Түндүк Македония: түнкү клубдагы өрттөн 59 киши каза таап, аза күтүү жарыяланды

Түнкү клуб

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түнкү клуб

Түндүк Македониядагы түнкү клубда чыккан өрттөн кийин полиция он кишини камады. Соңку маалымат боюнча, өрт 59 кишинин өмүрүн алып, 155 киши жабыркады.

Кырсык жергиликтүү убакыт боюнча түнкү эки жарымдар чамасында Кочани шаарындагы Pulse түнкү клубунда болду. Ал жерде жергиликтүүлөргө жакшы таанымал ДНК тобу концерт коюп жаткан эле. Көңүл ачууга 1500дөй киши келгени кабарланды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өрттүн чыгышына пиротехниканы туура эмес пайдалануу себеп болгон.

Түндүк Македония Республикасынын прокуратурасынын өкүлү Биляна Арсовска Би-Би-Сиге билдиргендей, трагедияга тиешеси бар деп шектелген 10 кишини кармоо жөнүндө чечим чыкты. Арасында клубду иштетүүгө лицензия берген чиновниктер да бар. Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары клубдун ээси кармалганы жөнүндө маалымат тараткан.

Арсовска ошондой эле өрттөнгөн имаратта сыртка чыга турган эшиктердин бирөө гана жарамдуу болгонун, арткы эшиги бек болгондуктан эвакуация учурунда пайдаланууга мүмкүн болбогонун кошумчалады.

Прокуратура өкүлүнүн айтканына караганда, өрт чыккан имарат 16-март күнү биринчи ирет текшерүүгө алынганда бир нече эреже бузуу аныкталган.

"Өрт өчүрүү жана чагылгандан коргонуу тутумунда алешемдиктер бар экен",- деп билдирди Арсовска Би-Би-Синин Newshour программасына.

Ал ошондой эле ДНК тобунун бир гана музыканты аман калганын, ал эки вокалисттин бири болгонун жана учурда ооруканада экенин билдирди.

Топтун калган музыканттары жана экинчи вокалист, бэк-вокалист, барабанчы, клавишачы жана фотограф каза тапты.

Македония

Сүрөттүн булагы, Anadolu

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Түндүк Македониянын Ички иштер министри Панче Тошковски билдиргендей, пиротехниканын учкуну тез күйүп кете турган материалдан жасалган шыпка жабышып, өрт ошондон тутанып кеткен.

Клубга келгендер тарткан видеолордон кишилер өрттү өчүрүүгө аракет кылышканын, бирок өрт башталгандан кийин дароо клубдун имаратынан чыгып кетишпегенин көрүүгө болот. Күбөлөрдүн айтымында, өрт күчөгөн учурда башаламандык, жөөлөшмөй башталган.

Жергиликтүү маалымат каражаты Кочани шаарындагы Pulse түнкү клубу борбор калаа Скопьеден 100 чакырымдай чыгыш тарапта жайгашып, "өзгөртүлгөн түнкү клуб" катары таанымал деп сыпаттады. ЖМК берген маалыматка караганда, мурда бул имарат килем дүкөндүн кампасы болгон.

Жыйырма жаштагы Мария Тасева элдер эшикти көздөй жулунганда тепсендиде калганын македониялык журналисттерге айтып берди. Ал жерге жыгылып, бирок тышка чыгып кетүүгө үлгүргөн.

"Кандай болуп кеткенин билбей калдым, ыңгайын таап сыртка чыгып кеттим. Мен жакшы элемин, бирок каза тапкандар көп. Жыйырма беш жаштагы эжем каза болду ",- деди Мария Reuters агенттигине айтып берди.

Кызыл чырым уюумунун ыктыярчысы Мустафа Саидов жабыркагандардын басымдуусу 18-20 жаштагы жаштар экенин айтты. Расмий маалыматка караганда, жаракат алгандардын жыйырмадан ашыгы, каза тапкандардын үчтөн көбү 18 жашка толо электер.

Македония

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Абдан эле кейиштүү окуя, тилекке каршы далай жаштар өлүп кетти",- деди ал.

Скопье университетинин алдындагы клиниканын пластикалык хирургия бөлүмүнүн адиси Владислав Груев аталган ооруканада дарылануудан өтүп жаткан бейтаптардын көбү оор күйүктөр менен түшкөнүн билдирди.

"Алардын моюн-башы жана көөдөндөн өйдө карай жагы экинчи-үчүнчү даражадагы күйүккө кабылган",- деп билдирди ал.