Ноябрда 19 миңден ашуун киши насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда ноябрь айынын алгачкы жумасында 19 миңден ашуун киши "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу өзүнө-өзү насыя алууга тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
1-ноябрдан тарта жарандарды алдамчылыктан коргоо үчүн насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу боюнча жаңы санариптик инструмент ишке кирген.
Бул жарандарга өз ыктыяры менен өз атына насыя алуу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө мүмкүндүк берет.
Күн мурун Бишкек шаарынын тургуну интернет шылуундарга 7,5 миллион сомун алдатып жибергени кабарланган.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдиргендей, 6-ноябрда жабырлануучу милицияга кайрылып, өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК), Улуттук банктын жана Антикоррупциялык кызматтын кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар аны 7,5 миллион сом которууга ишендирип, акчасын алдап кеткенине даттанган. Бул ишке шектелип эки киши кармалды. Учурда тергөө уланууда, милиция схеманын башка катышуучуларын аныктап жатканын маалымдады.
Соңку жылдары интернет шылуундар жарандардын ишенимине кирип, алардын атынан насыя алган учурлар көбөйгөнү айтылып келет.








