Мурда Голливуд үчүн душман болгон жасалма интеллект азыр "Оскар" алган тасмаларды жаратууда

оскар

Сүрөттүн булагы, FilmMagic

Үнсүз кинонун жылдыздары Чарли Чаплин менен Мэйбл Норманд тасмага тартылган павильондун ичинде Голливуддун продюсерлери, актерлору жана режиссерлору коктейль ичип, жасалма интеллектин жардамы менен жаратылган видеого суктанып турушту. Аны айрымдар үндүү кино пайда болгондон бери эң чоң жаңылык деп аташууда. Бирок жасалма интеллект кинонун келечегиби же соңубу деген суроого жооп берүү азырынча эрте.

Эки жыл мурун актерлор жана сценаристтер жасалма интеллекттен коргоону талап кылып Голливудда иш ташташкан. Азыр талаш-тартыш жараткан бул технология телеберүүлөрдү, тасмаларды жана видео оюндарды жаратууда кеңири колдонулууда. Бул жылы "Оскар" сыйлыгына ээ болгон эки тасмада дагы жасалма интеллект колдонулган.

Диджей 90-жылдардагы хип-хопту коюп жатканда программисттер актерлор жана жетекчилер менен жайбаракат сүйлөшүп турушту. Бул тармактагы таасирдүү фигуралардын өзгөрүшүнүн символу болуп калды.

Кеченин уюштуруучусу жана Moonvalley компаниясынын түзүүчүлөрүнүн бири Брин Музер Голливудда "жасалма акылды" колдонуудан качуу мүмкүн эместигин айтууда. Компания Marey деген аталыштагы сүрөт генераторун иштеп чыккан жана ал кадрларды авторлордун уруксаты менен гана пайдаланат.

Музердин пикиринде, "жасалма интеллект" деген сөз айкашы кээ бири үчүн ыплас болсо да, алардын өнүмдөрү таза, себеби колдонгон контент үчүн акы төлөшөт.

Ал көркөм сүрөтчүлөр жасалма интеллекти колдонуу боюнча талкууларга катышуусу керек деп эсептейт.

"Ири технологиялык компаниялар баарын тебелеп кеткенге жол бергенге караганда кинематографисттер үчүн ылайыктуу инструмент иштеп чыгып берүү алда канча жакшы", – деп кошумчалады Музер.

Голливуд тасмаларында жасалма акыл көбүнчө "кара санатай, шумпай" катары сүрөттөлөт. Мисалы "Терминатордо" америкалык аскерлер колдонгон жасалма интеллект жандыктын баарын жок кылууну чечкенин көрүүгө болот.

терминатор

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бирок чыныгы жашоодо технологиянын өзүнө эмес, аны иштеп чыккандарга сын айтылууда. Компаниялар жасалма акыл моделдерин үйрөтүү үчүн интернеттеги ачык маалыматтарды колдонушат. Анын ичинде автордук укук корголгон материалдар да бар. Ал эми оригиналдуу контент жараткандар болсо эмгектери уурдалып жатканын ырасташууда.

Жазуучулар, актерлор жана маалымат агенттиктери OpenAI, Google жана башка технологиялык компанияларды сотко берген учурлар бар. Алар жасалма акылды үйрөтүүдө маалымат айдыңындагы эмгектерди уруксатсыз колдонууга айыпталып жатат.

Сценаристтер да эмгектерди Paramount, Disney жана Universal сыяктуу киностудиядар уруксатсыз пайдаланууда деп күнөөлөп жүрүшөт. Бирок эч ким сотко жете элек.

"Биз баарыбыз автордук укук жөнүндө мыйзамдар үчүн күрөшүп келдик. Эч ким өз эмгеги башкалардын пайдасы үчүн уурдалганын каалабайт", – дейт Музер.

дисней

Сүрөттүн булагы, AFP

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Голливуд жаңы технологияны өздөштүрө баштады. "Оскарга" көрсөтүлгөн "Эмилия Перес" жана "Бруталист" тасмаларында жасалма интеллектти үн өзгөртүү үчүн колдонушкан. Эдриен Броуди "Бруталистте" венгер тилинде сүйлөгөнүнө карабастан эң мыкты эркек актердун ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын жеңип алды.

Жасалма интеллект Том Хэнкс менен Харрисон Форд сыяктуу актерлорду кадрда жашартуу үчүн да колдонулду.

