Жаштардагы жан дүйнө кризиси: Биринчи курстагы Амелия эмнеге өз жанын кыйды?

Никки Фокс жана Лаура Девлин, Би-Би-Си кабарлары, Бедфордшир

Амелия

Сүрөттүн булагы, FAMILY HANDOUT

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Амелия Батлин университеттин биринчи курсунда өз жанын кыйды

Өз өмүрүнө кол салган студенттин үй-бүлөсү жана достору жаңы өкмөттү мектептерде, колледждерде жана университеттерде жаштардын психикалык саламаттыгына орчундуу көңүл бурууга чакырышты.

Жандай көргөн достору, бапестеп өстүргөн үй-бүлөсү бар 19 жаштагы ачык-айрым өспүрүм Амелия Батлин кырсык болордо университеттин биринчи курсунда окуп жүргөн эле. Ал Бедфордшир штатындагы Лейтон Баззарддан болчу.

Амелия балдардын көңүл буруу жетишсиздиги жана гиперактивдүүлүк синдромунан (ADHD) жапа тарткан үчүн өзүндөгү тынчсыздануу жана көңүл чөгүү менен такай күрөшүп келген. Бирок пандемиядан кийин ал өз жашоосун социалдык медиа менен уюлдук телефондон бөлүп карай албай калган эле. Көз карандылык анын өнөкөт оорусун өөрчүттү.

Ошентип ал октябрь айында өз жанын кыйып каза болду.

"Саясатчылар жаштар туш болуп жаткан психикалык ден-соолук кризиси тууралуу ойлонушу керек",- деди Амелиянын апасы Беччи Батлин.

Бекчи Бутлиндин айтымында, адамдардын колдо болгон колдоону башкара алуусу да көйгөй болуп саналат.

Сүрөттүн булагы, NIKKI FOX/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бекчи Батлин жаштарды психикалык ден соолукка байланыштуу олуттуу көйгөйлөр күтүп турат дейт

"Бул муун социалдык медиага укмуштуудай көз каранды жана аны укмуштуудай көз карандылык менен колдонуп жатат", - деп кошумчалады ал.

«Алар жашоонун бардык стресстерине дуушар болушту, алар Ковид менен татаал өспүрүмдүк доорду баштан өткөрүштү жана алдыда аларды психикалык ден соолукка байланыштуу мындан да өткөн олуттуу көйгөйлөр күтүп турат».

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Бул тууралуу эч ким сөз кылбайт. Бул эч ким мойнуна алгыс чоң көйгөй".

Амелия окуган Лейтон Баззард шаарындагы Сидарс жогорку мектебинин психикалык ден соолукту колдоо кызматкери Наоми Вудфорд Би-Би-Сиге "Сенин үнүң, сенин добушуң" аркылуу бул мезгилде психикалык ден соолук алар үчүн эң маанилүү маселе экенин айтып байланышкан көптөгөн адамдардын бири.

Вудфорд айым Улуу Британиядагы ар бир мектепте, колледжде жана университетте өзүнүн психикалык саламаттыкты коргогон мекемеси болушу керек деп эсептейт.

Ал кырдаалды "улуттук кризис" деп сыпаттады жана Лейтон Баззард аймагындагы 14 мектептин ичинен эки же үчөөнөн башкасында окуучулардын психикалык ден соолугун колдогон ресурстар жок экенине тынчсыздануусун билдирди.

Улуттук статистика башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2021-жылы Англия менен Уэльсте 2020-жылга караганда өз жанын кыйган адамдар көп болгон.

Маалыматтар 2020-жылга салыштырмалуу суицидден каза болгондор 6,9% көп катталганын көрсөттү.

Амелия Батлин социалдык тармактардын таасирине кабылган көптөгөн жаштардын бири болчу.

Сүрөттүн булагы, FAMILY HANDOUT

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Амелия Батлин социалдык тармактардын таасирине кабылган көптөгөн жаштардын бири болчу.

