Сирия өкмөтү менен күрт күчтөрү ортосунда тарыхый келишим түзүлдү

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Сирия өкмөтү күрттөр баштаган улуттук кошуундардын альянсы — «Сирия демократиялык күчтөрү» менен келишимге жетишти. Ага ылайык, күрт куралдуу түзүмдөрү жана институттары акырындык менен мамлекеттик түзүмдөргө кошулат.
АКШнын Түркиядагы элчиси жана Сирия боюнча атайын өкүлү Том Баррак бул келишимди «Сириянын улуттук элдешүүгө, биримдикке жана туруктуу стабилдүүлүккө карай жолундагы фундаменталдык жана тарыхый баскыч» деп атады.
Бул бир нече жумага созулган салгылашуулардан кийин болуп отурат. Сирия аскерлери өлкөнүн түндүк-чыгышындагы 10 жылдан ашык убакыт бою «Сирия демократиялык күчтөрү» кыймылынын көзөмөлүндө турган кеңири аймактарды кайтарып алууга жетишти. Ири аймактык жоготуулардан кийин күрттөр ок атууну токтотууга макул болду, натыйжада аймактардын олуттуу бөлүгү өкмөттүн көзөмөлүнө өттү, бирок уланып жаткан кагылышуулар бар.
Мурда кол коюлган 14 пункттан турган келишим сыяктуу эле, жаңы келишим күрт күчтөрүнүн кагылыш линиясынан чыгып кетүүсүн, алардын согушкерлеринин Сирия армиясына жана мамлекеттик түзүмдөрүнө кошулуусун, ошондой эле «Сирия демократиялык күчтөрүнүн» административдик жана жарандык органдарынын мамлекеттик тутумга интеграциялануусун карайт.
«Сирия демократиялык күчтөрү» билдиргендей, алардын согушкерлеринен үч бригада түзүлүп, алар Сирия армиясынын курамындагы бөлүктү түзөт. Күрттөрдүн «X» социалдык тармагында жарыяланган билдирүүсүндө, күрт калкынын жарандык жана билим берүү укуктары боюнча макулдашууга жетишилгени жана жер которгон адамдарга үйлөрүнө кайтууга уруксат берилери айтылат.
Келишимге ылайык, «Сирия демократиялык күчтөрү» көзөмөлүндө турган түрмөлөр, ошондой эле мунай жана газ кендери Дамаскка өтөт. Буга чейин кыймыл бул позициялардан чегингенден кийин, Сирия аскерлери өлкөдөгү эң ири мунай кени болгон «Омар» объектисин көзөмөлгө алышкан. Андан мурдараак армия Евфрат дарыясындагы стратегиялык маанилүү Табка дамбасын басып алган.
Күрттөр «Ислам мамлекетин» талкалоого олуттуу салым кошушкан жана кийинчерээк АКШнын колдоосу менен Сирия аймагынын дээрлик үчтөн бир бөлүгүн көзөмөлдөп турушкан. 2024-жылдын декабрында 13 жылдык жарандык согушту аяктоосун шарттаган Башар Асаддын режими кулагандан кийин, «Сирия демократиялык күчтөрү» бир аз убакытка Сириянын түндүк-чыгышындагы аймактарда көзөмөлүн сактап калган.
Сириянын президенти, мурдагы козголоңчулардын лидери Ахмед аш-Шараа жиктелген өлкөнү бириктирүүнү убада кылган. 2025-жылдын мартында эле анын өкмөтү менен «Сирия демократиялык күчтөрүнүн» ортосунда интеграция боюнча келишимге кол коюлган, бирок иш токтоп калып, тараптар бири-бирин келишимди бузууга айыпташкан.
Акыры, ушул жылдын 18-январында кайрадан жанданган кагылышуулардан кийин тынчтык келишими түзүлдү. Аш-Шараа бул келишим Сирияга «бытыранды абалын токтотуп, биримдикке жана прогресске карай жылууга» мүмкүндүк берет деген үмүтүн билдирди. Ал күрттөрдүн маданий, тилдик жана жарандык укуктарын таануу боюнча жарлык чыгарып, күрт тилин мамлекеттик тил кылды, жарандыгы жок күрттөргө жарандык берди жана алардын Жаңы жылын (Нооруз) улуттук майрам деп жарыялады.
Бул — Сирия 1946-жылы көз карандысыздыкка ээ болгондон берки күрттөрдүн улуттук укуктарынын алгачкы расмий таанылышы.
































