Зеленский саммитке бут тосууда деп Россия менен Кытайды айыптады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украинанын президенти Владимир Зеленский Швейцарияда боло турган глобалдык тынчтык саммитин үзгүлтүккө учуратууга аракет кылууда деп Россия менен Кытайды айыптады. Анын айтымында, Москва менен Пекин башка мамлекеттерди саммитке катышуудан баш тарттырууга аракет кылууда.
Коопсуздук боюнча Азия форумунда сүйлөп жатып, ал ошондой эле "орустардын курал-жарак элементтери" Кытайдан келип жатканын айтты.
Кытай Украинадагы согушта эки тарапты тең колдобой турганын айтууда, бирок батыш өлкөлөрү, биринчи кезекте АКШ бул сөзгө барган сайын ишенбей баратат.
Пекин Москвага курал-жарактын компоненттерин жөнөтүп көмөктөшкөн деп айыпталууда. Ошондой эле Кытай Россиядан ири көлөмдөгү мунай жана газды сатып алып жатканы Батыштын санкцияларынын таасирин азайтуу үчүн Россиянын экономикасын колдоо катары каралууда.
Зеленский Сингапурдагы Шангри-ла диалогунда күтүлбөгөн жерден пайда болду, ага АКШнын коргоо министри Ллойд Остин жана Кытайдын коргоо министри Донг Дзюнь баш болуп, дүйнө өлкөлөрүнүн коргоо түзүмдөрүнүн башчылары катышты.
Зеленскийдин бул жыйынга келген максаты - Азия өлкөлөрүнөн колдоо алуу. Аймактык лидерлер менен жолугушуудан тышкары, ал делегаттарды июнь айынын аягында өтө турган тынчтык саммитине катышууга үндөдү.
Зеленский саммиттин күн тартибиндеги негизги маселе өзөктүк жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле Россияда кармалып турган туткундарды жана украин балдарды бошотуу жөнүндө болот деп билдирди.
Анын айтымында, азырынча 106 өлкө саммитке жогорку даражалуу өкүлдөрүн же лидерлерин жөнөтөрүн билдиришти.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Россия чакырылган эмес, ал эми Кытай катышпайт.
Россияга расмий чакыруу берилген жок, анткени Москва катышууну каалабай турганын Швейцарияга алдын ала билдирген деп түшүнүүдө Би-Би-Си.
Зеленский Россия айыл чарба, химиялык жана энергетикалык жүктөрдү блокада менен коркутуп, өзүнүн таасири бар өлкөлөргө кысым көрсөтүү менен саммитти бузууга аракет кылып жатат деп билдирди.
Айрым өлкөлөр болсо бул "дипломатиялык бут тосууга" салым кошууда.
Ал өзүнүн сөзүндө Кытайды дагы атап, жогорку деңгээлдеги өкүл жиберүүнү убада кылган АКШдан айырмаланып, башкаларды катышпагыла деп чакырып, саммитке каршы иштеп жатканын айтты.
Анын айтымында, Россия "Кытайдын аймакка болгон таасирин" жана дипломаттарды колдонуп, "тынчтык саммитин үзгүлтүккө учуратуу үчүн бардыгын жасоодо".
"Кытай сыяктуу чоң, көз карандысыз жана күчтүү өлкө Путиндин колунда курал болуп калганы өкүнүчтүү".
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги конференцияны "Россия менен Украина бирдей таанышы керек" жана алардын тең укуктуу катышуусу керек деп билдирди.
"Болбосо, тынчтыкты калыбына келтирүүдө конференция олуттуу роль ойношу кыйын болот",- деди жума күнү басма сөз катчысы.
Зеленский ошондой эле Кытайдын лидери Си Цзиньпин буга чейин ага "бул согушта сыртта болобуз жана Россияга курал-жарактан жардам бербейбиз" деп убада бергенин айта кетти.
Бирок, азыр ар кандай чалгындоо агенттиктеринин айтымында, "орус курал-жарактарынын бир бөлүгү болгон элементтер" Кытайдан келип жатат деп белгилеген Зеленский Кытайды "ырааттуу" позициясын сактоого үндөдү.
АКШ Кытайдын Россияга негизинен ок-дары, бронетехника жана ракета чыгарууга жардам берип жатканын билдирди. Россиянын микроэлектроника импортунун болжол менен 70% жана 90% Кытайдан келет.
Жекшембинин башында Кытайдын коргоо министри Донг Цзюнь украин чатагында эч бир тарапка курал бербегенин билдирди.
Ал ошондой эле алар кош максаттуу технологияларды, башкача айтканда, жарандык жана аскердик максатта колдонула турган товарларды экспорттоого "катуу көзөмөл" орнотконун айтты.
"Биз эч качан отко май куйган иш кылган жокпуз. Биз тынчтык жана диалог тарапта бекем турабыз", - деди ал өз сөзүндө.
Зеленский Сингапурдагы жыйын убагында Донг Цзюнь менен менен жолугушкан жок, бирок АКШнын коргоо министри Остин менен жолугушканын айтты. Алар Россиянын аймагында америкалык курал-жарак колдонууга АКШнын Украинага уруксат берүү чечимин талкуулашты.
Бул чечим белгилүү бир чектөөлөр менен болуп жатканы белгилүү. Бул чектөөлөрдү алып салуу өтүнүчү каралдыбы деген Би-Би-Си суроосуна, ал айыгышкан салгылашуулар жүрүп жаткан Харьков облусунун чек арасына жакын жерде HIMARS артиллериялык ракеталык системасын колдонууга Украинага уруксат бергени үчүн АКШга рахмат айтты.
«Бул жетиштүүбү? Жок»,-деди ал, Украина жооп кыла албасын билип, Россия такай ок жаадырып жаткан аба майдандары бар экенин кошумчалап. (КС)









