Газадагы кыйраган оорукана, тилектештик билдирген дүйнө

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Палестин бийлиги жүздөгөн адамдардын өмүрүн алды деген Газа ооруканасындагы жарылуудан кийин дүйнө жүзүндө нааразылык акциялары башталды.
Дарыгерлердин бири Аль-Ахли Араб ооруканасына урулган соккуну "кыргын" десе, экинчиси айлананын баары кыйраган көрүнүш тууралуу айтты.
Палестин бийликтери жардыруу Израилдин аба соккусунан улам болгонун билдирүүдө.
Бирок Израил армиясы муну палестиналык “Ислам жихады” тобунун ракета учуруусунун натыйжасы деп билдирди. Бул айыптоону согушчан топ четке какты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Израил армиясынын маалымат катчысы контр-адмирал Даниел Хагари биздеги далилдер муну тастыктайт деп ырастады. Ал ошондой эле жакын жердеги көрүстөндөн учурулган ракетанын туура эмес атылганын мойнуна алган Хамастын өкүлдөрүнүн телефон сүйлөшүүсү бар экенин кошумчалады. Анын айтымында, видеотасмалар Израил жооптуу эмес экенин далилдейт.
Кийинчерээк Хамастын эл аралык өкүлү Бассим Наим Би-Би-Сиге: “Бизде мынчалык ири жана агрессивдүү чабуул жасоого күч да, шарт да жок”, - деди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ливан: Бейрут
Ливандын саясий, аскерий жана коомдук уюму Хезболла шаршембиде "болуп көрбөгөндөй каардуу күндү" өткөрүүгө чакырды.
Адамдар эбегейсиз көп санда көчөлөрдөн өтүштү.
Бейруттагы АКШнын элчилигинин жанында шаршемби күнү коопсуздук күчтөрү менен демонстранттар кагылышты.
Мунун алдында шаршембиге караган түнү АКШ элчилигинин алдында нааразылык акциялары башталганда "Хезболла" топтун Газадагы ооруканага "Израил кандуу чабуул" жасады деп айыптаган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Reuters
Иордания: Амман
Иорданияда демонстрациялар уланууда, анда адамдар АКШ элчилигине чабуул коюуга аракет кылышкан.
Ооруканадагы жарылуудан кийин АКШ президенти Байдендин бул өлкөгө пландалган сапары токтотулду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Тунис: Тунис
Миңдеген адамдар Франциянын элчилигинин алдына чогулуп, айрымдары Францияны батыштагы “сионисттердин союздаштарынын” катарында деп айыпташты.
Башкалары болсо араб элдерин бирдиктүү позицияны түзүүгө чакырып жатышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Колумбия: Богота
Латын Америкасында да адамдар жөө жүрүш жасашты.
Колумбиянын баш калаасы Боготадагы демонстранттар көчөлөргө чыгышты.
Израил Колумбияга коопсуздук товарларын экспорттоону токтоткон. Анткени Колумбиянын президенти Израилдин Газаны блокадага алуусун нацисттик Германиянын аракеттерине салыштырган онлайн билдирүү жасаган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Батыш жээк: Рамалла
Шейшембиден шаршембиге караган түнү Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Рамалла шаарында демонстранттар от жагып, жолдорду жаап, полицияга таш ыргытышты.
Демонстранттарды токтотууга Палестинанын жарандык полициясы кийлигишти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Батыш жээк: Наблус
Наблуста да эл көчөлөргө чогулду.
Батыш жээктеги демонстрациялар Палестинанын президенти Махмуд Аббаска каршы элдин кыжырдануусу күч экенин даана көрсөттү. Анын күчтөрү аймактагы коопсуздукту Израил менен координациялаганы үчүн сынга кабылды.
Туркия Стамбул
Түркиянын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өттү.
Президент Режеп Тайип Эрдоган Газадагы ооруканадагы жардырууну "Израилдин эң негизги адамдык баалуулуктарды сыйлабас кол салууларынын акыркы мисалы" деп атады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түркиянын эң ири шаары Стамбулдагы Израилдин консулдугунун имаратына кирүүгө аракет кылган миңдеген демонстранттарды кууп таркатуу үчүн полиция калемпир спрейлерин жана суу бүрккөн унааларды колдонду.
Стамбул губернаторлугу беш адам кармалганын билдирди.
АКШ: Бостон
Миңдеген демонстранттар Газадагы гуманитардык кризиске кабылган палестиналык үй-бүлөлөргө тилектештик көрсөтүп Бостон коомдук китепканасынын жанына чогулушту.
Топ катуу кайтарылган Израилдин консулдугунун алдында токтоп, демонстранттар бийлеп, кыйкырып жатышты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Марокко: Рабат
Миңдеген адамдар Марокконун борбору Рабатты жөө аралап жүрүш жасашты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Митинг учурунда демонстранттар Израилдин байланыш кеңсесин жабууну талап кылышты. (DO)












