Путин: Украин аскерлери Донбасстан чыкпаса, Орусия аны басып алат

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Ярослав Лукиев
Орус президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагынан украин аскерлери чыгып кетиши керектигин, болбосо Москва Украинада согушту токтотуу боюнча кандай мунаса болбосун четке кагып, аны күч менен аларын кайталап эскертти.
"Же биз аймакты күч менен басып алабыз, же украин аскерлери андан чыгып кетиши керек", - деди Путин India Today басылмасына берген маегинде. Орусия Донбасс аймагыныны болжол менен 85% учурда орустардын көзөмөлүндө.
Украина президенти Владимир Зеленский аймактарды берүүдөн баш тартарын билдирди.
Путиндин бул маеги АКШ президенти Дональд Трамп Кремлде шейшембиде орун алган сүйлөшүүлөрдөн кийин анын чабармандары орус лидери "согушту токтотууну каалайт" деп ишенерин айткандан кийин чыгып жатат.
Трамптын Москвада болгон чабарманы эми Флоридада Украинанын расмийлери менен жолукканы жатат.
Кремлдеги сүйлөшүүлөрдү Трамп "жетишерлик жакшы" деп сыпаттап, "тангону бийлеш үчүн эки адам керектигин" айтып азырынча эмне жыйынтык болот айтыш кыйын деген.
АКШнын баштапкы тынчтык планында Украинага караштуу Донбасстын аймагын Путиндин көзөмөлүнө өткөрүп берүүнү каралган эле, бирок Уиткоффтун командасы расмий Москвага келишимдин жаңыланган соңку версиясын сунуштаган.
Делиге болгон мамлекеттик сапары маалында India Today берген маегинде ПутинУиткофф жана Трамптын күйөө баласы Джаред Кушнер менен болгон жолугушууга чейин келишимдин жаңы версиясы менен таанышпаганын айтты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Андыктан ар бир пунктту караганга туура келди, ошол үчүн ал узакка созулду", -деди Кремлдин лидери.
Ал ошондой эле расмий Москва АКШнын айрым пландары менен макул эместигин ачыктады.
"Айрым учурларда биз, ооба деп, талкуулаганга макул болдук, бирок буга ынай албайбыз дедик"- дген Путин.
Ал кайсы жерлер талаштуу болгонун ачыктаган жок. Бирок мында эки талаштуу жагдай бар - орус аскерлери басып алган украин аймактарынын кийинки тагдыры жана Украинанын коопсуздугу үчүн кепилдиктер.
Путиндин тышкы саясат боюнча башкы кеңешчиси жана сүйлөшүүлөргө катышып жаткан маанилүү өкүлү Юрий Ушаков согущту токтотуу боюнча буга чейинки жолугушуулардан кийин алар "эч бир компромиске келе алышпаганын" айткан.
Ушаков ошондой эле согуш талаасындагы орус аскерлеринин соңку ийгиликтери Орусиянын сүйлөшүүлөрдөгү турумун бекемдегенин кыйыткан.
Украина Орусия ок атышууну токтотуу боюнча келишимдерди атайын создуктуруп, Москва болушунча украин аймагынын болушунча көп жерин басып алууга умтулуп жактанын кайталап келет.
Кремлдеги сүйлөшүүлөр тууралуу Украинанын Тышкы иштер министри Андрей Путин "дүйнөнүн убактысын алып жатканын" айткан.
Украина кандай макулдашуу келишими болбосун, ириде Украинанын коопсуздугуна бекем кепилдиктер керек экенин айтып келет.












