөн жылы декабрда болгон дипломатиялык кабыл алуудан кийин.

Сүрөттүн булагы, CHRIS JACKSON

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Король, королева-консорт, Уэльс канзаадасы жана канбийкеси өткөн жылы декабрда болгон дипломатиялык кабыл алуудан кийин. Королдук үй-бүлөнүн жашоосундагы маанилүү азем окуясы
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Королго диагноз коюлган күндүн эртеси анын кеңсесинин берген маалыматы боюнча 6-февраль шаршемби күнү канзаада Виндзор сепилинде инвеститура өткөрөрүн жарыялаган. Бул милдет анын өзүнө тиешелүү. Ошондой эле Лондондогу Санитардык тез жардам үчүн каражат топтолуучу кайрымдуулук гала-концертине катышмак.

Дарылануу курсунун узактыгына байланыштуу, канзаада март айынын башында Вестминстер аббаттыгынын шериктештик күнүнө жана июнда Нормандиядагы D-Day десанттарынын 80 жылдыгын майрамдоо сыяктуу иш-чараларга королдун ордуна барышы мүмкүн.

Кандай учур болбосун, канзаада Уэльсте бош убакыт жок болот. Бир нече жыл мурун азыркы король Уэльстин канзаадасы болуп турганда апасы Елизавета II милдеттеринин бир тобун өз мойнуна алган эле.

Эми Уэльстин жаңы канзаадасы Чарльз III милдеттерин аткарышы керек.

Король карапайым калк менен иш алып барууну жакшы көрөт, ошондуктан анын жакындарынын айтымында, эртерээк айыгып, милдеттерин аткарууга кайтып келүүгө аракет кылууда.

Жок эле дегенде Чарльз III апасы пандемия учурунда кылгандай, жолугушууларды онлайн өткөрүп турушу мүмкүн.

Адашкан уулдун кайтып келиши

Канзаада Гарри атасынын диагнозу тууралуу кабардан кийин Лондонго келди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Канзаада Гарри атасынын диагнозу тууралуу кабардан кийин Лондонго келди. Бул анын жакын арада үй-бүлөсү менен жараша турганын билдиреби?

Чарльз жаман диагноз тууралу бир туугандарына, эжесине жана эки уулуна өзү билдиргени белгилүү болду.

Көп өтпөй коомчулукка канзаада Гарри атасын көрүү үчүн Калифорниядан Лондонго жалгыз учканы кабарланды.

Мындай алганда канзааданын келиши королдук үй-бүлө мүчөлөрүнө эч кандай таасирин тийгизбейт. Анын Лондонго келиши жеке маселе: катуу ооруга чалдыккан атасынын акыбалын сураганга келип отурат.

Бирок Чарльз менен Гарри ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, өз ара мамилесин оңдоп алышабы, кеп ошондо. Королдун да тилегени азыр ушул.

Анын үстүнө соңку учурда канзаада Гарри жарашууга кадам жасап жатканынын кандайдыр бир ишаратын көрсөтүүдө.

Ата-бала мамилесинде түшүнбөстүк анын автобиографиялык китеби жарыкка чыккандан кийин башталды. Себеби бул китепте автор азыркы каныша Камилланы мактаган эмес, салкын мамилесин көрсөткөн.

Бирок булардын мамилеси Чарльздын коронациясы убагында ого бетер начарлап кеткендей болду. Гарри салтанат бүтөөрү менен атасы жана агасы менен коштошпой, Калифорнияга учуп кеткен эле.

Бирок атасы менен баласы андан кийин телефондон жакшы эле сүйлөшкөнү белгилүү. Атасынын туулган күнүндө Гарринин балдары чоң атасына “Туулган күнүң” менен деген ырды ырдап беришкен.

Атасынын коронациясында Гарри башка коноктордон башкача болуп, ындыны өчүп жүрдү.

Сүрөттүн булагы, WPA POOL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Атасынын коронациясында Гарри башка коноктордон башкача болуп, ындыны өчүп жүрдү. Коронация аземине ал бир милдет аткарып катышкан эмес.

Гарри Чарльз менен жарашса, агасы менен да жарашабы, айтуу кыйын. Ал агасы менен кездешеби же жокбу, ал дагы азыр белгисиз.

