Ооганстан-Пакистан чегиндеги кандуу кагылышуу

Ооганстан-Пакистан чек арасын кайтарган талиб аскерлери.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ооганстан-Пакистан чек арасын кайтарган талиб аскерлери.

Ооганстандагы "Талибан" өкмөтү Пакистан аскерлерине бир нече ирет чабуул койгонун ырастады. Окуя Ооганстандын түндүгүндөгү тоолуу чек ара аймактарында болгон.

Талибдердин өкүлү бул чабуулду "өч алуу аракети" деп мүнөздөп, анда Пакистандын 58 аскери өлтүрүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, Пакистан бейшемби күнү Ооганстандын аба мейкиндигин бузуп, ооган аймагында жайгашкан базарды бомбалаган.

Пакистан жоготуулар тууралуу ооган талибдеринин маалыматын четке кагып, 23 жоокери каза тапканын, "200 талиб жана аларга байланышы бар террорчулар жок кылынганын" билдирди.

Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви ооган тараптын чабуулдарына эч кандай негиз болбогонун, бул окуяда жайкын тургундар бутага алынганын айтты. Ал Пакистан ыргытылган "ар бир кышка каршы таш менен жооп берет" деп эскертти.

Исламабад Кабулду өз аймагында Пакистанга кол салган террорчуларды калкалап жатат деп айыптады. Талиб өкмөтү бул айыптоолорду четке кагып келет.

Би-Би-Синин маалыматына ылайык, Кунар-Куррам аймагында эки тарап тең чакан ок атуучу жана артиллериялык куралдарды колдонушкан.

Жекшемби күнү өткөрүлгөн маалымат жыйынында "Талибандын" өкүлү Забихулла Мужахид чек арадагы соңку куралдуу кагылышууда Пакистан армиясынын 58 аскери өлгөнүн, дагы 30 чактысы жаракат алганын билдирди.

Анын айтымында, бул окуяда тогуз талиб жоокери каза болуп, 16-18 адам жаракат алган.

Пакистандын куралдуу күчтөрү 29 аскери жаракат алганын, ал эми талибдердин жана аларга "өнөктөш жоочулардын" жүздөгөн өкүлү жарадар болгонун маалымдады.

Ооганстандын тышкы иштер министри Индиядагы маалымат жыйынында "бизде Пакистан эли жана анын жетекчилиги менен эч кандай көйгөй жок" деп белгиледи. Бирок ал "Пакистандын ичинде абалды бузууга аракет кылган айрым топтор бар" экенин, "Ооганстан өз аймагын жана чек арасын коргоого укуктуу" экенин кошумчалады.

Пакистандын ички иштер министри талибдердин чабуулдарын "катуу айыптап", "ооган күчтөрүнүн жайкын тургундарга каршы ок атуусу эл аралык мыйзамдарды одоно бузууга тете" экенин билдирди.

"Ооганстан от жана кан менен ойноп жатат", – деп жазды ал X (мурунку Twitter) социалдык тармагында.

Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы эки негизги чек ара өткөрмө пункту – Торхам (түндүк) жана Чаман (түштүк) – жабылып, эки тарапта жүздөгөн жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралды.

Пакистан Ооганстан менен өткөрмө бекеттерин жапты.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пакистан Ооганстан менен өткөрмө бекеттерин жапты.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Пакистан армиясынын өкүлү "жарандардын өмүрүн жана мүлкүн коргоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөт" деп билдирди.

Пакистандын армиясы чек арадагы куралдуу кагылышуу тууралуу толук комментарий бере элек. Бирок Пакистандагы коопсуздук тармагындагы булак Би-Би-Сиге билдиргендей, Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы бир нече аймакта – Ангур Адда, Бажаур, Куррам, Дир, Читрал жана Барамча райондорунда - атышуу болгон.

Куррам районундагы чек арага жайгашкан полиция өкүлү атышуу ооган тараптан ишембинин кечинде башталганын Би-Би-Сиге айтып берди.

Өткөн жумада Ооганстандагы талиб өкмөтү Пакистанды "Кабулдун суверендүү аймагынын бүтүндүгүн бузду" деп айыптаган. Бейшемби күнү кечинде шаарда эки катуу жарылуу болгон.

Ооганстандын Коргоо министрлиги Пакистан Пактика провинциясындагы жарандык базарды бомбалаганын билдирген. Ал жердеги тургундар Би-Би-Синин ооган кызматына бир нече дүкөн кыйраганын айтып беришкен.

Пакистандын жогорку даражалуу генералы Ооганстан "Пакистанга каршы террорчулук аракеттердин базасына" айланып жатканын билдирген.

Расмий Исламабад көптөн бери ооган талибдерин пакистандык талибдерди өз аймагында аракет жүргүзүүгө уруксат берип жатат деп айыптап келет. Пакистандык талибдер Исламабаддагы өкмөттү кулатып, катаал исламдык башкарууну орнотууну көздөйт.

Ооганстандагы талиб өкмөтү мындай айыптоолорду четке кагып келет.