Гонконг: көп кабаттуу үйдөгү өрттүн курмандыктарынын саны өсүүдө, үч адам кармалды

Трагедиядан кийинки таңда күйүп кеткен турак жай комплекси (Дрондон тартылган).

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трагедиядан кийинки таңда күйүп кеткен турак жай комплекси (Дрондон тартылган).

Гонконгдун түндүгүндөгү Wang Fuk Court турак жай комплексинде болгон ири өрттүн натыйжасында, акыркы маалыматтар боюнча, 55 адам каза болуп, жүздөгөн киши дагы эле дайынсыз болууда.

Гонконг бийлиги өрткө байланыштуу үч адам кармалганын билдирди.

Полициянын маалыматына ылайык, кармалгандар — жашы 52ден 68ге чейинки эркектер — имаратта оңдоо иштерин жүргүзгөн курулуш компаниясында иштешет. Алардын экөө компаниянын жетекчилери, дагы бири — инженер-консультант.

Бийлик өкүлдөрү имараттын сырткы бетинен отко чыдамдуу эмес материалдар табылганын айтышты.

"Компаниянын жетекчилиги одоно шалаакылыкка жол берген деп эсептөөгө негиз бар, бул трагедияга алып келип, оттун көзөмөлсүз жайылышына себеп болгон, натыйжада масштабдуу кырсык болду" – деди полиция өкүлү.

Wang Fuk Court турак жай комплексинин 65 жаштагы тургуну AFP агенттигине, ал жерде кырк жылдан ашык жашаганын жана анын кошуналарынын көбү улгайган адамдар болгонун айткан.

"Оңдоо иштеринен улам терезелер жабык болгон, [айрым тургундар] өрт чыкканын билишкен эмес, кошуналары телефон аркылуу аларга эвакуациялоо керектигин айтышкан. Мен нес болдум", – деди ал.

Бийик кабаттуу турак жай комплексинин сегиз корпусунун жетөөнү каптаган өрттү 700дөн ашык адам өчүрдү. Трагедиядан кийинки таңда өрт өчүрүүчүлөр дагы деле бир нече өрт очокторун өчүрүүгө аракет кылып жатышты.

Өрттүн себеби белгисиз, ал турак жай комплексинде оңдоо иштери жүрүп жаткан маалда чыккан.

Бейшемби күнү эртең менен Гонконгдун администрация башчысы Жон Ли 279 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде экенин билдирди, бирок кийинчерээк өрт өчүрүүчүлөр алардын айрымдары менен байланышка чыкканын кабарлашты.

Ли 900дөн ашык адам убактылуу жайгаштыруучу жерлерден башпаанек тапканын айтты.

Кытайдын CCTV мамлекеттик телеканалы билдиргендей, КЭРдин лидери Си Цзиньпин өрттөн каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

Өрткө байланыштуу үч адам кармалган

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өрткө байланыштуу үч адам кармалган
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Өрт жергиликтүү убакыт боюнча шаршемби күнү саат 14:51де башталганы белгилүү болду. Өрткө бешинчи, эң жогорку кооптуулук деңгээли ыйгарылган. Полиция жакын жайгашкан имараттардын тургундарын эвакуациялаган.

Wang Fuk Court комплексинин экинчи блогунда жашаган 66 жаштагы Гарри Чен Reuters агенттигине саат 14:45 чамасында (GMT 6:45) "өтө катуу үн" угуп, коңшу имаратта өрт тутанганын көргөнүн айтты.

"Мен азыр эмнени сезип жатканымды да билбейм. Жөн гана бул түнү кайда уктайм деп ойлонуп жатам, анткени үйгө кайтып бара албай калышым мүмкүн," – дейт ал.

Комплекстин айрым тургундары өрттүн мындай масштабга жетишине нааразы болуп, бийликтин реакциясын сынга алышты.

"Токой өртү болгондо, алар тик учактарды колдонуп, суу ташташат, эмне үчүн бул жерде андай кылышпайт? Башка имараттардын күйүшүнө кантип жол берүүгө болот?" – дейт 60 жаштагы Пун аттуу тургун.

"Биз өрт өчүрүүчү бөлүмгө абдан жакын жашайбыз, биз өрт тез өчүрүлөт деп ойлогонбуз, бирок азыр ал жайылып кетти. Менин абдан көңүлүм калды," – деди ал South China Morning Post гезитине берген маегинде.

Окуя болгон жердеги сүрөттөрдө имараттардын айланасы бамбуктан жасалган курулуш тосмолору менен курчалганы көрүнгөн. Алар металл конструкцияларга караганда жеңилирээк, бирок бышык жана оңой орнотулат. Reuters агенттиги эске салгандай, Гонконг өкмөтү коопсуздук максатында бамбук конструкцияларынан акырындык менен баш тартуу чечимин жазында кабыл алган.

Wang Fuk Court комплекси 1983-жылы деңизге жакын жерде жана ири автомагистралдардын жанында курулган. Ал сегиз турак жай блогунан турат, анда 1984 батир бар. 2021-жылдагы эл каттоо боюнча, ал жерде 4600гө жакын адам жашаган.

Би-би-синин Кытай кызматына райондук депутат Муй Сью-фун билдиргендей, өрт сегиз блоктун жетөөсүн каптаган, алардын ар биринде оңдоо иштери жүрүп жаткан. Акыркы, сегизинчи блок күйгөн эмес, бирок Муй белгилегендей, ал жерде алгач кичинекей өрт очогу пайда болгон, "бирок өрт өчүрүүчүлөр аны дароо өчүрүп калышкан, ошондуктан бул блок күйгөн жок".

Гонконгдун турак жай комплекстери адатта компакттуу пландаштырылган, имараттар бири-бирине жакын жайгашкан, батирлери кичинекей жана аларда ар бир чарчы метр пайдаланылат. Мындай тыгыздык өрт чыккан учурда көп сандагы адамдарга таасир этиши мүмкүн дегенди билдирет.

Өрт кызматынын башчысынын орун басары Дерек Армстронг Чандын айтымында, жогорку температура куткаруучуларга имараттарга кирип, адамдарды эвакуациялоону баштоого мүмкүндүк берген эмес.

"Кулап жаткан сыныктар жана имараттын курулуш конструкциялары куткаруучулар үчүн кошумча коркунуч жаратат," – деп белгилеген ал.

Wang Fuk Court комплекси 1983-жылы деңизге жакын жерде жана ири автомагистралдардын жанында курулган.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Wang Fuk Court комплекси 1983-жылы деңизге жакын жерде жана ири автомагистралдардын жанында курулган.