"Суверендүү интернетке" олуттуу кадам: Орусияда YouTube жана WhatsAppты бөгөттөөнүн жаңы ыкмасы ишке кирди, Telegram чектелди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Сергей Кагермазов жана кабарчылар бөлүмү
- Role, Би-би-си Орус кызматы
- Окуу убактысы: 6 мүнөт
Бул жумада орус бийлиги интернет-ресурстарды бөгөттөөнүн жаңы механизмин ишке киргизди - анын алкагында көптөгөн социалдык платформалар жана ири батыш ММКлары, анын ичинде Би-би-си, Deutsche Welle жана Радио Свобода бөгөттөлдү. Ошол эле учурда өлкөдө Telegram мессенжеринин ишинде үзгүлтүктөр күчөдү, аны да бийлик толук бөгөттөгүсү келет. Эксперттер Орусияда "суверендүү интернет" ишке кире баштаганын айтышууда. Би-би-си бул эмне экенин жана ал кантип иштейт чечмелеп берет.
10-февралда Орусияда байланыштын негизги каналы болуп саналган Telegram катуураак чектеле баштады. Роскомнадзор мессенжердин жетекчилиги "орус мыйзамдарын этибар албай жаткандыгына" байланыштуу чектөөлөр уланарын ырастады. Айрым орус ММКларынын булактары Telegram бир жыл ичинде толук бөгөттөлүшү мүмкүн экенин билдирип жатышат.
Ошол эле учурда YouTube домени Улуттук домендик аталыштар системасынан (НСДИ) алынып салынды. Мунун натыйжасында сервис Орусиянын айрым аймактарында толук жеткиликсиз болуп калды. Ушундай эле чара WhatsApp мессенжерине карата да колдонулду. Бейшемби күнү эртең менен WhatsApp бөгөттөлгөнүн ырастады жана Орусиядагы колдонуучуларды "байланышта калтыруу" үчүн колдон келгенин кыларын билдирди.
Шаршембинин кечинде ошондой эле Би-би-си, Deutsche Welle, Радио Свобода, "Настоящее время", The Moscow Times өңдүү чет элдик ММКлардын сайттары жана алардын Facebook жана Instagram социалдык платформаларындагы барвкчаларын бөгөттөө күч алганы белгилүү болду. Бул сайттар буга чейин эле бөгөттөлгөн болчу, бирок эми орус мамлекети жаңы механизмди колдонду.
"Маселе YouTube же башка сайттардын бөгөттөлүшүндө эмес, азыр чындап эле суверендүү, башкача айтканда эл аралык кабыл алынган интернеттен айырмаланган орус интернети түзүлүп жатат", - дейт "Интернетти коргоо коому" уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири Михаил Климарёв. Анын айтымында, бул өткөөл мезгил канчага созулат эч ким так айта албайт.
"Суверендүү интернет" үчүн укуктук негиз 2019-жылы түзүлгөн. Ошондон бери бийлик колдонуучулар өлкө көзөмөлдөгөн ресурстарды гана пайдаланышына жан үрөп келет. Бирок мындай чечимге айрым аткаминерлер менен бийликчил блогерлер да ыраазы эместей көрүнөт.
Жаңы бөгөттөө механизми кандай иштейт?
YouTube платформасы бөгөттөлүп жатканы тууралуу маалыматтар шаршембинин кечи тарай баштады. Орус бийлиги бул сервисти бир нече жылдан бери атайын жай иштетип келгени менен, бирок анысын расмий түрдө моюнга алган эмес.
YouTube мисалында бөгөттөөнүн жаңы механизми кантип иштейт жана "суверендүү интернет" эмне экенин түшүнүүгө болот. Колдонуучулар бөгөттөлгөн сайтка кирүүгө аракет кылганда "мындай сайт жок" деген жооп алат. Бул буга чейинки колдонуучунун трафигин талдоо аркылуу жүргүзүлгөн бөгөттөөнү күчөтөт.
Бул DNS системасын айланып өтүү аркылуу ишке ашат. Интернетте компьютерлер сайттардын аталышы (мисалы, bbc.com) менен эмес, сандык өзгөчө комбинация аркылуу байланышат. Системаны түшүнүүнүн эң жакшы мисалы - телефондогу контактылардын тизмеси, алардын ар биринин өзүнчө номери бар эмеспи. DNS-серверлер адамга түшүнүктүү аталыштарды ошол сандарга айландырат. Мындай серверлер дүйнөнүн ар бурчунда жайгашкан.
2020-жылы Орусия өзүнүн DNS системасын - Улуттук домендик аталыштар системасын түзүүгө мүмкүндүк берген мыйзам кабыл алган. Бул, мисалы, bbc.com сайтын кайсы номер менен табыш керек деген суроого, серверге, "мындай сайт жок" деп жооп берип же колдонуучуну жасалма сайтка алып баруусу мүмкүн.
