ЖККУнун саммити аяктады, төрагалык Орусияга өттү

Сүрөттүн булагы, president.kg
27-ноябрда "Ынтымак Ордодо" Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Садыр Жапаров Кыргызстан ЖККУга төрагалык кылган бир жылдык мөөнөт ишинде аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык бекемделгенин, ондогон машыгуулар өткөнүн билдирди.
Саммитке Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон жана Беларустун башчысы Александр Лукашенко катышты.
Уюмдун төрагалыгы расмий түрдө Орусияга өттү.
Путин Орусия келерки жылы ЖККУ алкагында аскердик күчтөрдү модернизациялоо, аскердик кубатын чыңдоо маселесине өзгөчө басым жасай турганын айтты.
Анын билдиришинче, 2026-жылы "Взаимодействие", "Эшелон", "Поиск" сыяктуу биргелешкен машыгуулар уланат. Ошондой эле ЖККУнун авиациялык күчтөрүн жана абадан коргонуу системасын өнүктүрүү өзүнчө артыкчылыктуу багыт болот.
Орусия президенти коллективдүү күчтөрдү заманбап орусиялык курал-жарактар жана техника менен жабдуу боюнча кеңири масштабдуу программаны баштоону сунуштады. Аны менен катар тынчтык орнотуучу күчтөрдү колдонуу механизмдерин өркүндөтүү зарыл экенин белгилеп, жаңы антитеррордук стратегияны биргелешип иштеп чыгууну демилгеледи.
Ал ортодо Путин маалыматтык коопсуздук артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи:
"Уюмдун ишинин эң маанилүү багыттарынын бири катары маалыматтык коопсуздукту да белгилеп кетким келет. Орусия тарап жаштар арасында радикалдуу идеялардын жайылуусуна жол бербөө үчүн союздаш мамлекеттер менен тыгыз кызматташууга даяр. Жалпы маалыматтык мейкиндикти мындай коркунучтардан коргоо боюнча кошумча чараларды көрүү зарыл деп эсептейбиз".
Жамааттык коопсуздук кеңешинин кийинки жыйыны 2026-жылдын 11-ноябрында Москвада өтөт.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы болуп Кыргызстандын өкүлү Таалатбек Масадыков дайындалды.
Саммиттин жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду.
ЖККУ 1992-жылы 15-майда негизделген. Учурда анын курамында алты өлкө – Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия жана Беларус, Армения бар.
Бирок Армения Бишкектеги саммитке катышкан жок. 2024-жылы февралда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Орусия менен мамилеси кесин начарлап кеткенден кийин өлкө ЖККУдагы мүчөлүгүн токтото турганын жарыялаган. 2025-жылы Армения ЖККУга мүчө болуудан жана төлөм төлөөдөн баш тарткан.












