АКШ: трак айдаган кыргызстандыктар ишсиз калабы?

Мээрим Догдурбекова
Би-Би-Си Кыргыз кызматы
АКШда трак айдоочуларына талаптын күчөшү далай кыргызстандык айдоочуларды бейпайга салды. Текшерүүлөрдөн улам алардын айрымдары ишин убактылуу токтотууга аргасыз болгону кабарланууда. Бир нече күн мурда Кошмо Штаттардын Транспорт министрлиги чет элдиктерге коммерциялык айдоочулук күбөлүктү (CDL) берүүдө чукул чектөөлөрдү киргизген. Мындай чаралар Флоридада чет элдик мигрант айдаган трак кырсыкка учурап, андан үч киши өлгөндөн кийин кабыл алынууда.
"Мигранттарга кысымдарды көрүп жатабыз"
АКШда оор жүк ташуучу унаа айдаган миңдеген кыргызстандыктар бар. Алардын бири Акжол Ражапов бир нече жылдан бери трак менен жүк ташыйт. Ал Америкадагы соңку чектөөлөр кыргызстандыктарга да таасирин тийгизип жатканын Би-Би-Сиге айтты:
"Соңку учурда мигранттарга, трак айдоочуларына болгон ар кандай кысымдарды көрүп жатабыз. Жыл башынан бери эле алгач англис тилин текшерип башташты, эми айдоочулук күбөлүгү боюнча текшерүүлөр башталды. Алардын алкагында ондогон жарандарыбыз кармалды деп угуп жатабыз. ICE (АКШнын иммиграция жана бажы полициясы) офицерлери тарабынан кармалган тааныштарыбыз да бар. Аларды убактылуу кармоочу жайда кармап жатышат. Ал жерде 6-7 айдан бери отургандар да бар экен, өз каалоосу менен депортацияга кол коюп беришсе да, кое бербей кармап турган учурлар бар экен. Мен суранат элем, айдоочулар АКШ мыйзамдарына ылайык иш алып баралы. Себеби мигранттар жол кырсыгына кабылганда, аябагандай чоң резонанс болуп кетип жатат. Башка деле кырсыктар болот, бирок чет элдиктерге келгенде, эрежелер катаалдашып кеткендей сезим болуп жатат да"

Айтмакчы, АКШдагы трак айдоочуларына карата жаңы чектөөлөр жүк ташуучу унаалар аралашкан кандуу жол кырсыктарынан кийин кабыл алынууда.
Акыркы жолу 12-августта бул штатта жүк ташуучу унаа жол эрежесин бузуу менен бурулууга аракет жасаганда аны минивен унаасы келип сүзүп, кырсыктан үч адам каза тапкан. АКШ бийлиги рулдагы айдоочу өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигрант экенин билдирген.
Бул окуядан көп өтпөй АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио коммерациялык трактардын айдоочуларына жумуш визасын берүү убактылуу токтотуларын жарыялаган.

Сүрөттүн булагы, SCREENSHOT
26-сентябрда болсо Американын Транспорт министрлиги коммерциялык айдоочулук күбөлүк (CDL) алуу үчүн чет элдик жарандарга талапты күчөттү. Министр Шон Даффи акыркы жарым жылда эле трактар катышкан кандуу үч кырсык катталганын, соңку чектөөлөр коомдун коопсуздугу үчүн кабыл алынганын айтты.

Сүрөттүн булагы, US Department of Transportation
Шон Даффи, АКШнын транспорт министри:
"Биздин өкмөттүк системабыз америкалык үй-бүлөлөрдүн жолдогу коопсуздугун сактоого багытталган. Бирок бул система бузулду. Мен өлкө боюнча чет элдиктерге берилген коммерциялык айдоочулук күбөлүк жөнүндө айтып жатам. Жөнөкөй тил менен айтканда, бул 80 миң фунт (36 тонна) салмактагы ири жүк ташуучу унааны башкаруу үчүн чет элдик айдоочуларга берилген лицензиялар. Алар АКШнын жараны эмес, мыйзам чегинде туруктуу жашаган адамдар эмес. Бул лицензияларды берүү процесси 100 пайыз бузулган".
"АКШнын экономикасына терс таасирин тийгизет"
Жаңы чектөөгө ылайык, эми тракты АКШнын жараны, же грин-картанын ээси, же тийиштүү федералдык текшерүүлөрдөн өткөн белгилүү бир визанын түрлөрүнө ээ иммигрант гана айдай алат. Калган иммигранттарга коммерциялык айдоочулук күбөлүк берилбейт.
Адистер бул чектөөлөр АКШда трак жүк ташуу тармагына олуттуу таасир тийгизиши мүмкүндүн айтып, бул тармакта иммигранттардын үлүшү чоң экенин эске салышууда.
Саясатчы Айбек Турдалиев АКШ бийлигинин бул кадамы ал өлкөнүн экономикасына кедергисин тийгизет деп эсептейт.