Так ушул Улуттук домендик аталыштар системасынын серверлери азыр "YouTube жок" деп жооп берип атышат. Бирок Орусияда башка дагы DNS-серверлери бар, мисалы, "Яндекстики". Ал серверлер YouTube ордунда эле экенин айтып жатышат.


Мындай бөгөттөө ыкмасы буга чейин "Байланышта" аттуу мониторинг долбоорунда тажрыйбаланган. Мисалы, 2024-жылы Discord жана Signal мессенжерлерин ушундай жол менен бөгөттөшкөн.
"Интернеттин негизги принциптеринин бири - ал бардык жерде бирдей болушу керек. Эгер кайсы бир жерде ал башкача иштесе, демек ал жакта манипуляция болгон, интернетке кийлигишүү болгон дегенди билдирет, НСДИ азыр ушуну жасап жатат", - дейт Климарёв
Колдонуучулардын тиги же бул сайт, тиркеме ачылбай жатканы тууралуу арыздарын чогуткан сервистер 12-февралга карата Орусиядан көп деле арыз түшпөгөнүн билдиришти. Бирок мында көптөгөн популярдуу социалдык платформалар жана мессенжерлер ансыз деле блоктолгон, аларды VPN менен колдонушат.
"Мамлекеттик DNS кадимки DNS-ти бузуп атат" - деп шакабалады Би-би-си менен болгон маегинде хостинг жаатында эксперт жана "Эшер II" телеграм-каналынын автору Филипп Кулин.
Telegram кантип бөгөттөлүүдө?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
12-февралга карата Telegram НСДИден алына электигин Би-би-си тактап чыкты. Бирок бул жумада анын иши олуттуу чектеле баштады. 10-февралда Telegram боюнча Орусиянын 11 регионунан (89 ичинен) дооматтар түшсө, "Байланышта" долбоорунун маалыматы боюнча11- февралда жети региондон ушундай мазмунда кайрылуулар болгон.
Роскомнадзор аталган мессенжер орус мыйзамдарын сактабай, платформадагы алдамчылык менен күрөшпөй жатканын жүйө келтирүүдө. Чектөөлөр 2025-жылдын август айынан тарта ырааты менен киргизиле баштаган. Анда тиркеме аркылуу чалуулар иштебей калган.
Роскомнадзордун расмий билдирүүлөрүнөн Telegram тиркемесине чектөө үчүн кандай чаралар кирип жатканы жана алардын масштабы тууралуу билүү кыйын болуп турат. Бөгөттөө "четинен кертүү" ыкмасы менен жүрүп жатат, дейт "Байланышта" долбоорунун кызматкерлери. Биринчи майда "сабактар" өтүлүп, тиркеменин айрым жерлери айрым региондордо гана бөгөттөлүп, андан кийин Роскомнадзор чектөөлөрдү ырааты менен жүргүзүп, ал барып отуруп туруктуу чектөөгө өтөт, деп түшүндүрөт долбоор.
"Компания аткарбай жатканы абдан кейштүү, бирок мыйзам бар, аны аткаруу керек", - орус президентинин басма сөз кызматкери Дмитрий Песков телеграмдын жайлашына карата комментарий берген.
Бөгөттөө башталган күнү мамлекеттик Max мессенжери ар бир колдонуучу эми купуя канал ача аларын жар салды. Ушундай функция телеграмга популярдуулук алып келгени белгилүү. Max ошондой эле бул мессенжерге катталган каналдардын администраторлоруна "аудиторияга каналыңыз тууралуу эскертиңиз" деген сунуштама жөнөткөнүн Forbes жазып чыкты. Орус бийликтери бир жылдан бери элди ушул мамлекеттик мессенжерге өтүүгө үндөп, аны телеграмга альтернатива катары көрсөтүп жатышат.
"Верстка" басылмасы өздүк булактарына шилтеме берип, телеграм жыл аягына чейин толук бөгөттөлүшү мүмкүндүгүн жазды.
ММКлар жазгандай, Кремль Max элге сиңип кетпегенин түшүнүп жатат, андыктан ага өтүүнү "өз ыктыяры" менен жана "ийкемдүү" кылуу керек болуп жатат. Азыр чиновниктердин телеграмда иштөөсүнө тыюу жок, бирок 2026-жылы мамлекеттик бардык каналдарды Max тиркемесине өткөрүү пландалып жатат.
Telegram тиркемесин түзүүчү Павел Дуров мессенжерди блоктоо бийликке керек болуп жатканын айтты. Бул орус жарандарын "мамлекет тарабынан көзөмөлдөнгөн, жарандарды аңдуу жана саясий цензура үчүн түзүлгөн тиркемеге" өткөрүүнүн аракети.
"Өзүнүн бутуна өзү ок чыгаргандай"
Орусияда "суверендүү интернеттин" пайда болушу бийликке лоялдуу калктын катмарында дагы нааразылык жаратып жатат. Мисалга, Телеграм менен фронтто орус аскерлери да колдонушат эле.
