Трамп сөзүн монтаждоодо жалаа жапты деп Би-Би-Сини сотко берди

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШ президенти Дональд Трамп Би-Би-Сини сотко берип, корпорацияны жалаа жапты деп айыптады. Айтымында, 2021-жылдын 6-январында сүйлөгөн сөзүнүн айрым үзүндүлөрү "Панорама" программасынын документалдык тасамысында бурмаланып берилген. Трамп Британ телерадиоберүү корпорациясынан беш миллиард доллар өндүрүп берүүнү талап кылууда.
15-декабрда АКШнын Флорида штатындагы сотко берилген доо арызда Трамптын адвокаттары Би-Би-Сини коммерциялык укукка байланыштуу мыйзамдарды бузду деп айыптаган.
Анда 2021-жылдын 6-январында анын тарапташтары Капитолийге кирип барган күнү айтылган сөздөр "атайылап, жаман ниет менен коомчулукту адаштыруу максатында" редакцияланганы айтылган.
Би-Би-Синин жетекчилиги сот иши боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.
Ноябрь айында Би-Би-Си Трамптын сөздөрүн редакциялаганы үчүн кечирим сураган, бирок анын компенсация төлөө талабын четке кагып, жалаа жапты деп айыптоого негиз жок экенин билдирген.
Ошол эле учурда, ноябрдын башында эле Трамп Би-Би-Сини сотко берүүнү көздөп жатканын ачык айткан.
"Мен муну кылышым керек деп ойлойм. Алар алдашты. Мен айткан сөздөрдү бурмалашты",- деген Трамп журналисттерге.
Андан кийин ал корпорацияга сотко кайрылуу ниети бар экенин эскерткен кат жөнөткөн.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Трамптын сөздөрүн редакциялоо боюнча чуулгандуу окуя британиялык Telegraph гезити BBCнин редакциялык стандарттар комитетинин мурдагы көз карандысыз кеңешчиси Майкл Прескоттун эскертүүсүн жарыялагандан кийин башталган.
Анда Прескотт BBC жетекчилигинин көңүлүн корпорациянын флагмандык программаларынын бири болгон "Панорамада" Дональд Трамптын сөзү бурмаланган сыяктуу монтаждалып калганына бурган.
2021-жылдын 6-январында Вашингтондогу сөзүндө Трамп:
"Биз Капитолийге барып, эр жүрөк сенаторлорубузду жана Конгресстин мүчөлөрүн колдойбуз", - деп айткан.
Мындан 50 мүнөттөн ашык убакыт өткөндөн кийин (ошол эле сөзүнүн жүрүшүндө) ал дагы мындай деп кошумчалаган:
"Биз күрөшөбүз. Бар күчүбүз менен күрөшөбүз",- деген.
Бирок өткөн жылы эфирге чыккан "Трамп: Экинчи мүмкүнчүлүк?" деп аталган "Панорама" программасында анын сөздөрү төмөнкүдөй келтирилген:
"Биз Капитолийге барабыз...мен сиздер менен барам. Биз күрөшөбүз. Бардык күчүбүз менен күрөшөбүз".
"Бар күчүбүз менен күрөшөбүз" деген билдирүү Трамп АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктары "бурмаланганы" тууралуу айтып жаткан учурда жасалган. Жалпысынан "күрөш" же "күрөшүү" деген сөздөр 20 жолу айтылган.
Би-Би-Си мындай монтаж Трамп түздөн-түз зомбулук аракеттерине чакырып жаткандай жаңылыш таасир калтырганын моюнуна алган.
9-ноябрда корпорациянын башкы директору Тим Дэйви жана BBC News кызматынын жетекчиси Дебора Тернесс кызматтан кетти.
Трамп сотко доо арыз бергенге чейин, Би-Би-Синин юристтери анын дооматтарына кеңири жооп беришкен. Алар берүүнү монтаждоодо жаман ниет болбогонун жана программа Трампка зыян тийгизбегенин билдиришкен. Юристтер берүү эфирге чыккандан көп өтпөй Трамп президенттик шайлоодо жеңишке жеткен айткан.
Андан тышкары, адвокаттар BBCнин программаны өзүнүн америкалык каналдарында көрсөтүү укугу жок экенин, ошондуктан аны АКШда көрсөтпөгөнүн белгилешти.
Тасма Улуу Британиянын аймагында гана жеткиликтүү болгон BBCнин iPlayer стриминг платформасына жарыяланганын билдирген.
Трамптын адвокаттары доо арызында BBC менен башка медиа корпорациянын ортосундагы келишим тууралуу сөз кылып, тасманы Улуу Британиядан тышкары жерлерде да жайылтуу укугу бергенин айткан. Бирок BBC да, экинчи корпорация да бул дооматка азырынча жооп бере элек.
Андан тышкары, доо арызда Флориданын тургундары тасманы VPN аркылуу же британиялык BritBox стриминг кызматын колдонуп көрүшү мүмкүн экени айтылган.












