Путин: жөнөкөй курал деле Орусияга чоң коркунуч, ага өзөктүк курал менен жооп кайтарабыз

Путин Орусияга эле эмес, Беларуска да көңүл бурду

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин Орусияга эле эмес, Беларуска да көңүл бурду

Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин Орусиянын өзөктүк курал боюнча доктринасы өзгөрүлөрүн кулактандырган эле. Эми эмне өзгөрө турганын кеп кыла баштады. Москва "өзөктүк курал менен жооп кайтарылат" деген тизмени кеңейтет. Жөнөкөй эле курал дагы Орусиянын суверенитетине "коркунучтун жеткен чеги". Анда эле өзөктүк курал менен жооп кайтарууга негиз болот деп жарыялады.

Путин өлкөнүн өзөктүк доктринасынын өзөктүк куралды колдонуу бөлүмүнө бир катар тактоолорду киргизүү сунушталганын билдирди.

Ушул жылдын 7-июлунда Петербург экономикалык форумунда сүйлөп жатып, Путин өзөктүк доктринага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жокко чыгарган эмес. Ошол эле учурда азырынча өзөктүк куралды пайдаланууну "ойлонууга да негиз жок" деген эле.

25-сентябрда Путин Орусиянын Коопсуздук кеңешинин өзөктүк куралды колдонуудан кармануу боюнча туруктуу кеңешмесинде сөз сүйлөдү. Кремль анын кириш сөзүн жарыялады.

Орусия агрессия учурунда өзөктүк куралды пайдалануу укугун өзү тескейт. Анын ичинде душман жөнөкөй эле куралды колдонуу менен "коркунучтун жеткен чегине" жеткирип коёт.

Путин документтин жаңыртылган редакциясында кайсы гана өзөктүк куралы жок мамлекет болбосун "өзөктүк куралы бар мамлекеттин катышуусунда же анын көмөгү менен" Орусияга каршы агрессия кыла турган болсо, андайды биргелешип алып Орусияга кол салуу катары кароо сунушталганын билдирди.

Анын сөзүнө караганда, өзөктүк доктринанын жаңыртылган долбоорунда өзөктүк куралды колдонуудан кармануу маселеси боюнча аскердик жактан союздардын жана мамлекеттердин категориялары кеңейтилет.

Орусия тарапты көздөй аба-космостук каражаттардын чабуулу башталганы тууралуу маалымат такталса, ага өзөктүк курал менен жооп кайтарылат деп эскертти Путин.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Беларуска агрессия болгон учурда дагы Орусия өзөктүк куралды колдонуу укугуна ээ деп кошумчалады ал.

Ракеталардын жана учкучсуз учактардын массалык чабуулу башталып, чек арадан өткөнү тууралуу такталган маалымат түшсө, Орусия өзөктүк куралды колдонуу жөнүндөгү маселени карай алат.

Путин Орусиянын аскер доктринасына тактоолорду киргизүү коркунучтун олуттуулугуна төп келет жана туура деп баса белгиледи.

"Өзөктүк күчтөрдү пайдалануу маселесине Орусия ар дайым өтө жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик менен мамиле кылып келген, бул мамлекеттин суверендүүлүгүн коргоо маселесиндеги эң акыркы чара",- деген сөзүн "РИА Новости" басылмасы жазып чыкты.

ТАСС агенттиги Путин Коопсуздук кеңештин өзөктүк куралды колдонуудан кармануу боюнча туруктуу кеңешмесин биринчи жолу ачык өткөрдү деп белгиледи.

Путиндин билдирүүсү Батыш мамлекеттери Украинага Орусиянын аймагына ыраактан сокку ура турган куралдарын пайдаланууга уруксат береби деген талкуу жүрүп жаткан учурга туш келди. Буга чейин Путин эгерде куралдарга уруксат бериле турган болсо, Орусия ага кескин түрдө жооп кайтара турганын убада кылган.

Киев Батыш берген ири куралдарды толук кандуу пайдаланууга уруксат сурап келе жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Киев Батыш берген ири куралдарды толук кандуу пайдаланууга уруксат сурап келе жатат

Ал 12-сентябрда эгерде НАТО өлкөлөрү Орусиянын аймагына сокку ура турган куралдарды пайдаланууга Киевге уруксат бере турган болсо, анда ал өлкөлөр Украинадагы согушка түздөн-түз аралашты дегенди түшүндүрөт деп билдирген.

"Мындай алганда бул ракеталык системалардын коё берилишин НАТО өлкөлөрүнүн аскер күчтөрү гана жөндөй алат. Украиналык аскерлер аны кыла албайт. Ошондуктан куралдарды пайдаланууга уруксат берүү же бербөө тууралуу эле сөз болуп жаткан жери жок. Сөз НАТО өлкөлөрү аскердик конфликтке тикелей катышабы же жокпу деген маселе тууралуу болуп жатат",- деген эле Путин.

ТАСС агенттиги Путин Коопсуздук кеңештин өзөктүк куралды колдонуудан кармануу боюнча туруктуу кеңешмесин биринчи жолу ачык өткөрдү деп белгиледи

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ТАСС агенттиги Путин Коопсуздук кеңештин өзөктүк куралды колдонуудан кармануу боюнча туруктуу кеңешмесин биринчи жолу ачык өткөрдү деп белгиледи

Украина союздаштарына кайрылып, алардын ракеталары менен Орусиянын ичкери аймагына сокку уруугу уруксат алууга аракет кылып келе жатат. Бул тууралуу учурда АКШга сапар менен барган Владимир Зеленский такай айтып келе жатат.

Ак үй жана Киев Зеленский менен Байдендин жана вице-президент Камала Харристин жолугушуусу тууралуу кулактандырды. Массалык маалымат каражаттары болсо ошол жолугушуудан кийин батыштын ракеталары менен Орусиянын аймагына карай сокку уруу маселеси боюнча кандайдыр бир чечим жарыяланышы мүмкүн деп күтүп жатат.

Путиндин 25-сентябрдын кечиндеги бул сөзүнө Украин тараптан Михаил Подоляк комментарий берди.

"Ал киши үч күндүктү баштады, биз аны шакабалап ушундай деп айтабыз, "үч күндүк атайын аскердик операция", бүгүн болсо колундагы титиреген кагаздан буларды окуп жатат: карагыла, эгер бул согушту конвенцияланган курал менен провокация кыла турган болсо, анда биз өзөктүк куралы жок мамлекетке каршы өзөктүк курал колдонобуз деп жатат. Бул эми деңгээлдин түпкүргө түшүп кеткени",- деди Подоляк. Ал муну украин телемарафону учурунда ("Интерфакс-Украина" агенттигиндеги цитата) айтты.

"Орусия Федерациясы мындан аркы согушта эмне болорун, кандай уланаарын, кантип токтотоорун такыр түшүнбөгөнүнүн айдан ачык белгиси",- деп кошумчалады ал.