Кезек күткөндөрдүн узун тизмеси

Амелиянын апасы психикалык саламаттыкты сактоого партиялар өзүнүн саясатында кандай көңүл буруп жатканын билбейт, бирок кийинки өкмөт муктаж болгондорго адистердин жардамын мүмкүн болушунча жеткиликтүү кылышы керек деп эсептейт.

"Чыныгы көйгөй - бул туура жардам алуунун татаалдыгы" деди Батлин айым.

"Мектептер балдарга жана өспүрүмдөргө жардам берүү үчүн жабдылган эмес".

"Эгер сиз Улуттук саламаттыкты сактоо (NHS) кызматы аркылуу өтсөңүз, сизди чоң кезек тизмелери тосуп алат, эгерде сиз өз алдынча барсаңыз, анда сизди багыттаган эч ким болбойт".

Жакында Батлин айым кызынын 25 досуна кошулуп, Амелияны эскерүү жана өзүн-өзү өлтүрүүнүн алдын алуу боюнча кайрымдуулук кампаниясына акча чогултуу үчүн 15 км жөө жүрүшкө чыкты.

"Биз өз жанын кыюунун трагедиясын баштан өткөрдүк - бул анын досторуна жана коомчулукка оор тийди", - деп кошумчалады Батлин айым.

"Трагедиялуу кырдаалда адамдарды жагымдуу нерселер менен алагды кылып, башка адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн чогултуу маанилүү".

'Бизди эңшерип кетти'

 Алисия Даун, Шарлотта Миллар жана Эмили Амелиянын достору болушкан.

Сүрөттүн булагы, NIKKI FOX/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алисия Даун, Шарлотта Миллар жана Эмили - Амелиянын достору

19 жаштагы Алисия Даун, Амелиянын досу: "Амелия биздин жашоого болгон үмүтүбүздү талкалады, жүрөгүбүз ооруду" деди.

"Биз талыкпай күрөштүк, аягы домино эффектиси менен бүттү".

"Ал каза болгондо, баарыбыз бирдей депрессияга кабылдык".

"Аны жоготуу баарыбызды терең кайгыга салды, ал дайыма биздин эсибизде".

Даун айым социалдык медиага жана анын жаштардын ишенимине тийгизген таасирине тынчсыздануусун билдирип, мектептер менен университеттер адамдарга жардам керек болгондо колдоо көрсөтө албагандыгына тынчсызданды.

Анын сөзүнө караганда, эгер жардам сунушталса, ал "алты сеанстан" ашпайт.

'Диплом менен аныкталбайт'

20 жаштагы Шарлотта Миллар жаштардын көбү университеттик жашоого даяр эмес экенин айтты.

Амелиянын менен анын достугунда болгондор пандемия убагында бири-бирин колдоп турушкан, анан алар университетке өтүп, A-деңгээлдеги экзамен берүүдө стресске кабылышты.

"Көз карандысызмын деп ойлобоңуз, университетте эмне болоорун билбейсиз" деди ал.

— Ал жерде жаңы досторду таап, билим да алып, өз алдынча жашоо керек.

"Бул мендеги эң чоң стресс, бирок сиз диплом менен өлчөнбөйсүз жана бул тууралуу жетиштүү айтылбайт".

Ал жардам суроо оңой эмес экенин билген, ошондуктан студенттер өздөрүн "сазга батканын" сезгенде университеттер дагы ийкемдүү болушу керек.

Амелиянын достору 19 жаштагы кызды кыйла ачык-айрым жана таанымал өспүрүм катары сүрөттөшөт.

Сүрөттүн булагы, NIKKI FOX/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Амелиянын достору 19 жаштагы кызды кыйла ачык-айрым жана таанымал өспүрүм катары билишчү

Амелиянын досу, 20 жаштагы Эмили Фергюсон телефонун алыс коюп, социалдык тармактарга көңүл бурбоо ага кыйын болгонун айтты.

"Өзүңдү туура алып жүрүш үчүн ал жерде кандайдыр бир кысым бар, ошондуктан өзүңдүн жакшы экениңди сезүү кыйын" деди ал.