Айтмакчы, Уэльс канзаадасынын азыр бош убактысы жок. Анткени ал атасынын милдеттеринин бир бөлүгүн өз мойнуна алууда, анын үстүнө операциядан жаңы эле чыккан жубайы дагы сакая элек. Үч баласы дагы аталык камкордукка муктаж.

Дагы бир маалыматка токтолсок: келген канзаада кайда жашарын таблоиддер кызуу талкуулап жаткан учуру. Ал королдук үй-бүлөнүн милдеттерин жыйыштырып, аялы менен кетип жатканда, королдук үй-бүлө Гарри аялы менен жашаган үйдүн ачкычын кайтарып беришин талап кылышкан эле.

Канзаада мекенине өткөн жылы сентябрь айында келген, анда ал мейманканага токтогон болчу.

Муундардын алмашуусу

Бул сүрөттө королдун үй-бүлөсү толук курамында. Эми Карл III жана Уэльс канбийкеси катардан чыгып калгандыктан, каныша Камилла менен канзаада Уильямдын жумушу эки эсе көбөйдү.

Сүрөттүн булагы, CHRIS JACKSON/GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул сүрөттө королдун үй-бүлөсү толук курамында. Эми Чарльз III жана Уэльс канбийкеси катардан чыгып калгандыктан, королева Камилла менен канзаада Уильямдын жумушу эки эсе көбөйдү.

Британ монархиясынын жашоосуна көз салган журналисттердин айтымында, бүгүнкү күндө негизги проблема королдук үй-бүлө мүчөлөрүнүн өтө эле аздыгында болууда.

Королдун эки бир тууганы жана бир карындашы бар. Учурда алардын балдары, неберелери бар. Бирок алардын бир нечеси гана расмий түрдө королдук үй-бүлөнүн курамына кирет.

Королдун топтон чыгышы убактылуу деп туралы. Королева Камилла, канзаада Уильям, канбийке Анна жана канзаада Эдвард жубайы менен калды. Жакында эле бул тизмеде королева Елизавета II, канзаада Филипп жана канзаада Эндрю, ага кошумча Чарльз өзү жана Уильямдын жубайы Кейт бар болчу.

Уэльстин канзаадасы менен канбийкеси гана элүүгө чыга элек, бирок бул курактык категорияда королдун үй бүлөсүнөн иштеген башка эч ким жок.

Бактыга жараша, королдун иниси канзаада Эдвард Чарльз IIIдөн бир топ жаш: ал болгону 59 жашта, королдук үй-бүлөнүн өкүлү катары дагы көп жыл активдүү иштей алат.

Королдук милдеттерди аткарууга өкүлдөр жетишсиз. Албетте, өсүп келе жаткан муун бар, бирок алар азыр мектепте окушат.

Андан сырткары, Уильям менен Кейт балдарына, айрыкча тун уулуна эл менен жолугушууга кайсы курактан уруксат берерин биз билбейбиз.

Кечээ эле үй-бүлө балконго батпай топурап турчу эле

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кечээ эле үй-бүлө балконго батпай топурап турчу эле

Королдук үй-бүлө аткара турган милдеттер жөнүндө “Сарай жарчысы” гезитинде соңку жылда жарыяланган 425 пункттун айрымдарына гана токтололу:

  • Февраль айында король Чыгыш Лондон университетинде жаңы медициналык факультетин ачты.
  • Сентябрь айында Шотландиянын Кинросс шаарындагы жакырчылык менен күрөшүү боюнча кайрымдуулук уюмуна барды.
  • Октябрда Чарльз III Норфолкто паллиативдик жардам көрсөтүүчү жаңы хоспис ачты.
  • Ноябрда король менен королева “коронациялык тамак-аш долбоорун” ишке киргизишти, анын максаты тамак-аш калдыктарынын жана сапатсыз тамак-аштын санын кыскартуу.
  • Ошол эле айда король Букингем сарайында британиялык медайымдардын жана акушерлердин урматына кабыл алуу уюштурду.

Көрүнүп тургандай, иш-чаралардын диапозону жана географиясы кенен. Королдук үй-бүлө чакырыктардан мүмкүн болушунча баш тартпоого аракет кылат. Ошондуктан кээ бир иш чаралардын убакыт саатын жылдырууга туура келет, ал өзүнчө машакат.

Учурдагы абалга байланыштуу кээ бир офлайн жолугушуулар онлайн болушу ыктымал. Бирок мындай алмашууга коом кубанбай турганы факт. (КМ)