Тарых: миңдеген үй, ондогон чиркөө күйгөн. Лондонду күлгө айланткан чоң өрт

MUSEUM OF LONDON

Сүрөттүн булагы, MUSEUM OF LONDON

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, MUSEUM OF LONDON

Британ илимпоздору ошол алоолонгон өрт коркунучун ким биринчи билдирип, чуулу кабар бергенин аныкташты.

2-сентябрда Лондонду жалмаган чоң өрткө 357 жыл толду, өрт ошол кездеги чоң шаарды дээрлик толугу менен жок кылган. Бул датага карата британ окумуштуулары маанилүү деталдарды таап чыгышты. Ал Томас Фарринердин наабайканасынан өрт чыкканда коңгуроо кылган адамдын аты-жөнү.

Бирок андай аракет көп деле жардам берген эмес болчу: Фарринердин үй-бүлөсү аман калганы менен, бүтүндөй шаар күйүп кеткен.

Улуу өрт 1666-жылдын 2-сентябрына караган түнү Темза дарыясынын жанындагы, ошол кездеги Лондондун чыгышында, Пуддинг-Лейндеги Фарринердин үйүндө башталган.

Кийинки төрт күндүн ичинде өрт Темза дарыясын бойлой эки жарым километрге жана анын жээгинен бир чакырым ичкериге созулуп, дээрлик бүт шаарды кыйратты. Ошондо он үч миң эки жүз үй өрттөнгөн (негизинен кургак жыгачтан курулган үйлөр), сексен жети чиркөө, анын ичинде эски Ыйык Павел собору күйүп, жүз миңге жакын адам үй-жайсыз калган.

Улуу өрт узакка чейин Лондонун эсинде калды. Андан кийин курулган көптөгөн имараттар дагы эле борбор шаардын жүзү болуп келет.

Катуудан казан, жумшактан күл калгандай өрттөнгөн

Сүрөттүн булагы, MUSEUM OF LONDON

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Катуудан казан, жумшактан күл калгандай өрттөнгөн

Фарринердин наабайканасы турган жерден бир канча метр аралыкта Улуу Өрттү эскерүү колоннасы – “Монумент” орнотулган.

Ошол өрт тууралуу эң таң калаарлык фактылардын бири, мындай ири кырсыкта расмий маалыматтар боюнча алты гана адам каза болгон.

Өрт Фарринердин наабайканасынан чыкканы баарына белгилүү. Бирок эмне себептен өрт чыкканы, тескерисинче, белгисиз бойдон калууда. Өрттү ким биринчи көргөнү тууралуу ушул маалга чейин маалымат аз болгон.

Ошол кездеги депутаттардын бири өрттү “адам” – башкача айтканда, Фарринердин кызматчысы же шакирти көргөн деп жаган. Бирок анын аты ким эле?

Өрттүн очогу ушул жерде болгон
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өрттүн очогу ушул жерде болгон
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Лондон музейинин буйрутмасы боюнча Лестер университетинин профессору Кит Лавман ошол кездеги каттарды, брошюраларды жана расмий документтерди изилдеп, ал кишинин аты Томас Даггер экенин аныктаган.

Ал түтүндөн ойгонуп кетип, наабайчы Фарринерди, анын кызы Ханнаны жана кээ бир маалыматтар боюнча уулу Томасты (окуядагы үч эркек кишинин аты тең Томас болгон) ойготуп, алар күйүп жаткан үйдүн үстүнкү кабаттагы терезесинен чыгып кетишкен.

Ушул убакка чейин Фарринерлерди куткарган кызматчынын аты-жөнү так эмес болчу, бирок профессор Лавман анын атын кийинки документтерден да тапкан, ал жерде Томас Даггер дагы эле Фарринердин үй-бүлөсү менен бирге кездешет. Кийинчерээк ал өзүнүн наабайканасын ачкан.

1666-жылдагы Улуу Өрт Лондонду кандайча өзгөрттү?

Шаарда жыгачтан үй курууга тыюу салынган

Ар бир чиркөө өрткө каршы шаймандарды сактоого милдерттендирилген.

Күйүп кеткен эски собордун ордуна архитектор Кристофер Рен куполдуу жаңы Ыйык Павел соборун курган, ал азыркыга чейин шаардын көрүнүктүү жерлеринин бири бойдон калууда.

Кристофер Рендин жалпы жетекчилиги астында элүү эки чиркөө, отуз алты цехтин (кесиптик бирикмелер) имараттары жана “Монумент” - өрттү эскерүү колоннасы курулган. (DO)