Нью-Йоркту биринчи жолу мусулман мэр башкарат

Сүрөттүн булагы, Reuters
Демократиялык партиянын талапкери Зохран Мамдани Нью-Йорк шаарынын мэрин шайлоону жеңип чыкты. 4-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгы менен 34 жаштагы Мамдани АКШдагы эң чоң шаардын алгачкы мусулман мэри болуп калмакчы.
Өзүн демократиялык социалист деп сыпаттаган талапкер миллионерлерге салыкты көбөйтүү сыяктуу дымактуу программасы менен алдыга суурулуп чыга алды.
"Ушундай караңгы мезгилде Нью-Йорк жарыктын шооласы болот", - деди Мамдани шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин. Ал өз сөзүндө АКШнын президенти Дональд Трамптын саясатын дагы бир жолу сынга алды.
Буга чейин Трамп эгер шайлоодо Мамдани көз карандысыз талапкер, Нью-Йорктун мурдагы губернатору Эндрю Куомону жана республикачылардын талапкери Кертис Сливаны жеңип чыга турган болсо, бул шаарга берилүүчү федералдык каражаттарды токтоторун эскерткен.
4-ноябрда Виргиния жана Нью-Жерси штаттарынын губернаторун да шайлоо өттү. Алдын ала жыйынтыктарга ылайык, анда демократтардын талапкери алдыга озуп чыкты.
Зохран Мамдани деген ким?
Хип-хоп аткаруучу жана турак жай маселелери боюнча консультанттан баштап Нью-Йорк штатынын Ассамблеясынын мүчөсүнө чейин, андан кийин АКШдагы бюджети 116 миллиард долларга жеткен ири шаардын башчылыгына шайлоого катышып, фаворит болуп, акыры шайлоону жеңип чыккан Мамданинин жылдызы мынчалык жанарын мындан бир нече ай мурун элестетүү мүмкүн эмес эле.
Теги түштүказиялык Мамдани өзүнүн шайлоо кампаниясын Демократиялык партиянын азыркы жетекчилигинен жана саясатынан көңүлү калгандарды өз тарабына тартууга аракет жасап, негиздеди. Бул анын коомдук сайттарды чеберчилик менен колдоно алгандыгы менен мүмкүн болду.
Ал шайлоо программасында айтылган "миллионерлер үчүн салыктан" түшкөн каражаттар аркылуу социалдык программалардын чыгымын жабууну убада кылган.
Мындай саясат демократтардын сол канатынынын лидери Берни Сандерс жана Александриа Окасио-Кортеске мүнөздүү, Мамдани шайлоо алдындагы иш-чараларда алар менен чогуу жүрдү.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Шайлоо өнөктүгүнүн өзгөчөлүгү
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Шайлоо алдындагы сурамжылоолор шайлоочулардын 40% Мамданиге ишеним артып жатканын көрсөткөн.
Демократиялык партиянын өкүлү, Нью-Йорктун мурунку губернатору 67 жаштагы Эндрю Куомого шайлоо алдындагы ишеним 34% түзгөн. Куомо Демократиялык партиянын ичиндеги праймеризде же талапкерлер арасындагы ички шайлоодо Мамданиге жеңилип калганы үчүн шайлоого көз карандысыз талапкер катары катышкан. Эндрю Куомо губернатор кызматынан жыныстык тийишүүгө байланыштуу айыптоолордон улам кетүүгө аргасыз болгон. Бирок ал өзү мындай айыптоолорду четке кагып келет.
Республикачылдардын талапкери 71 жаштагы Кертис Слива Нью-Йорктун тургундары арасында кылмыштуулукка каршы күрөшүүчү ыктыярчы Guardian Angels күзөт кызматын негиздегени менен белгилүү. Ага шайлоочулардын ишеними 24% түзгөн.
Буга чейин шаарды башкарып келген Эрик Адамс жарышынан баш тарткан.
Мамданини Демократиялык партиянын дөө-шаалары колдоп чыкты. Мисалы, Өкүлдөр Палатасындагы демократтардын лидери Хаким Жеффрис, мурунку вице-президент Камала Харрис жана Нью-Йорктун азыркы губернатору Кэти Хочул Мамданиге сүрөөнчүлүк кылышты.
Ишемби күнү Мамдани АКШнын мурунку президенти Барак Обама менен жарым саат телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу "Нью-Йорк Таймс" өз булактарына шилтеме берип жазып чыкты. Ага ылайык, алар шайлоодо жеңиш камсыздалса, жаңы администрациянынын түзүмүн түптөө, Мамданинин жеткиликтүү турак жай боюнча программасын кантип ишке ашырса болот деген өңдүү маселелерди талкуулашкан.
Обама буга чейин Мамданинин талапкерлигин ачык колдой элек болчу. Бирок анын телефон чалгандыгын тууралуу маалымат маанилүү саясий сигнал катары кабылданган. Себеби, Демократиялык партиянын ичиндеги саясий истеблишменттин Мамданинин талапкерлиги боюнча пикири эки ача, ал эми Обаманын партия ичиндеги ролу мурункудай эле жогору.











