ИИМ Айдарбековго эмне күнөө коюуда?
ИИМ Айдарбековго эмне күнөө коюуда?
Бишкектеги №21 шайлоо округунан Жогорку Кеңешке талапкер болгон, бир нече аптадан бери мандат берилишин талап кылып жаткан Чыңгыз Айдарбековго "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен айып угузулду.
Бул айып ал тышкы иштер министри болуп турган учурга байланыштуу экенин, ага өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы тандалып алынганын ИИМ билдирди.
Анын алдында Айдарбековдун Бишкектеги үйү тинтүүгө алынганы белгилүү болгон. Мурдагы министр эч кандай мыйзам бузбаганын айтууда.



