Ишкер: Тоок бизнесин контрабанда курутуп жатат...

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Ишкер: Тоогубуз жегенин актабай калды. Айла жок четинен союп жатабыз...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ишкер: Тоогубуз жегенин актабай калды. Айла жок четинен союп жатабыз...

Кыргызстандагы айрым тоок чарбалары киреше кескин кыскарганын айтып коңгуроо кагууда. Алардын айтымына караганда, миңдеген тоогу бар бир топ чакан чарба ишин токтотту. Алар бул боюнча тезинен зарыл чаралар көрүлбөсө, тоок этин жана жумуртканы сырттан сатып алуу көз карандылыгы ого бетер күчөйт деп жатат.

Ишкер айым Нургүл жөжөлөрдү сатып алып, карап чоңойтот. Анын көздөгөнү жөжөсү тоок болуп, жумуркасынан пайда көрүү.

Бирок, бул жылы жемдин кымбаттыгынан улам тооктор жеген жемин актабай жатыптыр. Ишкер жумуртка тууй турган тоокторду аргасыз сойдуруп жатканын айтып берди.

Ишкер: Биз багып, түмөн-түйшүгүн тартканыбыз менен аткезчилик менен келген жумуртка жайнап кетет...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ишкер: Биз багып, түмөн-түйшүгүн тартканыбыз менен аткезчилик менен келген жумуртка жайнап кетет...

 “Тоют маселеси өтө курч турат. Бир тоок бир күндө 4-5 сомду жеп коёт. Тоок күнүгө эле тууй бербейт. Санай келсек өтө арзан сатып жатабыз. Бүгүнкү күндө өзүбүздү өзүбүз актабай дагы калдык. Бул бүгүн эле эмес, январь айынан бери ушундай болуп жатат”,- деди ишкер Нургүл Малабаева.

Жемдин ичинен жүгөрүдөн башкасы сырттан ташылат экен. Украинадагы согуш, Орусиянын дан сатууга киргизген чектөөлөрүнөн улам бул боюнча көйгөй күчөдү.

Агрардык өлкө деген Кыргызстан өзүн жумуртка менен толук камсыздай албай келет...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Агрардык өлкө деген Кыргызстан өзүн жумуртка, тоок эти менен толук камсыздай албай келет...

Ишкер айым аларды жарга такаган дагы бир жагдай - жумуртканы чет өлкөдөн аткезчилик менен ташып келүү дейт. Министрлик бул боюнча кабарыбыз бар деди. 

“Маалыматым бар, маалыматым эле эмес, айыл-чарба министринин орун басарынын колу менен биргелешкен комиссия түзгөнбүз. Санитардык кызмат, ветеринардык кызмат барып кампаларды текшерүүгө тыюу салынган. Азыр мыйзамдарга өзгөртүү киргизип жатабыз. Буюрса бул мыйзамдарга парламенттин макулдугун алар жайкы тыныгууга чыгып кеткенге чейин алабыз деп жатабыз”,- дейт айыл чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаев.

Ишкерлер аткезчилик менен жумуртка кантип ташылып, кайда кетип жатканын жакшы билебиз дейт. Алар жумуртка аткезчилиги тыйылганча дагы канча жумуртка тымызын ташылып, канча тоок союлуп кетээрин билбей баштары катууда.

Азык-түлүк кымбаттады, эттин бааасы асмандады деп жаткан учурда жумуртка көп бүлө үчүн огожо азык.

Кыргызстан өзүн жумуртка менен 45 пайыз гана камсыздайт. Калганы ташылат. Ошондон улам эл арасында жасалма жумуртка жеп калдык деген ишенбөөчүлүк күч. 

Жумуртка азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн да тизмеге кошулган маанилүү азык
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жумуртка азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн да тизмеге кошулган маанилүү азык