9-майды утурлай Москванын аэропорттору кандай иштеп жатат?

Москва

Сүрөттүн булагы, Getty Images

9-майды утурлай Москвада мобилдик байланыш, авиа билдирүүлөр көйгөйү дале уланууда. 8-майдын түнүндө Москвага украинанын дрондору чабуул койбогонуна карабай жүздөн ашуун рейс токтотулуп же убактысынан кечикти. Уча тургандар эки күндөн бери аэропортто олтурушат.

Москва региондор аралык транспорттук прокуратурасынын маалыматтарына караганда, 8-майдын таңында саат тогуздагы такталган билдирүүлөр боюнча шаардын аэропортторунда жүздөн ашуун рейстер кечикти. Мындай көйгөй уча турган рейстерде дагы, коно турган рейстерде дагы болду. Кечиккен рейстердин көбү "Внуково" аэропортунда учуп-конгондорго туура келди.

Эң эле кеминде Turkish Airlines "Внуково" аэропотуна учуп-коно турган баардык рейстерин жокко чыгарды. Анын ичинде Түркияга учуп бара тургандарын да кабыл алышкан жок. Бул тууралуу Орусиянын Туроператорлорунун ассоциациясы (АТОР) айтып берди.

"Turkish Airlines авикомапаниясынын Стамбулга карай уча турган бир гана рейси калды. Pegasus Airlines авиакомпаниясынын Антальяга карай бир рейси жана Стамбулга бир рейси калды. Кыязы ал дагы жокко чыгарылышы мүмкүн",- деп билдирди уюм.

Бул жагдай Түркиянын курортторуна дагы таасирин тийгизди. АТОР уюмунун маалыматтарына караганда, 1500дөн ашуун киши рейстер токтотулганынан улам Анталиянын отелдерине жайгаштырылды.

Орусиянын Транспорт миниситрлиги 8-майда Москва убактысы боюнча саат 18:00дө кырдаал турукташат деп убада кылды. Бирок АТОР таблолордун тизмесине караганда кырдаал 20:00гө жакын гана турукташы мүмкүн деп күтсө болот деп билдирди.

Москва

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Орусиянын транспорт министри Роман Старвойт борбор калаанын ар бир аэропортун кыдырып, алардын ишин текшерип чыга турганын убада кылды. "Шереметьево" аэропортунда "Аэрофлот" рейси жокко чыгарылган же кечиккен жүргүнчүлөр менен өз ара карым-катнаш болбогонун айтып, бардык маселелер жүргүнчүлөрдүн пайдасына чечилгидей кылып бүтүрүү боюнча тапшырма берди.

ММК тараткан кабарларга караганда, айрым жүргүнчүлөр бир суткадан ашык убакыттан бери учуп кете албай күтүп калышты. "Осторожно, новости" телеграм-каналы 36 сааттан бери Екатеринбургга жете албай жаткан аял тууралуу жазды. Ал "Внуково" жана "Домодедово" аэропортторунда күтүп турууга аргасыз болгон.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

S73741 рейсинин жүргүнчүлөрү (S7 авиакомпаниясы) "Домодедово" аэропортунан Анталияга учуп кетүү үчүн 30 саттан ашык күтүп турган. Бул тууралуу 8-майга караган түнү MSK1 телеграм-каналы жазды.

Аэропорттун басма сөз кызматы "Домодедово" аэропорту штаттык режимде иштеп жатканы тууралуу 8-май күнү күндүз билдиришти.

"Таблодо чагылдырыла турган башка дагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтар этап-этап менен калыбына келип жаткан учуулардын графиги менен байланыштуу",- деп жазылат аэропорт тараткан пресс-релизде.

Москва аэропортундагы масссалык кечигүүлөр адатта учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулдарынан улам болуп келген. Анын айынан аэропорттор учуу жана конууларды кабыл алууну убактылуу жабышчу.

Орусиянын президенти Владимир Путин үч күндүк жарашуу келишимин өз алдынча жарыялаган. Бул 8-10-май күндөрүнө туура келет.

Киев болсо үч күндүк ок атышпоо келишмин эч кандай мааниси жок экендигин айтып, согуштук аракетерди 30 күнгө токтотууну талап кылган.

Бирок 8-майга караган түнү Москва районунда жана облусунда дрондор жөнүндө эч кандай билдирүү болгон жок. Ошол эле учурда аэропорттордун жабылганы жөнүндө жаңы жарыялар дагы болгон жок.

Мобилдик байланыш

7-май күнү Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Москвада мобилдик интернеттин чектелген ишине "түшүнүү" менен мамиле кылууну суранды. Орусиянын мобилдик операторлорунун ишиндеги үзгүлтүк 5-майдан тарта эле башталган.

Журналист Фарида Рустамова эки уюлдук оператордогу булактарына шилтеме берип, мобилдик интернетти Москва боюнча жалпы шаардын аймагында биринчи жолу "өчүрүлүп" жатканын билдирди. Ошондой эле операторлор 9-май күнү күндүн биринчи жарымында мобилдик интернет эле эмес, жалпы уюлдук байланыш өчүрүлө тургандыгын күтүп жатышат.

9-майда байланышты толугу менен өчүрүү алдын ала пландалганын ВЧК-ОГПУ телеграм-каналы ("иноагент" реестрине киргизилген) билдирди.