Британ жараны Орусиянын пайдасына тыңчылык кылуу аракети үчүн күнөөлүү деп табылды

Тааныштарынын айтымында, Ховард Филлипс чалгындоо иштерине абдан кызыгып кеткен

Сүрөттүн булагы, CPS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тааныштарынын айтымында, Ховард Филлипс чалгындоо иштерине абдан кызыгып кеткен

Британ соту 65 жаштагы жаранын Улуу Британиянын коргоо министри тууралуу маалыматты Орусиянын чалгын кызматына берүүгө аракет кылганы үчүн күнөөлүү деп тапты. Ховард Филлипс орус чалгынчылары менен байланышка чыктым деп ойлогон, бирок чындыгында аны менен британ агенттери иштеген.

Сот учурунда анын мурдагы аялы Аманда күйөөсү өзүн "Жеймс Бонд" катары көргүсү келип, тыңчылык тууралуу тасмаларды көп көрүп, чалгын дүйнөсүнө катуу берилип кеткенин айтты.

2023-жылдын октябрында ал Улуу Британиянын Чек ара кызматына жумушка орношууга аракет кылган. Прокуратуранын айтымында, ушундай жол менен ал Орусияны кызыктыра турган маалыматтарга жетүүнү каалаган.

2024-жылдын март айында Филлипске өздөрүн "Саша" жана "Дима" деп тааныштырган адамдар байланышкан.

Алар андан кандай маалымат бере аларын жана эмне үчүн жардам бергиси келип жатканын жазып, маалыматты флешкага салып, Лондон көчөлөрүнүн бирине токтогон велосипедге жашырып коюусун суранышкан.

Сотто айтылгандай, ал флешкага өзүн "абдан пайдалуу табылга" деп мүнөздөгөн документти сактап, "толук берилгендик жана ишеним" менен иштей турганын убада кылган.

Филлипс WhatsApp аркылуу "Саша" жана "Дима" менен жазышып жатып, өзүн "жарым-жартылай пенсияда жүргөн, бирок таасирдүү адамдар менен байланышы бар киши" катары сыпаттаган. Андан кийин ал бул эки адам менен Лондондо жана Эссекс графтыгынын Вест Таррок шаарындагы соода борборлордун биринде жолуккан.

Жолугушуулардын биринде Филлипс тыңчылардан "Москва" деген сөздүн ордуна "апа" деген сөздү колдонууну суранган жана "апа" анын ишин баалайт деген үмүтүн билдирген.

Прокурор Жослин Ледварддын айтымында, 2024-жылдын май айында "Дима" менен болгон жолугушууда Филлипс Британиянын ошол кездеги коргоо министри Грант Шаппстын үй дарегин, телефон номурун жана жеке учагынын жайгашкан жерин биле турганын айткан.

Сот учурунда айыптоочу тарап бул маалыматтар Британиянын коргонуу багытындагы пландарын тыңшоо максатында Орусияга жардам берүү үчүн берилгенин кошумчалаган.

Филлипс ошондой эле "орусиялык агенттерге" мейманканаларды брондоп, уюлдук телефондорду сатып алууга жардам берүүнү сунуштаган.

2024-жылдын 16-майында жарандык кийимчен британ чалгынчылары Филлипс Лондондун Кингс Кросс станциясынын жанында "Саша" менен жолуккандан кийин кармап кетишкен.

Баары акча үчүнбү?

Филлипс Британиянын ошол кездеги коргоо министри Грант Шаппстын үй дарегин, телефон номуру жана жеке учагынын жайгашкан жерин биле турганын айткан

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Филлипс Британиянын ошол кездеги коргоо министри Грант Шаппстын үй дарегин, телефон номуру жана жеке учагынын жайгашкан жерин биле турганын айткан
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ледварддын айтымында, британиялык жаран Москва үчүн "идеологиялык себептерден улам же Орусияга жан тарткандыктан" иштегиси келген болбошу мүмкүн.

Филлипс жөн гана "жеңил, балким кызыктуу жумуш аркылуу" тез акча табууну каалаган,- деди прокурор.

Сот отуруму учурунда Филлипс "Дима" менен "Сашанын" башынан эле орус агенттери эмес, башка бирөөлөр экенин сезгенин айтып, алардын чыныгы ким экенин билиш үчүн жөн гана "роль ойногонун" билдирген.

Бирок сот арачылары анын бул сөзүнө ишенген жок. Төрт сааттан ашык талкуудан кийин алар бир добуштан аны башка өлкөгө көмөктөшкөнү үчүн күнөөлүү деп тапты.

Королдук прокуратуранын террорчулукка каршы бөлүмүнүн башчысы Бетан Дэвиддин айтымында, Филлипс душман мамлекетке кандай кызмат көрсөтмөкчү болгонун ачык-айкын билдирген.

"Ал мамлекеттик кызматка орношууга аракет кылып, жашыруун маалыматтарга жетүүнү каалаган. Коргоо министринин жеке маалыматтарын берүү менен бирге өз пайдасы үчүн акча табууну көздөгөн. Ал өз өлкөсүнө зыян келиши мүмкүн экенин ойлоп дагы койгон эмес",- деди Дэвид.

Филлипске кандай жаза берилери кийинчерээк белгилүү болот. Британияда чет элдик чалгынчылар менен кызматташуу үчүн 14 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.