Көлбаевдики делген унаалар сатыкта аларманы жок турат
Дастан Үмөтбай уулу, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, official
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекттик комитет (УКМК) жок кылган уюшкан кылмыштуу топтун "анабашы" атыккан Камчы Көлбаевдин кымбат автоунааларына аларман чыкпай жатат. Көлбаевдин кымбат алты автоунаасына эки ирет аукцион жарыяланып, бир да кардар чыккан жок.
Машиналарды аукционго койгон Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин басма сөз катчысы Махабат Мансурова Би-Би-Сиге жакынкы айда үчүнчү ирет аукцион жарыялана турганын билдирди:
"Аталган автоунаалар боюнча биринчи аукцион 11-декабрга жарыяланган. Бир дагы арыз түшкөн жок. Ошого байланыштуу аукцион өткпөй калган. Экинчи аукцион 11-январда өтмөк, анда да арыз түшкөн жок. Ошондуктан экинчиси дагы ишке ашкан жок. Эми үчүнчү аукционду өткөргөнү турабыз. Ал болжолдуу бир айдын ичинде болуп калышы мүмкүн".

Сүрөттүн булагы, social media
Басма сөз катчынын маалыматында үчүнчү аукцион буга чейин өткөн эки аукциондон эч нерсеси менен айырмаланбайт. Баалары шарттары мурда кандай болсо, ошондой эле болот.
Темир тулпарлардын сатылбай калганы жөнүндө маалымат чыккандан кийин коомдук тармактарда талкуу күчөдү. "Кан тийген унааны эч ким албайт" деп жазгандар да болду.
"Эмнеге кардар чыкпай жатканы белгисиз. Баалары туура эле коюлган болчу. Мурун да ушундай учурлар болгон. Мисалы, MegaCom компаниясын айтсак болот. Ал үч жолу аукциондон сатылбай, акыры түз сатууга чыккан. Мындан да башка кыймылсыз мүлктөр болгон", — деди Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин басма сөз катчысы Махабат Мансурова.

Сүрөттүн булагы, social media
Маркум Камчы Көлбаевдин автоунааларынын баштапкы баасы 54,1 миллион сом. Алардын эң арзаны 1,15 миллион сом болсо, эң кымбаты 25,5 миллион сомду чапчыйт.
- Kia Rio X-Line — 1 150 000 сом
- Toyota Land Cruiser Prado — 1 250 000 сом
- Hyundai Genesis — 2 800 000 сом
- Mercedes-Benz G500 — 5 400 000 сом
- BMW Alpina XB7 — 18 000 000 сом
- Mercedes-Benz S600 — 25 500 000 сом
Үчүнчү аукциондон да сатылбай калса, автоунаалар эмне болот деген суроо ачык бойдон калууда. Юрист Сулайман Усенов мыйзамдарга таянып, төмөндөгүчө түшүндүрүп берди:

Сүрөттүн булагы, facebook
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Кылмыш иши козголдон кийин соттун өкүмү чыгат. Ошол өкүмдө мүлк конфискациялансын деп көрсөтүлөт. Андан соң Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин карамагына алынат. Алар өздөрүнүн мыйзамдарына ылайык иш алып барышат. Аукционго коюлуп сатылат же өкмөттүн кандайдыр токтомдору бар болгон болсо, ошол жакка берилет. Мамлекеттин пайдасына дегенден кийин көп учурда сатылат. Эгер эки-үч жолу тең сатылбай турган болсо, мамлекеттик органдарга берилип калышы мүмкүн. Өкмөттүн колуна түшкөндөн кийин Өкмөт өзү билет да. Кааласа сатат, кааласа мамлекеттик мекеме же уюмда ошол мүлккө муктаждык бар болсо, иштете берет".
Мекеме сатыкка койгон унаалар Көлбаевге тиешелүү делген мүлктүн бир чети гана. УКМК "мыйзамдагы уурунун" камакка алынган активдерин бир миллиард АКШ доллары деп эсептеген. Конфискацияланган мүлктөрдүн тизмесинде асыл тукум жылкылар, Ысык-Көлдө ондогон гектар жерлер, эс алуу жайлары, курулуп жаткан 700дөн ашык батир жана башкалар бар.
Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев камакка алынган мүлктүн 20 пайызы мамлекетке, батирлер болсо ипотекалык программа аркылуу элге берилээрин айткан.
Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү деген шек менен кармалган. Кримтөбөл менен байланышууга же иштешүүгө шектелип, камакка алынган ишкерлердин, мамлекеттик кызматкерлердин катары алиге чейин суюла элек.
Уюшкан кылмыштуу топтун "анабашы" делген Камчы Көлбаев 2023-жылдын 4-окятбрында атайын операция учурунда атып өлтүрүлгөн. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "мыйзамдагы ууру жок кылынды" деп билдирген.












