"Дос бойдон кала беребиз". Садыр Жапаров Ташиев мамлекеттик кызматка келбей турганын айтты

Жапаров

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жапаров
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү соңку окуялар жана Камчыбек Ташиев менен болгон мамилеси тууралуу "Кабар" улуттук маалымат агенттигине кезектеги маегин берди.

Мамлекет башчысы Ташиев менен дос бойдон кала берерин, бирок ал кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбей турганын айтты.

"Дос эс алсын, ден соолугун карасын. Тегерегиндеги "ак сакал, көк сакалдардан" арылсын, тазалансын. Тергөө кызматы баарын аныктап, тазалап берет. Албетте, азыр ырахмат айтпайт. Капа болот. Бирок жылдар өткөндөн кийин "Досум, сен ошондо туура кылыпсың" деп ырахматын айтат",- деди Жапаров.

Ошондой эле соңку саясий окуялардан кийин кызматтан кетип жаткан айрым жогорку даражалуу адамдар тууралуу пикирин билдирди.

"Мен азырынча эч кимди кызматтан кет деп айта элекмин. Саясатка аралашпай ар кимиңер өз милдетиңерди аткарып иштей бергиле дедим. Өз арыздары менен кетип жаткандар болсо, кармабайбыз. Бирок бардык министрликтерде уурулук болгон жокпу, текшерилет. Уурдаган болсо жоопко тартылышат",- деди Жапаров.

Президент Садыр Жапаров өлкөдө эч кандай төңкөрүш же башка мыйзамсыз аракеттер болбой турганын баса белгиледи. Анын айтымында, буга биринчиден мыйзамдар жол бербейт, экинчиден мындай кырдаал үчүн негиз жок.

"Өлкөнү күч менен эмес, баш менен башкарыш керек. Мыйзамдарды окушка баштары жетпеген үчүн ушундай жолдорду ойлоп табышкан. "Күч менен башкарам" деген Бакиев азыр кайда? Күч менен башкарып келген Атамбаев кайда? Биз өткөндөн сабак алганды үйрөнүшүбүз керек. Өлкөдө төңкөрүш болчу акыбал жок дегеним, бир суткада 24 саат болсо, 20 сааты иш үстүндөмүн. Баарын көзөмөлдөп карап турам. Туура эмес иштер болуп аткан болсо, дароо тиешелүү министрлерге, акимдерге, губернаторлорго дароо тапшырма берип оңдотуп турам",- деди президент.

"Түндүк–түштүк маселеси"

Садыр Жапаров маегинде түндүк–түштүк маселесине көбүрөөк токтолуп, элдин мындай бөлүнүшүнө эч качан жол бербей турганын баса белгиледи. Айтымында, аймактык ажырым көбүнчө саясатчыларга керек учурда козголуп, карапайым эл жеке кызыкчылыктар үчүн колдонулуп келген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Эгемендик алгандан бери эле саясатчылар түндүк-түштүк кылып бөлүп келишкен. Мен саясатка алгачкы жолу 2005-жылы келгенде өз көзүм менен көрдүм. Өкмөттүн жарымы түндүк, жарымы түштүк же кайсы бир министрликте дагы ушундай болсун деп бөлүп келишкен. Ошондо мен аябай кейигем. Анан ошондо "Кудай буюруп келечекте президент болуп келсем, Кыргызстандын бул оорусун сөзсүз айыктырам" деп өзүмө сөз бергем",- деди ал.

Президент 2021-жылдан бери мындай бөлүнүп-жарылуу азайып бара жатканын белгилеп, ротация саясатын мисал келтирди.

"Акимдер менен соттор 100 пайыз ротация болушкан. Түштүктө бир дагы түштүктүк аким жок, баары түндүктөн. Ошондой эле түндүктө бир дагы түндүктүк аким жок, баары түштүктөн. Соттор дагы ошондой. Жыйынтыгын көп күттүрбөй эле берди. Бөлүнүп-жарылуу азайды. Алдыда Кудай буюрса, айыл өкмөттөргө чейин жетебиз. Себеби антпесек, ошол эле айылдан чыккан жигит айыл өкмөт болсо, жакшы нерселердин баарын өзүнүн жакындарына ыйгарып койгон учурлар көп кездешип атат",- деди Жапаров.

Мамлекет башчысы жарандарды аймактык чакырыктарга алданбоого үндөдү.