Сүрөттүн булагы, social media
"Тилекке каршы, бул АКШнын экономикасына аябай чоң терс таасирин тийгизет. Себеби мигранттар жылына миллиарддаган акчаларды сарпташат. Ал үйдүн ижарасы, insurance (камсыздандыруу), тамак-аш, күйүүчү май жб чыгымдардын баарын АКШда жумшалып, ушул жактын экономикасында калат. Андан тышкары статусуна карабай ар бир мигрант жыл сайын салык төлөйт. Мигранттар америкалыктардын жумуш ордун талашкан эмес, болгону америкалыктардын жасап жаткан ишин эле толуктап жаткан болчу".
"Айдоочулар убактылуу ишин токтотууда"
Чикагодо трак компаниясы бар кыргызстандык Алмаз Эгембердиев айрым айдоочулар ишин убактылуу токтотуп жатканын айтып берди.

"Биздин компаниядан төрт айдоочу трактарын алып келип, токтотуп коюшту. Алар "биздин үй-бүлөбүз бар, текшерүүлөргө кабылып, кармалып калбайлы, тобокелчиликке барбай туралы" деп убактылуу ишин токтотушту. Мен аларды түшүнүү менен кабыл алам. Эми жаңы реклама берип, грин-картасы бар айдоочуларды жумушка чакырам. Негизинен өтө жаман акыбал болуп жатат ",-деди Алмаз Эгембердиев.
Ишкер Эгембердиев эми трак айдаган айрым кыргызстандыктар ишсиз калышы мүмкүн экенин жашырган жок. Себеби мурда жумушка уруксат берчү кагаздын же айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү бүткөндө, барып жаңылап алууга мүмкүн болчу. Эми жаңы эрежелерге ылайык, күбөлүктөн тышкары, чет элдиктер федералдык текшерүүдөн өтүп, АКШда мыйзамдуу жүргөнүн далилдеши керек болот. Бул текшерүүдөн өтпөй калгандар иштей албай калат.
Мыйзамсыз берилген лицензиялар көзөмөлгө алынат
Иммиграциялык маселелер боюнча юрист Манас Муратбеков чет элдик жарандарга айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө аныкталган мыйзам бузулар да жаңы эрежелерди киргизүүгө себеп болушу мүмкүндүгүн айтууда. Ал бул тууралуу Facebook баракчасына жазып, трак айдоочуларга ар кандай мыйзам бузуулардан алыс болуу үчүн документтерин алдын ала текшерип чыгууну сунуш кылды.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Айдоочулар эми англис тилин да билиши керек
Буга чейин май айында АКШнын транспорт министри коммерциялык унаа айдоочулары үчүн англис тилин билүү талаптарын күчөтүү боюнча жаңы тескемесин жарыялаган. Ага ылайык, коммерциялык унаа айдоочуларынын англисче канчалык билери текшерилет. Эгер айдоочу англис тилинде жол эрежелерин түшүнбөсө же жол белгилерин туура окуй албаса, ал кызматтан четтетилет.
АКШ президенти Трамп шайлоо алдындагы мыйзамсыз мигранттарга каршы күрөшүү убадасын ишке ашырууда. Ал экинчи мөөнөтүнө киришкенден берки жети ай ичинде АКШнын Иммиграция жана бажы агенттиги 200 миңдей адамды депортациялады. Бул агенттиктин Американын шаарларындагы мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддери талаш-талкууларга жем таштап жатат.












