Медайымдардын жоопкерчилиги жана бейтаптардын коопсуздугу

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы буйрук чыгарды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы буйрук чыгарып, андагы негизги талаптардын бири катары инъекцияны дарыгердин гана дайындоосу менен жүргүзүү керектиги жазылган. Медицина тармагында мындай эрежелер буга чейин эле каралган. Бирок соңку жылдары бейтаптардын өтүнүчү менен атайын медициналык көзөмөлсүз ийне сайган учурлар көбөйүп, коркунучтуу кесепеттер менен аяктаган учурлар дагы болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин март айында чыккан буйругунда кол жана мөөрү коюлган медициналык документти жок кайрылган бейтаптарга ийне сайбоо талабы так көрсөтүлгөн.

Документте дары-дармектердин коопсуз колдонулушун кепилдөө үчүн инъекцияларды жасоонун белгиленген тартиби дагы так сакталышы керек экени жазылган.

Жогорку сапаттагы дарылоону камсыз кылуу, бейтаптардын ден соолугуна болгон тобокелдиктерди азайтуу үчүн терапия дайындоодо клиникалык көрсөтмө, протоколдорду жана дарылоо стандарттарын так аткаруу милдеттендирилген.

"Учурда медайымдарды даярдайбыз деген жарнамалар көбөйдү. Алар бир-эки айлык курстардан өтө калып эле ийне сайып киришет. Айтор башаламандык болуп кетти. Үйдөн сайып жиберип, өлүм менен аяктап жатканы канча. Негизи баардык инъекциялар дарыгердин сунушу менен гана сайылышы керек",- деди Медайымдар бирикмесинин жетекчиси Айзат Асанова.

Асанова медайым болуу үчүн медициналык окуу жайда кеминде үч жылдык билим алуу зарылдыгын белгилеп, бул кесип ээлери дайыма билимин өркүндөтүп турушу керектигин кошумчалады.

"Маселен, мамлекеттик мекемеде иштегендер өмүр бою билимин жогорулатып турат. Жыл сайын 36 сааттан окуйт. Жогорку билимдүү болсо 50 сааттан окуп, ар бир беш жыл сайын квалификациясын тастыктап турууга милдеттүү",- деди ал.

Адис соңку жылдары антибиотикалык дарыларга болгон аллергиялык реакциялар күч алып жатканын айтып, кыргызстандыктардын өз алдынча дарыланууга болгон көнүмүш адатын мисал келтирди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Биздин эл дарыгерге көрүнбөй эле ийне ала берет. Анан медайымга келип "мага ийне сайып бериңиз, дайыма колдонуп жүргөн дарыларым" деп киришет. Бирок бул өтө кооптуу. Министрликтин буйругу убагында жаңыланды жана анын так сакталышы керек",- деди ал.

Аталган буйруктун эң негизги бөлүгү, медайымдардын ишин кыйла жеңилдетүүгө багытталган.

Эми алар ийне сайдырганы келген ар бир бейтапты журналга кол менен каттап отурбай, баары электрондоштурулат экен.

"Электрондоштуруу көп убакытты сарамжалдайт. Эгерде бардык маалыматтар бир базага киргизилсе дарылардын орто жолдон жоголушу жана бейтапка жетпей калышы сыяктуу көйгөйлөр азаят",-деди адис.

Ошондой эле ал инъекция учурунда күтүүсүз реакция үчүн дарыгер менен медайымдын жоопкерчилигине токтолду.

Айтымында, медайым бейтапка өз алдынча дары-дармек сунуштап же уруксаты жок инъекция жасоого укуксуз.

"Эгерде бейтап дарыгердин көрсөтмөсү менен келип инъекция алып, күтүүсүз реакция болуп кетсе, анда медайым стандарттарды так сактаганбы же жокпу деген маселе көтөрүлөт. Мисалы, дары куюу учурунда венаны жарып алган жокпу? Ал кандай куюлду? Бул сыяктуу учурлар медайымдын жоопкерчилиги болуп саналат. Инъекциянын жалпы натыйжасы жана бейтаптын абалына байланыштуу жоопкерчилик дарыны жазып берген доктурга жүктөлөт. Бирок эгерде медайым дарыгердин көрсөтмөсү жок эле өз алдынча же бейтаптын өтүнүчү менен ийне сайса, анда бул анын жеке жоопкерчилиги болуп эсептелет. Мындай учурда мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт",- деди Асанова.

Анафилактикалык реакция

2024-жылы өлкө боюнча 15 анафилактикалык реакция катталган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Расмий маалыматтарга ылайык, 2024-жылы өлкө боюнча 15 анафилактикалык реакция катталып, алардын ичинен үч учур адам өмүрүн алган.

Эки бейтап цефтриаксон антибиотигине, бири кетоналга реакция болгон.

Эки бейтапка дарылар доктурдун көрсөтмөсү боюнча берилсе, бир бейтап инъекцияны өз алдынча жасаткан.

Дарыгерлердин айтымында, анафилактикалык реакция оор абал болуп саналат жана адамдын өмүрүнө коркунуч жаратат.

Анафилактикалык реакциянын негизги белгилери:

  • Тери кызарып, кычышат;
  • Бет, тамак шишип, дем алуу кыйындайт;
  • Кан басым түшүп, баш айланып, алсыроо мүмкүн;
  • Жүрөк тез согуп, эс-учун жоготот;
  • Өпкө кысылып, дем жетпей калат;

"Дүйнөлүк статистика боюнча мындай учурлар 6000 кишинин биринде катталат. Көпчүлүк учурда, эгер тез жана туура жардам көрсөтүлсө, бейтапты сактап калууга мүмкүн. Бул жерде негизги маселе, дем алуу органдарына, жүрөк-кан тамыр системасына колдоо көрсөтүү. Бир мүнөттүн ичинде туура чара көрүү абдан чоң роль ойнойт",- деди Саламаттык сактоо министрлигинин Дарыларды жана медициналык буюмдарды каттоо бөлүмүнүн башчысы Мирбек Нышанбаев.

Ошондой эле ал антибиотиктерди инъекциялоонун алдында жүргүзүлүүчү сыноо ыкмасы адамды анафилактикалык реакциядан толук коргой албастыгын баса белгиледи. (VO)