Бул технология дээрлик бардык жерде колдонулуп жаткандай. Марттын башында OpenAI Лос-Анжелесте жасалма интеллектин жардамы менен тартылган тасмалардын фестивалын уюштурду. Marvel студиясынын режиссерлору Жо жана Энтони Руссо Wall Street Journal гезитине маек куруп, кино жаратуучулар үчүн жасалма интеллект куралдарын иштеп чыгууга 400 миллион доллар инвестиция салууну пландап жатканын айтышты.

Бирок жасалма интеллект көңүл ачуу индустриясынын болочогуна кандай таасир тийгизерин азырынча так айтуу кыйын.

Көптөгөн адистер бул технология кеңири колдонула баштаса, алардын иши керексиз болуп калат деп коркушат. Анткени жасалма интеллект азыр сценарийлерди жазууда, анимация, декорация, үн, ал тургай актерлордун да моделдерин жаратууда колдонула баштады.

Эгерде OpenAI компаниясынын ChatGPT чат-ботуна "Голливудда кайсы кесиптерди жасалма интеллект оңой эле алмаштыра алат" деп сурасаңыз, "массовкага катышкан актерлор" деген жоопту аласыз. ChatGPT пикиринде, атактуу актерлер жана режиссерлер үчүн анчалык коркунуч жок. Себеби жылдыздардын таасири жана бренддин таанымалдыгы аларды жасалма интеллектке да алмашкыс кылат.

Компьютердик инженерлер актёрлор менен баарлашып жаткан учуру

Сүрөттүн булагы, Courtesy of Joelle Grace Taylor for Asteria

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Компьютердик инженерлер актёрлор менен баарлашып жаткан учуру

Голливудда жасалма интеллекти киргизүү Трамптын администрациясы АКШ үчүн жаңы ЖИ планын даярдап жаткан мезгилге туш келди. Технологиялык компаниялар автордук укук жөнүндө азыркы мыйзамдар Кытай менен атаандашууга тоскоолдук жаратып жатканын, жасалма акыл моделдерин үйрөтүү үчүн "Микки Маустан" тарта "Моана" жана "Матрицага" чейинки тасмаларды эркин колдонууга муктаж экенин айтышат. Бул улуттук коопсуздук маселеси.

Google жана OpenAI АКШ өкмөтү автордук укук менен корголгон тасмаларды жана телеберүүлөрдү жасалма интеллекти үйрөтүү үчүн "ак ниеттүүлүк менен пайдаланууга" уруксат бериши керек деп эсептешет. Болбосо бул тармактагы жарышта Кытайдан жеңилип калуу коркунучу бар экенин белгилешет.

Голливуддун кинематографисттери болсо технологиялык компанияларды АКШда 2.3 миллионго жакын жумуш ордун камсыз кылган көңүл ачуу индустриясын талкалоого аракет кылып жатат деп айтыпташууда.

Актриса жана сценарист Наташа Лионн баштаган төрт жүздөн ашык Голливуд жылдызынын Трампка жолдогон ачык катында "Америка жасалма акыл боюнча дүйнөлүк лидерликке чыгармачыл индустриянын эсебинен жетпеши керек деп эсептейбиз" деп жазылган.

Катка Бен Стиллер, Пол Маккартни, Кейт Бланшетт жана "Матрица" фильминин авторлорунун бири Лилли Вачовски кол койгон. Бул тасмада адамдар компьютерлер түзгөн жасалма дүйнөдө жашап жатканы, чыныгы дүйнө башка экени баяндалат.

Голливудда көпчүлүк жасалма интеллект алардын келечегин аныктап коет деп кооптонуп турат.

Марттын башында Disney Character Voices кеңсесинде ондогон актер жасалма акылды колдонуу жөнүндө келишим түзүүдөн баш тарткан видео оюн компанияларына каршы пикет уюштурган.

"Видео оюндарда чыныгы актерлорду колдонуу – бул көптөгөн драмалык көз ирмемдердин жана ырахат алуунун ачкычы. Адамдарда жасалма интеллект түшүнө албаган турмуштук тажрыйба бар", – деген эле актер Макканн.

Актерлор жасалма интеллект моделдерин үйрөтүүдө алардын үнүн жана образын уруксатсыз колдонууга жол бербей турган, ошондой эле келечекте алардын ордун толук алмаштыруудан сактай турган келишимге жетүүнү көздөп жатышат.

Музердин ырасташынча, эгер баары туура жасалса, жасалма интеллект кинематографисттерге сонун чыгармаларды жаратууга мүмкүндүк берет.

"Караңызчы, бул технологиялар бардык жерде болот деп айткыбыз келет. Келгиле, анын туура колдонулушу, ошондой эле чыгармачыл адамдарды ири компаниялар тебелеп кетпеши үчүн бардык күчүбүз менен күрөшөлү", - деп белгилейт Музер.