"Университетте ар дайым сыртта жөн гана басып жүргөн адамдарды көрөсүң, бирок сага студенттик кечеге, ар бир кечеге баруунун кажети жок, кааласаң үйүңө барсаң болот".

"Көптөгөн адамдар эмне кылып жаткандыгы тууралуу пост жазгысы келет, бирок алар ким менен болсо да, өткөргөн убактысын баалашпайт".

«Башкаларга далилдөөнүн кереги жок - адамдар ага анчалык деле маани беришпейт».

Наоми Вудфорд кыйынчылыкка карабастан күрөшүп жаткан жаштардын саны өсүп жатканын көрдү

Сүрөттүн булагы, RICHARD KNIGHTS/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Наоми Вудфорд кыйынчылыкка карабастан күрөшүп жаткан жаштардын саны өсүп жатканын көрдү

Вудфорд айым мындай деди: "Лейтон Баззард жана Сидарс жамааты көптөгөн жылдар бою жаштар өз өмүрүн кыйгандыктан катуу жабыркады".

"Пандемиядан бери биз экзамендик стресс, социалдык тынчсыздануу, обсессивдик-компульсивдүү бузулуу жана тамактануу көйгөйлөрү менен бирге психикалык ден соолук көйгөйлөрүнүн диапазону жана көлөмү көбөйгөнүн көрдүк".

"Биз улуттук кризиске кабылдык, биз бир жылдык, эки жылдык же беш жылдык планга туруштук бере албайбыз, баары азыр аткарылышы керек".

"Бизге шашылыш кийлигишүү керек, Улуу Британиядагы бардык мектептерибизде, колледждерибизде жана университеттерибизде психикалык ден соолук менен камсыз кылуу керек жана мен муну ишке ашыруу үчүн өнөктүк өткөрөм".

Партиялар эмне дейт?

Лейбористтик партия ар бир мектепте балдардын жана жаштардын психикалык саламаттыгына атайын колдоо көрсөтө турганын айтат. Ал биздин биринчи мөөнөтүбүздө балдарды жана чоңдорду дарылоо үчүн кошумча 8,500 жаңы кызматкерди тартат. Young Futures борборлору балдар менен жаштарды психикалык саламаттыкты сактоо кызматтары менен камсыздайт.

Консервативдик партия 2030-жылга чейин ар бир коомдо 11 жаштан 25 жашка чейинкилер үчүн борбор ачууну каалайт жана 2030-жылга чейин бардык мектептерде психикалык ден соолукту колдоо топторун кеңейтүүнү убада кылууда. Бул ошондой эле тынчсыздануу, стресс жана депрессияга кабылган адамдар үчүн NHS сүйлөшүү терапиясынын пландаштырылган кеңейүүсүн жогорулатат.

Либерал-демократтар психикалык ден соолук борборлорун түзүп, бардык башталгыч жана орто мектептер квалификациялуу психикалык саламаттык сактоо кызматкерине ээ болот деп айтышууда. Алар жаштар маселесин тейлеген министрликти түзүп, жаштардын психикалык саламаттыгын коргоо кызматын 25 жашка чейин узартышат.

Жашылдар партиясы ар бир мектепте жана алтынчы класста кеңешчи болушун каалайт жана ал адамдарды 28 күндүн ичинде психикалык оорулардан дарылоону камсыздай турганын билдирди. Ал коомдук психикалык ден соолук борборлорун кеңейтүүнү, атайын билим берүү муктаждыктарын камсыздоого £5 млрд инвестициялоону жана социалдык медианы жөнгө салууну каалайт.

Улуу Британиянын "Реформа" улуттук саясий партиясы (Reform UK) социалдык медианын балдарга тийгизген зыяны боюнча иликтөө жүргүзүп, колдонмосуз смартфондорду жайылта турганын билдирди. Анда жумуштуулуктун көбөйүшү психикалык саламаттыкты жакшыртаары айтылат. (МА)