"Силерге түндүктүк президент болобу же түштүктүк президент болобу, айырмасы жок. Эң негизгиси таза иштеп берсе болду. Дэн Сяопин айткандай, "ак мышык болобу, кара мышык болобу айырмасы жок, чычкан алса болду" дегендей таза, калыс жана адилеттүү болуп, баарына бирдей иштеп берген президент болсо болду.Мына бүгүнкү күндө регион-регион кылып бөлбөстөн, өлкө боюнча бардык региондордо бирдей иштер жүрүп жатат. Курулуштар болуп атат. Жолдор асфальтталып жатат. Социалдык имараттар курулуп жатат. Мунун баары кимдир бирөөлөрдүн акчасына эмес, мамлекеттин, элдин акчасына курулуп жатканын ар бир жаран билиш керек",- деди Жапаров.

Уюшкан кылмыштуу топтор жана коррупция

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин кызматтан кеткенден кийин уюшкан кылмыштуу топтор жана коррупция менен күрөш токтойт, криминал баш көтөрөт деген кептерлерге да жооп берди.

Мамлекет башчысы азыр өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ деген түшүнүк жок экенин, мындан ары да болбой турганын айтты.

"Албетте, кылмыш жасагандар болот. Кылмыш жасаган адамдар дүйнө жүзүндө бар. Аны эч ким таптаза кылып жок кыла албайт. Адам бар жерде баары болот. Бирок уюшкан кылмыштуу топ болуп, базарларда олтурган аялдарга чейин мурдакыдай "отметка" алып жүргөн "смотрящий, положенец" дегендер болбойт. Алардын баары азыр түрмөдө же чет өлкөлөп качып жүрүшөт. Эгер кайрадан Кыргызстанга мурдакыдай өздөрүнүн уурулук мыйзамдарын орнотобуз деген криминалдар болсо жаңылышат. Кыргызстан – азыр башка Кыргызстан",- деди Жапаров.

Садыр Жапаров коррупция менен күрөш туруктуу жана үзгүлтүксүз жүрө турган процесс экенин белгиледи. Айтымында, дүйнө жүзүндө коррупцияны толугу менен жоюп салдык деген бир дагы мамлекет жок.

"Ал эми коррупция менен күрөш эч качан токтобойт. Өмүр бою улана берет. Дүйнө жүзүндө коррупцияны таптакыр жоюп салдык деген бир дагы өлкө жок. Керек болсо, коррупция жок деген Сингапур өлкөсүндө дагы 15-16 пайыз коррупция бар.Ошондуктан, "бизде коррупция жок, баарын жоюп салдык" деп пиар кыла бериштин кереги жок. Коррупция өмүр бою токтобойт. Коррупциянын түрлөрү бар. Экономикалык коррупция, саясий коррупция, тууганчылык коррупция жана башка коррупциялар. Баарын жок кылганга болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Азайтабыз",- деди.

"Ташиев менен жолуктум"

Садыр Жапаров 15-февралдын кечинде Камчыбек Ташиевди кабыл алганын билдирди.

Айтымында, жолугушууда Ташиевге ден соолугуна көңүл буруп, эс алып турууну сунуштаган. "Эс ал, досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр" дедим",- деди ал.

Президенттин белгилешинче, Ташиев өз сөзүндө "ак сакалдар" же "көк сакалдар" деп аталган адамдардын бири менен да сүйлөшпөгөнүн айткан. Ушундан улам мамлекет башчысы айрым адамдар Ташиевге билдирбей эле өз алдынча жашыруун аракеттерди жүргүзүп жаткан болушу мүмкүн деген тыянакка келген.

"Орустар айткандай, "медвежья услуга" көрсөтүштү. Баарын тазалап, тартипке алып келебиз. Кудайга шүгүр, буга күчүбүз жетет",- деди Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулган.

Көп өтпөй президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча мындай деген:

"Президент Садыр Нургожоевич бул чечими боюнча кыскача мындай деди: "Эң биринчи кезекте мамлекетибиздин кызыкчылыгында, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым",- деп гана түшүндүрдү",- деген Аскат Алагозов.

11-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы иштен алынгандан кийин үн каткан. Анын кайрылуусу делген билдирүүнү Ташиевдин жакын адамдарынын бири деп эсептелген Нургазы Анаркулов Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

Анда Ташиев ден соолугуна байланыштуу президенттин уруксаты менен Германияда дарыланып жатканын, кызматтан алынуусу ал үчүн өтө күтүүсүз болгонун айткан.

"Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли-журтубуз, президентибиз алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанамын! Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт! УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин,ийгиликтерди каалаймын! Ал эми өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болушу үчүн эч ким, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот!" - деп жазылган кайрылууда.

57 жаштагы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун узактан берки үзөңгүлөшү катары саналып келет. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин Жапаровдун бийликке келишинде негизги ролдордун бирин ойногон саясатчы катары белгилүү. Ал 2020-жылдын 16-октябрынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп иштеп келген. Аны бул кызматка Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда дайындаган. Мындан тышкары Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматын да аркалап келген.