ХАМАС барымтадагы акыркы израилдиктерди бошото баштады

Сүрөттүн булагы, Reuters
ХАМАС эки жылдан ашуун убакыттан бери Газада кармалып турган акыркы туткундардын биринчи тобун Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүп берди. Бул тынчтык келишиминин негизги шарттарынын бири болуп саналат.
Мурдараак израил басылмалары туткундарды бошотуу эки баскыч менен өтөрүн кабарлашкан. Барымтадагылардын биринчи тобу жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө Нецарим коридорунда, экинчи тобу саат 10:00дө Хан-Юнис шаарында азаттык алары айтылган.
Израил басылмалары жана Reuters агенттиги билдиргендей, Газанын өзүндө жети туткун Кызыл чырымга өткөрүлүп берилди.
Бул жаңылыкты Тель-Авивдеги "Туткундар аянтында" микрофон аркылуу жарыялашканда, эл кол чаап, кубануу менен кабыл алды.
"Кызыл чырымдын маалыматына караганда, барымтадагы жети киши аларга өткөрүлүп берилди жана алар Газа тилкесиндеги ЦАХАЛдын күчтөрүнө бара жатышат", — деп билдирди Израил армиясы.
"Аль-Жазира" телеканалы кабарлагандай, тирүү туткундардын бошотулушунун экинчи баскычы Газанын түштүгүндө, саат 10:00дө өтөт.
Ал ортодо АКШнын президенти Дональд Трамп Тель-Авивге келди. Ал барымтадан бошотулган адамдар менен жолугуп, Кнессетте сөз сүйлөөрү күтүлүүдө.
Трампты аэропорттон Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана анын жубайы, АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф, президенттин кеңешчиси Жаред Кушнер жана президенттин кызы Иванка Трамп тосуп алышты.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Мурдараак ХАМАС бошотулууга тийиш болгон 20 кишинин ысымын жарыялаган. Алар: Бар Куперштейн, Эвьятар Давид, Йосеф-Хаим Охана, Сегев Кальфон, Авинатан Ор, Элкана Бохбот, Максим Херкин, Нимрод Коэн, Матан Зангаукер, Давид Кунио, Эйтан Хорн, Матан Ангрест, Эйтан Мор, Гали Берман, Зив Берман, Омри Миран, Алон Охель, Гай Гильбоа-Далал, Ром Браслабски, Ариэль Конио.
Ошол эле учурда Reuters агенттиги өз булагына таянып билдиргендей, дүйшөмбү күнү башы азат болору күтүлүп жаткан бардык 1966 палестиналык туткун дагы Израилдин түрмөлөрүнөн автобустарга отургузулду.
ХАМАСтын туткундары
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС 251 адамды туткунга алган. Алардын көбү израил жарандары болгон, бирок арасында ондогон чет өлкөлүктөр жана кош жарандыгы бар адамдар да бар эле. Туткундардын басымдуу бөлүгүн карапайым жарандар түзгөн, бирок алардын катарында бир нече израил аскерлери да болгон.
Өткөн жумада ок атышууну токтотуу жарыяланган. Ага чейин Газада 48 туткун калган болчу. Алардын ичинен болжол менен 20 адам (айрым маалыматтар боюнча 22) тирүү болушу мүмкүн.
Каза болгондордун сөөктөрү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлүп, алардын өздүгү так аныкталгандан кийин гана Израил тарап өз милдеттенмесин аткарууга — Израил түрмөлөрүндө кармалган палестиналык туткундарды жана камактагыларды Газага өткөрүп берүүгө киришет.
Жекшемби күнү ХАМАС өзүнүн Telegram каналында тирүү туткундардын баарын эсептеп чыкканын, аларды бошотуу жараяны үч башка пунктта уюштуруларын билдирди. Мындан мурунку бошотуу операциялары Кызыл чырымдын арачылыгы менен өтүп, уюм туткундарды кабыл алып, Израилге жөнөтүп турган.
Израил бийлиги калган туткундар бошотулуп, каза болгондордун сөөктөрү өткөрүлүп жатканда Палестина тарап эч кандай жыйындарды уюштурбашы керек деген талап койгон. Мурда ХАМАС туткундарды митингдер жана жүрүштөр менен чыгарып, бул Израил жарандарынын нааразылыгын жараткан.
Алдын ала белгиленгендей, туткундар бошотулгандан кийин медициналык борборлорго, госпиталдарга жеткирилет.
ХАМАС биринчи төрт туткунду "гуманитардык себептерге" байланыштуу 2023-жылы октябрда бошоткон. Газадагы согуштун баштапкы айында израил тарап бир аскерин бошотуп алууга жетишкен.
2023-жылдын ноябрь айында биринчи ок атышпоо жараянынын алкагында Израилге кыска убакыт ичинде 106 адам кайтарылган. 2023-жылдын соңунда кеминде 10 туткун каза тапканы белгилүү болгон.
2024-жылы Израил армиясы 27 туткундун сөөгүн кайтарган, ошондой эле дагы жети адамды бошотуп алган. 2025-жылдын январь-февраль айларында ХАМАС менен макулдашуу негизинде дагы 30 адам бошотулган. Жыл ичинде Израил армиясы дагы 22 туткундун сөөгүн кайтарууга жетишкен.

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images
Мурунку макулдашууларга ылайык, туткундарды кайтаруу үчүн Израил бийлиги да түрмөдө отурган палестиналык туткундарды бошоткон. Алардын жалпы саны дээрлик эки миң адамга жеткен. Алардын арасында ХАМАС жана башка палестиналык уюмдарда маанилүү кызматтарда иштегендер да бар.
Азыркы тынчтык келишимине ылайык, Газадан туткундар кайтарылгандан кийин болжол менен өмүр бою абакка кесилген 250 палестиналык жана эки жылга созулган согуш учурунда камалган 1700 адам бошотулат.
ХАМАС жети жогорку кызматтагы палестиналык жетекчинин да бошотулушун талап кылган. Алардын катарында Марван Баргути да бар. Ал 2004-жылы 5 адамдын өлүмүнө себеп болгон кол салууларды уюштургандыгы үчүн өмүр бою абакка кесилген.
Баргути бошотулса, ал Палестина администрациясынын келечектеги шайлоосунда маанилүү талапкер болуп калышы ыктымал. Бошотулушу мүмкүн болгон башка лидерлердин арасында 2008-жылы 30 жылга кесилген "Палестинаны куткаруу элдик фронтунун" лидери Ахмад Саадат да бар.











