Маммолог: Кыргызстанда ар бир сегизинчи аялдын эмчек рагына кабылуу коркунучу бар

- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Си кабарчысы
Жыл сайын октябрда көкүрөк рагы боюнча маалымдоо айлыгы белгиленет. Анын максаты аялдарга бул оору тууралуу көбүрөөк маалымат жеткирүү жана эмчек рагын эрте аныктоонун маанилүүлүгүн көрсөтүү болуп саналат. Кыргызстан да бул акцияга катышып, бир ай бою аялдарга бекер медициналык текшерүүлөр сунушталат.
53 жаштагы Салтанат Курамаева бир жарым жыл мурда ракка чалдыкканын билген. Бир канча дарылануудан кийин операциядан чыгып, калыбына келип жаткан чагы.
Убагында текшерилүү маанилүү
"Төрт жолу химия алдым. Андан кийин операция болдум. Бир жарым жыл убактымды өткөрүп алдым. Коркуу сезими пайда болуп, кетип калгам. Бир жарым жылда чоңойтуп, көбөйтүп алып, кайра келдим. Эч нерсеге ишенбей калдым. Бир гана медицинага ишенип, кайра келдим. Баарын көрдүм окшойт", — деди Салтанат Курамаева.
Бишкектеги Улуттук Онкология жана гемотология борборунун маммология бөлүмүнүн башчысы Чолпон Дөөлөталиева Кыргызстанда аялдар социалдык жактан активдүү болуп, бирок ден-соолугуна көңүл кош мамиле кылышат. Анын айтымында аялдар бул илдетти өтүштүрүп алганда гана дарыгерлерге кайрылышат.
"Эмчек рагы аялдардын онкологиялык ооруларынын арасында биринчи орунда турат. Тилекке каршы, бул илдеттен каза болгондор дагы биринчи орунда. Бизге кайрылган аялдардын 40-50% оорунун өтүшүп кеткен 3-4-стадиясында келишет. Аларга биз операция гана жасашыбыз керек же химиотерапия жазабыз. Бирок аял бизге эрте кайрылса, биз ооруну эрте аныктап, жеңилирээк жолдор менен дарыламакпыз", — деди Дөөлөталиева.
Айымдар кеминде бир жылда бир ирет көкүрөк бездерин текшерүүдөн өтүп туруусун дарыгер сунуштайт. Себеби сүт безинин рагынын алгачкы стадиясында эч кандай белгилери болбойт, ооруну эрте аныктоонун бир гана жолу медициналык кароодон убагында өтүп туруу.

"Кыргызстанда ар бир сегизинчи аял эмчек рагына чалдыгып калуу коркунучу бар"
"Кыргызстанда ар бир сегизинчи аял эмчек рагына чалдыгып калуу коркунучу бар. Ошондуктан жыйырма жаштан жогору курактагы кыздар жылына бир жолу көкүрөк бездерин УЗИ диагностикасынан, кырктан ашкан аялдар маммографиялык изилдөөдөн өтүп турушу керек. Бул эмчек рагын эрте аныктоодогу алтын стандарт десек болот", — деди маммолог Чолпон Дөөлөталиева.
Убагында дарыгердин сунушун кабыл албай, табыптардан жардам сураганына өкүнгөн Салтанат Курамаева айымдарды убагында доктурларга баргыла деп кеңеш берет.
"Оорубаса, жүрө беребиз. Же көрүнбөйбүз же маани бербейбиз. Мен ар бир аялга айтат элем, көрүнгүлө, бул ооруну врачтар канчалык эртерээк аныктаса, ошончо жакшы. Оорусу да жеңил болот, химиясы да азыраак болот, керек болсо операцияга чейин жеткирбесе да болот экен же операциясы жеңил өтөт экен. Өтүштүрүп алсаң кыйын болуп калат экен", — деди Курамаева.

Эмчек рагы эмнеден улам пайда болот?
Онколог-маммолог Чолпон Дөөлөталиеванын айтуусунда, эмчек рагынын пайда болушуна жана өрчүшүнө негизги себептер төмөнкүлөр:
- Генетикалык өзгөчөлүктөр. Бул ооруга чалдыккандардын 15% тукум куучулук жолу менен жуктуруп алышат
- Ашыкча салмак. Салмагы белгилүү нормадан ашкан аялдарда рактын бул түрүнө чалдыгуу коркунучу бар
- Кант диабети. Бул диагноз коюлган адамдардын организминде метаболизмдин иштеши өзгөрүп, бул сүт безинин рагынын пайда болушуна алып келиши ыктымал
- Ар кандай жаракаттар. Аял бир жерге төшү менен урунуп алса же жыгылса, оор жаракаттар да бул илдеттин өрчүшүнө алып келиши мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Оорунун белгилери
Оорунун алгачкы этаптарында белгилери дээрлик жок дейт доктур. Бирок шишик пайда болгондо, аны кол менен кармап көрүүгө мүмкүн болуп калгандагы рактын алгачкы белгилери:
- Эгер шишик болсо, эки эмчектин бири чоңоюп, ылдый болуп калат
- Шишик болгон жер кызарып калат
- Үрптөрдөн суюктук бөлүнө баштайт
- Оорутат
- Айрым учурда колтук жакта да оору пайда болот
- Эмчек терилери калыңдагандай болуп, шишик билинет.
Бул белгилердин бирөө гана байкалса, доктурга кайрылуу сунушталат. Аймактарда онкологиялык ооруларды аныктай турган доктурлар аз же жок болгондуктан, көкүрөк бездерине байланыштуу медициналык кароону гинеколог өткөрөт. Эгер маселе жарала турган болсо, дароо Улуттук онкологиялык борборго жөнөтүлөт.

Аялдар сүт бездерин бекер текшертүүгө мүмкүнчүлүк...
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Учурда онкологиялык борбордо бейтаптарды дарылоо үчүн бардык тиешелүү медициналык аппарттар бар дейт Чолпон Дөөлөталиева.
"Албетте, биз мындан дагы көп техниканын болушун каалайт элек. Бирок азыр деле биздин маммология бөлүмүндө ар бир доктурда УЗИ диагностикасын жасаганга мүмкүнчүлүк бар".
Ошол эле маалда врач-онколог рак ооруларын дарылаган оорукана 70-жылдардын башында салынып, андан бери имарат кеңейбегендигин, бирок калктын саны көбөйүп, рак ооруларына чалдыккандар да арбыганын жашырган жок.
Кыргызстанда жылына 900дөн ашык аялдан көкүрөк рагы аныкталат. Өлкө боюнча бул илдеттен дарыланып жаткандардын жалпы саны алты миңден ашат. Изилдөөлөргө таянсак, эмчек рагына кабылгандардын 80% ашыгы элүү жаштан өткөн аялдар. Бирок 12 жашка чейинки жаш кыздар да жок эмес.
"Кызгылт октябрь" айлыгынын алкагында 18-25-октябрь күндөрү Улуттук онкология жана гемотология борборунун Маммология бөлүмүндө каалаган айым сүт бездерин бекер текшертип алса болот. Бөлүмдүн жетекчисинин маалыматына караганда, текшерүүнүн натыйжасында бейтаптын оорусунун циклине жараша тийиштүү медициналык кароолор дайындалат.












