Улакчы кыз Бегимай
Он алты жаштагы улакчы кыз Бегимай Чүй облусунун Асылбаш айылында туулган. Ал көкбөрү оюнуна атасы жана агасынын колдоосу менен аралаша баштаган.
"Көкбөрү эркектердин оюну деп эсептелет. Менин ат минип ойногонумду көргөн айрым кишилер "сен кызсың, эмнеге үйдө отурбайсың?" дешет. Бирок мындай сөздөрдү кулагымдын сыртынан эле кетирем", - дейт ал.
Бул айылда Бегимайдан башка дагы онго жакын кыз көкбөрү оюнуна кызыгып, машыгып турушат. Би-Би-Си улакчы Бегимай тууралуу баяндайт.









