Британия өкмөтү мыйзамсыз миграцияга каршы кошумча 100 миллион фунт бөлмөй болду

Мигранттар

Сүрөттүн булагы, YOAN VALAT/EPA/Shutterstock

Улуу Британиянын Ички иштер министрлиги Ла-Манш аркылуу өтүп жаткан мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү үчүн дагы 300 офицер жалдап, ага 100 миллион фунт стерлинг (130 миллион доллардан ашуун сумма) короторун жарыялады. Акча техникалык жабдууларга да жумшалат.

Ички иштер министри Иветт Купер бул чара Улуу Британияга "аткезчилик менен алектенген кылмыштуу топторду жакшыраак көзөмөлдөөгө жана алар менен күрөшүүгө" жардам берет деп билдирди.

Консервативдик партия бул демилгени "көңүл бурдуруу үчүн жасалган үмүтсүз аракет жана ал чыныгы өзгөрүү алып келбейт" деп атады.

2025-жылдын июль айынын аягына карата берилген маалымат боюнча, 25 миңден ашуун мыйзамсыз мигрант Ла-Манш аркылуу чакан кайыктар менен Франциядан Улуу Британияга өткөн.

Өткөн айда Улуу Британия менен Франция "бири келсе — бири кайтат" деген пилоттук программа боюнча макулдашышты. Анын максаты — мигранттардын кысык аркылуу өтүшүн токтотуу.

Келген мигранттардын айрымдарын Британия кайра Францияга жөнөтөт. Анын ордуна Британия коопсуздук текшерүүлөрүнөн өткөн бирдей сандагы башпаанек сурагандарды кабыл алат.

Ички иштер министрлиги 100 миллион фунт стерлинг чегаранын коопсуздугун чыңдоого, Европа, Жакынкы Чыгыш, Африка жана башка жерлерде иштеп жаткан аткезчилик түйүндөрүнүн лидерлерин аныктоого жардам берет деп үмүттөнөт.

Купердин айтымында, бандалар өздөрүнүн тактикасын ар кандай шарттарга ыңгайлаштырып, адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурганына карабастан, максималдуу пайда табууда.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Улуу Британиянын Кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча улуттук агенттигинин (NCA) директору Роб Жонстун айтымында, учурда өлкөгө аткезчилик жол менен келген адамдарга карата 91 тергөө иштери жүрүп жатат.

Британ Консервативдик партиясынын өкүлү Крис Филп өлкөнү башкарып жаткан лейбористтерди "миграция маселесин чечүү боюнча олуттуу планы жок" деп айыптады.

"Британия коомчулугу кур ураандар менен убактылуу чараларды эмес, реалдуу аракеттерди талап кылат", — деди ал.

Улуу Британиядагы оңчул-популисттик Reform UK партиясынын лидери Найжел Фараж Daily Express гезитиндеги макалада, өкмөттү катуу сынга алды.

Анын айтымында, өкмөт "мыйзамсыз миграция кризиси өзүнөн өзү токтоп калат деген үмүт менен, салык төлөөчүлөрдүн акчасын отко ыргытып жаткандай".

"Кошумча 100 миллион фунт — оң жакка кетеби, сол жакка кетеби — эч нерсени өзгөртпөйт. Бул кайыктарды да, контрабанда менен алектенген топторду да токтото албайт", — деп кошумчалады Фараж.

Мигранттардын чакан кайыктар менен мыйзамсыз өтүп келиши — лейбористтердин убагында гана пайда болгон маселе эмес. Бул көйгөй менен андан мурдагы консерватордук өкмөт да күрөшүп келген.

Консерваторлор мындай жол менен келген мигранттарды Руандага жөнөтүү сунушун киргизген, бирок бул программа соттук талаш-тартыштардан улам токтотулган. Программа ишке кире электе шайлоо өтүп, жаңы премьер-министр болуп келген Кейр Стармердин алгачкы чечимдеринин бири программаны жокко чыгаруу болгон.

Жекшемби күнү Улуу Британия Ла-Маншты мыйзамсыз кесип өтүүгө байланыштуу онлайн жарнама кылгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга ниеттенип жатканы белгилүү болду. Бул беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы менен коштолот.

Улуу Британияда мыйзамсыз миграцияга жардам берүү буга чейин эле кылмыш болуп эсептелчү. Бирок өкмөттүн айтымында, мыйзамга кошумча өзгөртүү киргизилсе, полиция менен башка күч түзүмдөрүнө мыйзам бузгандарга каршы күрөштө көбүрөөк ыйгарым укук берилет.

Мыйзам Улуу Британиянын иммиграция мыйзамдарын бузууга көмөктөшүүчү ар кандай кызматтарды көрсөтүүгө же жарнамалоого тыюу салат.

Буга, мисалы, социалдык тармактарда жасалма паспортторду, визаларды же Улуу Британияда мыйзамсыз жумуш сунуштарын жарнамалоо кирет. Мындай ишке баргандарга абактан тышкары ири өлчөмдөгү айып салынат.

Ошол эле жекшембиде Лондондун каржы жана бизнес борборлорунун бири Канэри-Уорфто башпаанек издегендердин жергиликтүү мейманканаларга жайгаштырылышына каршы нааразылык акциялары өттү.

Лондон шаардык полициясынын маалыматына ылайык, Britannia International мейманканасынын жанында топ адамдар жашоочулар менен кызматкерлерге кысым көрсөтүп, товарларды жеткирүүгө тоскоолдук кылышкан. Полициянын жаңыланган билдирүүсүндө митингчилер тосмону бузуп, мейманканага кирүүгө аракет кылышканы айтылат.