"Эмнеден кетсек, кайра ошого келдик. Аскердик бөлүктөрдүн ортосундагы байланыштын баары телеграмда эле, топтордун - баары! Документтер, командирлердин чаты, аскерлердин тайпасы, анткени баары ыкчам жана тез эле. Эми вакуум жаралды, кытайдын радиостанциялары менен байланыш болуп жатат жана бул корголбогон байланыш каналы"- деп комментарий берген Херсондогу деңиз жөө аскерлеринин бири Би-би-сиге.
Орусиялык z-блогерлер мессенжерди толугу менен блоктоо менен орус аскерлери байланыштан кур каларын айтып жатышат. Бирок Дмитрий Песков фронтто байланышты телеграм камсыздачу дегенди элестете албайм деп айтып алып, z-блогерлердин таландысына калды.
"Телеграмды блокто бул жандануу үчүн өз бутуңа өзүң ок чыгаргандай эле иш. Депутаттар бул чечимдин азабын тартпайт. Бирок өз ишин аткарып жаткан жөнөкөй балдарга анын таасири болот. Силер биздин жашоону жеңилдетпей эле, оорлотуп атасыңар" - деди "Тринадцатый" z-каналы.
Телеграмдын блоктолушуна Белгороддун губернатору Вячеслав Гладков дагы таң калды. Ал телеграм-каналдын жайлашы ыкчам маалыматты жеткирүүгө таасирин берерин, алар фронтко жакын аймакта болгондуктан тынчсызданып жатышканын айтып, бирок жердештерин Max мессенжерине катталууга чакырды. .
Орусиядагы "суверендүү интернеттин" келечеги
IT-адис Александр Исавниндин айтымында, эксперттер 2019-жылы "суверендүү интернет" тууралуу мыйзам кабыл алынганда эле, баары ушундай болорун алдын ала билишкен. Роскомнадзор так ушул мыйзам менен кулачын кенен жайып, НСДИ дагы ушул документтин негизинде түзүлдү.
Орусиянын байланышы барган сайын обочолонуп жана көбүрөөк көзөмөлгө алына баштады. Мунун баары 1990-жылдары СОРМ аттуу тыңшоо системасын түзүүдөн башталган. Анда бул системаны кылмыштуулуккка каршы күрөш менен негиздешкен. Путиндин башкаруусунда бул чаралар коопсуздук шылтоосу менен жарандарды көзөмөлдөөгө окшошуп жатат. Башында экстремизмге каршы делип, сайттарды соттун чечими жок бөгөттөө мүмкүнчүлүгү пайда болду. Андан кийин интернетти көзөмөлдөгөн өзүнчө мекеме Роскомнадзор пайда болду.
2011-жылы ири эки маанилүү окуя болду. Болотная аянтында каршылык акциялары өттү. Экинчиси, "Яндекстин" аудиториясы "Биринчи каналдан" ашып түштү. Ошол кезде Роскомнадзор сайттарды блоктоо укугуна жетишти.

Сүрөттүн булагы, Gavriil Grigorov/TASS
"Суверендүү интернетти" эмнеге ойлоп табышты, анткени 2012-жылдан тарта акырындык менен колдонулуп келген эски бөгөттөр жакшы иштечү эмес", - деп эскерет Исавнин.
Крымды аннексиялагандан кийин Орусияда блогерлердин реестри түзүлгөн. Ал эми IT-компаниялары орус жарандарынын маалыматтарын сактоого милдеттендирилген. Так ушул талаптарды аткарбагандыгы үчүн азыр телеграм менен вотсап блоктолуп жатат. Провайдерлерге колдонуучулардын тарыхчасын сактап жана мета маалыматтарды атайын кызматттарга берүү милдетин жүктөшкөн.
Петербургдагы метродогу жардыруудан кийин "Ярованын мыйзамын" кабыл алышып, провайдерлер колдоонучулар тууралуу көбүрөөк маалыматты сактай турган болушкан. Ал эми 2019-жылы "суверендүү интернет" мыйзамы кабыл алынып, коммуникация жаатындагы чектөөлөр анын алкагында жүрө баштады.
"Жыйынтыгын чыгарсак. Кырдаал акырындык менен жай, ырааты менен өнүгүп жатты. Анын манилүү бөлүгү катардагы журналисттерге, укук коргоочуларга жана колдонуучуларга көрүнгөн жок. Ал эми байланыш операторлору активдүү түрдө каршылык көрсөтпөй эле турушат. Себеби, аларды дагы ушул жагдайга жай алып келишти. Алар акылга сыйбаган айып пулдарды төлөөдөн мурда, бизнестерин сактап калууга кызыкдар",- дейт Александр Исавнин.




























