Манчестер: синагогадагы терактта эки адам каза болду, төртөө жараат алды

Видеонун түшүндүрмөсү, Манчестердин полициясы синагога алдында

Манчестердеги синагогадагы терактта эки адам каза таап, төртөө жарадар болду. Полиция каза тапкандар жарандардын ысымын тактады, алар: 53 жаштагы Адриан Доулби жана 66 жаштагы Мелвин Кравитц. Кол салган адамга полиция ок атып, алган жараатынан улам дароо мерт кетти. Бийлик бул окуяны теракт деп айтууда.

Бейшемби күнү полиция бул кол салууга катышы бар деп үч адам кармалганын, алардын экөө 30 жаштан жогору эркектер экенин жана жашы 60тан өтүп калган бир аял экенин билдирди.

Британ полициясы Манчестердеги синагогада болгон кол салууну террордук акт деп таанып, шектүүнүн ысымын жарыялады.

Полициянын айтымында, жайкын тургундарга чабуул жасаган адам 35 жаштагы Жихад аль-Шами болуп чыкты.

"Ал сирия тектүү британ жараны"- деп айтылат билдирүүдө.

Саперлор жана робот

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окуя болгон жерге саперлор келишти

Чоң Манчестердин полиция башчысы Стивен Уотсон ал жердеги адамдар шектүүнүн синагогага киришине жол беришкен эмес.

"Синагогада кол салган маалда ичинде көп санда адамдар бар эле, коопсуздук кызматкерлери жана бул жерге сыйынганы келгендердин эрдиги жана полициянын ыкчам аракети менен шектүү имарат ичине кире албай калды",- деди полиция башчысы.

Анын айтымында, шектүү машинасы менен адамдарды жөөлөгөн, "ал жардыруучу зат бар чыптамага окшош кийимчен болгон".

Уотсон дароо полицияга кабар берген жарандарга ыраазычылык айтып, бул полициянын ыкчам жооп беришине өбөлгө болгонун айтты. Полицияга кабар берилгенден кийин шектүү киши туура жети мүнөттөн соң жок кылынды.

Окуя болгон жерде жардыруучу түзүлүштөрдү зыянсыздандыруу боюнча өзүнчө топ иш алып барган.

Күч органдары кийин окуя болгон жерде катуу добуштар боюнча түшүндүрмө берди. Шектүүнүн автомобилине кирүү үчүн коопсуздукту камсыз кылуу үчүн атайын жабдыктар колдонулган.

Окуя болгон жерде атайын даярдыктагы полициянын бөлүгүнүн SAS тик учагы да байкалган. Ал британ күч органдарынын антитеррордук бөлүгүнүн Blue Thunder аба кызматы.

Тик учакты колдонууга уруксатты өкмөттүн чукул кырдаалдал боюнча комитети берет. Ал жыйынга ошол эле бейшемби күнү күндүз чогулган эле.